Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишемби күнү машак үзүүгө болобу?

Ишемби күнү машак үзүүгө болобу?

31-бөлүм

Ишемби күнү машак үзүүгө болобу?

АРАДАН көп өтпөй Ыйса окуучулары менен Иерусалимден чыгып, кайрадан Галилеяга жөнөйт. Жаз мезгили, талаадагы эгин баш алып калган. Окуучулары ачка болгондуктан машак үзүп жеп киришет. Бүгүн ишемби, ошондуктан алардын бул кылган иштери байкалбай койбойт.

Бир аз мурун эле, Ыйса Иерусалимде жүргөн кезде, дин жетекчилер аны ишемби күнгө байланыштуу мыйзамды бузуп жатат деген шылтоо менен өлтүрүүнү каалашкан. Эми болсо фарисейлер: «Мына, сенин шакирттериң ишембиде кылууга тыюу салынган ишти кылып жатышат» — деп, кайрадан күнөөлөшөт.

Машакты үзүп колго сүрүү эгинди оруп-жыйып, аны кырманга бастырган менен эле бирдей деп ырасташат фарисейлер. Алардын эмне жумуш болуп саналарына карата койгон катуу эрежелеринин айынан ишемби күн адамдар үчүн түйшүк болуп калган, бирок ал күн кубанычтын жана рухий жактан бекемделүүнүн убагы болуш керек эле да. Ошондуктан Ыйса аларга Ыйык Жазмада келтирилген мисалдардын жардамы менен ишемби күн жөнүндөгү мыйзамдын ушунчалык катуу колдонулушун Иегова Кудай эч качан талап кылбаганын көрсөтөт.

Дөөт адамдары менен ачка болгон кезде жыйын чатырына келип, курмандык нандарды жегендигин айтат Ыйса. Бул нандарды «Иегованын алдынан» алып, жаңысына алмаштыргандан кийин, адатта, дин кызматчылар гана жей турган. Бирок шартка байланыштуу жешкендиктен Дөөт жана анын адамдары айыпталган эмес.

Ыйса дагы бир мисал келтирет: «Ишемби күндөрү ийбадатканада дин кызматчылар ишембиге ыйык нерсе катары карашпаса да айыпсыз калышканын Мыйзамдан окуган жок белеңер?» Ооба, ийбадатканада кызмат кылган дин кызматчылар атүгүл ишемби күндөрү да мал союшуп жана курмандык чалууга байланышкан башка иштерди жасашчу. «А мен силерге айтамын,— дейт Ыйса,— бул жерде ийбадатканадан да чоңу бар».

Фарисейлерге эскертүү берүүсүн андан ары улантып: «Эгерде силер: „Курман чалууну эмес, ырайым кылууну каалайм“ дегендин маанисин түшүнсөңөр, айыпсыздарды күнөөлөбөйт элеңер»,— дейт Ыйса. Акырында ал: «Анткени адам Уулу — ишембинин Мырзасы»,— деп айтат. Муну менен Ыйса эмнени айткысы келген? Тынчтык өкүм сүрө турган миң жылдык Падышалыгынын башкаруусун.

Мына, 6 000 жылдан бери адамзат Шайтан Ибилистин кулчулугунда азап чегип келет. Согуштар жана зордук-зомбулуктар табигый нерседей эле болуп калды. Бирок, бактыга жараша, улуу ишемби — Машайык Ыйсанын башкаруусу — бардык азап-кайгыдан жана эзүүдөн эс ала турган убак болот. Матфей 12:1—8; 3 Муса 24:5—9; 1 Падышалык 21:1—6; 4 Муса 28:9; Осия 6:6.

▪ Ыйсанын окуучуларын эмнеге күнөөлөшөт жана Ыйса эмне деп жооп берет?

▪ Ыйса фарисейлердин жетишпеген кайсы жактарын ачат?

▪ Ыйса кандай мааниде «ишембинин Мырзасы»?