Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кабар айтууга жетимиш окуучу жөнөтүлөт

Кабар айтууга жетимиш окуучу жөнөтүлөт

72-бөлүм

Кабар айтууга жетимиш окуучу жөнөтүлөт

ОТУЗ ЭКИНЧИ жылдын күз мезгили. Ыйса чөмүлтүлгөндөн бери үч жыл өтүп кетти. Ал жакында эле окуучулары менен бирге Алачыктар майрамына катышуу үчүн Иерусалимге келген болчу, азыр, сыягы, шаардын чет-жакаларында жүрөт. Ыйса кызматынын акыркы алты айынын көбүн Иордандын аркы өйүзүндө, Иудеяда жана Переяда, өткөрөт. Анткени бул жактагы адамдар да кабар угушу керек.

30-жылы Ыйса Пасах майрамынан кийин Иудеяда сегиз айча кызмат кылган. Бирок 31-жылдын Пасах майрамынын учурунда иудейлер аны өлтүргөнгө аракет кылышканда, ал бир жарым жыл бою көбүнчө Галилеяда окуткан. Ошол убакыттын ичинде Ыйса кабарчылардын чоң тобун түзүп, аларды кабар айтууга үйрөткөн. Азыр болсо акыркы жолу Иудея боюнча эпкиндүү кабар таратуу өнөктүгүн жүргүзө баштайт.

Адегенде Ыйса жетимиш окуучуну тандап, аларды эки-экиден бөлөт. Ошентип, кабар айтууга Падышалыктын 35 түгөйдөн турган жарчылары жөнөтүлөт. Алар Ыйса расулдары менен барууга даярданып жаткан шаарларга жана айылдарга жөнөшөт.

Ыйса окуучуларына синагогаларга баргыла дебестен, түз эле адамдардын үйлөрүнө баргыла деп буюрат. Ал: «Үйгө киргениңерде адегенде: „Бул үйгө тынчтык“ — деп айткыла. Эгерде ал жерде тынчтыктын досу болсо, силердин тынчтыгыңар аны менен калат»,— дейт. Шакирттер кандай кабар жеткириши керек эле? Ыйса: «Аларга: „Кудайдын падышалыгы силерге жакындап калды“ — деп айткыла»,— деп түшүндүрөт. Жетимиш окуучунун иш-аракеттери жөнүндө бир эмгекте: «Алар өзүлөрүнүн Устатындай болуп, ар кайсы кыштактарга барып, ал жерлерде үйдөн үйгө кабар айтышты»,— деп айтылат («Matthew Henry’s Commentary»).

Бир жылдай мурун Галилеяга кабар айтууга он эки расулун жөнөтүп жатып Ыйса кандай көрсөтмөлөрдү берсе, жетимиш окуучусуна да ошондой көрсөтмөлөрдү берет. Үй ээлери менен аңгемелешүүнү кантип баштоо керек экенин түшүндүрүп жатып Ыйса уккандардын баары эле окуучуларын кубаныч менен кабыл ала бербесин эскертет жана аларга оорулууларды айыктырганга бийлик берет. Шакирттердин кереметтүү иштерди жасай алышарын көргөндө, адамдар алардын Устатынын келишин чыдамсыздык менен күтүшөт.

Жетимиш окуучунун кабар айтуусу жана Ыйсанын кезектеги иши салыштырмалуу аз убакка эле созулат. Көп өтпөй, Падышалыктын 35 түгөйдөн турган жарчылары Ыйсага кайтып келишет. «Эге,— дешет алар кубанычтуу үн менен,— сенин ысымыңды айтканда, атүгүл жиндер да бизге баш ийип атышат». Ушундай мыкты натыйжалар болгонуна Ыйса кубанып: «Шайтандын чагылган сыяктуу болуп асмандан кулап түшкөнүн көрдүм. Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды тебелегенге бийлик бердим»,— деп жооп берет.

Акыркы күндөрдө, Кудайдын Падышалыгы орногондо, Шайтан жин-перилери менен бирге асмандан куулуп түшөрүн Ыйса билет. Адамдардын азыртадан эле көзгө көрүнбөгөн жиндерди кууп-чыгарууга жөндөмдүү экени мунун аткарыла турганын далилдеп турат. Ошондуктан Шайтан али куулуп түшүрүлө элек болсо да, ал жөнүндө Ыйса сөзсүз боло турган иштей айтып жатат. Ошентип, анын «жыландар менен чаяндарды тебелегенге бийлик берем» деген сөздөрүнүн өтмө мааниси бар. Бирок Ыйса жетимиш окуучусуна: «Ошентсе да жиндердин силерге баш ийип жатканына кубанбастан, ысымыңардын асманда жазылганына кубангыла»,— деп айтат.

Өзүнүн момун кызматчыларын ушундай кереметтүү иштерди жасаганга колдонуп жаткандыгы үчүн Ыйса кубанып, Атасын даңктайт. Андан кийин Ыйса окуучуларына кайрылуу менен: «Силер көрүп турганды көргөн көздөр бактылуу. Анткени силерге айтарым: көп пайгамбарлар жана падышалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн эмес, силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан эмес»,— дейт. Лука 10:1—24; Матфей 10:1—42; Аян 12:7—12.

▪ Ыйса кызматынын алгачкы үч жылында каякта кабар айткан жана акыркы алты айда кайсы жерлерде кызмат кылат?

▪ Ыйса кызматка жиберген жетимиш окуучу адамдарды каяктан издеши керек?

▪ Эмне үчүн Ыйса Шайтандын асмандан куулуп түшкөнүн көрдүм деп айтат?

▪ Кандай мааниде жетимиш окуучу жыландар менен чаяндарды тебелей алат?