Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайрадан Галилеяда кабар айтуу

Кайрадан Галилеяда кабар айтуу

49-бөлүм

Кайрадан Галилеяда кабар айтуу

ЫЙСА эки жылдай убакыттан бери жигердүү кызмат кылып келди. Балким, эми кызматка мынчалык күч жумшабай койсо деле болоттур? Жок, тескерисинче, Ыйса көп иш жасоону каалайт, ошондуктан үчүнчү жолу Галилеяга кабар айтканы жөнөйт. Ал синагогаларда элди окутуп жана ошол аймактагы бүт шаарлар менен айылдарды кыдырып Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтат. Кызматта жүргөндө көрүп-байкагандары аны кабар айтуу ишин күчөтүү зарыл экенине ынандырат.

Ыйса каякка барбасын, анын көз алдында рухий жактан айыгууга жана жубатууга муктаж болгон топ адамдар. Алар койчусуз калган жүдөңкү жана чачыранды койлордой эле, ошондуктан аларга Ыйсанын боору ачыйт. Ал шакирттерине: «Ооба, түшүм мол, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнунан анын түшүмүн жыйноого жумушчуларды жиберүүсүн сурагыла»,— дейт.

Албетте, Ыйса эмне кылышты билет. Ал бир жылча мурун тандаган он эки расулун чогултуп, аларды эки-экиден бөлөт. Демек, кабар айтууга барганга алты түгөй даяр болот. Ыйса аларга көрсөтмө берип, мындай дейт: «Бөтөн элдерге алпаруучу жолго түшпөгүлө жана самариялыктардын шаарына кирбегиле; андан көрө Израиль үйүнүн жоголгон койлоруна баргыла. Баратып: „Асман падышалыгы жакындады“,— деп кабарлагыла».

Ыйса үлгүлүү тиленүүдө расулдарына ушул Падышалык жөнүндө тиленгиле деп үйрөткөн, азыр болсо алар бул тууралуу кабар айтканы баратышат. Падышалык чынында эле жакындады, анткени жерде Кудай дайындаган Падыша, Ыйса Машайык, жүрөт. Шакирттери ушул Падышалыктын өкүлдөрү катары кызмат кылып жаткандыктарын далилдей алышы үчүн, Ыйса аларга оорулууларды айыктырганга, атүгүл өлгөндөрдү тирилткенге күч берет жана муну кылганыңар үчүн акы албагыла деп буюрат.

Андан ары Ыйса шакирттерине өздөрү менен кошо эч кандай буюм алуунун зарылдыгы жок экенин айтат: «Белиңерге байланган капчыгыңарга алтын же күмүш, же жез салбагыла, же жолго деп баштыгыңарга азык, же эки ич кийим, же сандал, же таяк албагыла, анткени жумушчу тамактанууга татыктуу». Бул кабарды ыраазылык менен кабыл алгандар аларды тамак-аш жана баш калкалай турган жай менен камсыздандырмак. Ыйса аларга: «Кайсы шаарга же кыштакка кирбегиле, аяктан татыктууларын издегиле жана кеткениңерче ал жерде калгыла»,— деп айтат.

Андан кийин Ыйса окуучуларына үй ээлери менен Падышалык тууралуу аңгемелешүүнү кандайча баштоо керек экенин үйрөтөт: «Үйгө киргениңерде,— дейт ал,— үйдөгүлөр менен учурашкыла; эгерде үй татыктуу болсо, анда силер каалаган тынчтык ал үйгө консун, а эгер татыксыз болсо, анда тынчтыгыңар өзүңөргө кайтсын. Эгерде силерди кабыл албаса же айткан сөзүңөргө кулак салбаса, анда ошол үйдөн же ошол шаардан чыгып баратып бутуңардагы чаңды күбүп салгыла».

Ыйса шакирттери айткан кабарды кабыл албаган шаарлар катуу соттолорун айтат. Ал: «Чынын силерге айтам: Сот күнүндө ал шаарга караганда Содом жана Гоморра жерине жеңилирээк болот»,— деп түшүндүрөт. Матфей 9:35—10:15; Марк 6:6—12; Лука 9:1—5.

▪ Ыйса Галилеяга үчүнчү жолу кабар айтуу үчүн качан жөнөйт жана ал эмнеге ынанат?

▪ Ал он эки расулун кабарга жөнөтүп жатып кандай көрсөтмө берет?

▪ Эмне үчүн шакирттер Падышалык жакындады деп башкаларга ишенимдүү айта алышмак?