Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайрадан Капернаумдагы үйдө

Кайрадан Капернаумдагы үйдө

26-бөлүм

Кайрадан Капернаумдагы үйдө

ЫЙСА эми баарына белгилүү болуп калгандыктан, ал токтогон ээн жерлерге көп адамдар келип жатты. Бирок бир нече күндөн кийин ал кайрадан үйүнө, Капернаумга, жөнөйт. Ыйсанын кайтып келгендиги шаарга бат эле дуу боло түшөт да, эл ал токтогон үйгө чогула баштайт. Атүгүл Иерусалимдеги фарисейлер менен мыйзам окутуучуларынан бери келишти.

Эл ушунчалык көп болгондуктан, эшиктин оозу бөгөлүп, үйгө кирүүгө мүмкүн эмес. Мунун баары укмуштуу бир окуя болорун билдирип турду. Боло турган окуя чындап эле маанилүү, анткени ошо окуя аркылуу Ыйса адамзаттын азап чегүүлөрүнүн себебин жок кылганга жана каалаган адамдарынын баарына чың ден соолук бергенге жөндөмдүү экенин биле алабыз.

Ыйса элди окутуп жатканда, үйгө шал адамды замбилге көтөрүп төрт киши келет. Алар досун Ыйса айыктырышын каалашат, тилекке каршы, элдин көптүгүнөн үйгө кире алышпайт. Кандай гана өкүнүчтүү! Бирок алар буга бой сунуп бербей, үйдүн үстүнө чыгышат да, төбөсүн ачып, шал адамды замбили менен так Ыйсанын алдына түшүрүшөт.

Ыйса сөзүнүн бөлүнүп калганына ачууланабы? Түк да. Тескерисинче, алардын ишениминен чоң таасир алат. «Күнөөлөрүң кечирилет»,— дейт Ыйса шал адамга. А бирок Ыйса чын эле күнөөлөрдү кечире алабы? Фарисейлер менен китепчилер кечире албайт деп эсептешет. Алар өздөрүнчө: «Бул адам эмне үчүн минтип айтат? Кудайга акарат келтирип жатпайбы. Бир Кудайдан башка ким кечире алат күнөөлөрдү?» — деп ойлоп жатышты.

Ыйса алардын оюн билип тургандыктан: «Эмне үчүн жүрөгүңөрдө андай ой туулат? Шал адамга кайсынысын айткан оңоюраак: „күнөөлөрүң кечирилет“ дегенби же: „тур, замбилиңди ал да, баскын“ дегенби?» — деп сурайт.

Андан кийин Ыйса бардыгына, аны сындагандарга да, чынында эле жер үстүндө күнөөлөрдү кечиргенге бийлиги бар экенин жана жерде жашап өткөн адамдардын арасынан эң улуу адам экенин абдан айкын көргөзөт. Ал шал адамга кайрылып: «Тур, замбилиңди колуңа ал да, үйүңө жөнө»,— дейт. Ошол замат тиги киши ордунан туруп, замбилин көтөрүп, баарынын көзүнчө чыгып кетет! Адамдар айран-таң болушат жана Кудайды даңктап, бийик үн менен: «Мындайды эч качан көргөн эмеспиз»,— дешет.

Ыйсанын оору менен күнөөнүн байланышы бар экенин жана оорунун айыгышы күнөөлөрдүн кечирилишинен көз каранды болорун көрсөткөндүгүн байкадыңбы? Ыйык Китепте Адам атанын күнөө кетиргени жана баарыбыз ошол күнөөнүн кесепетин — оору менен өлүмдү — мурастап калгандыгыбыз айтылат. Бирок Кудайдын Падышалыгынын тушунда Ыйса Кудайды сүйгөндөрдүн, ага кызмат кылгандардын баарынын күнөөлөрүн кечирет жана оору эч качан болбойт. Ошондо кандай сонун болорун элестетчи! Марк 2:1—12; Лука 5:17—26; Матфей 9:1—8; Римдиктер 5:12, 17—19.

▪ Маанилүү окуянын алдында эмнелер болуп өттү?

▪ Шал адам Ыйсага кантип жетет?

▪ Эмне үчүн баарыбыз күнөөлүбүз жана күнөөлөрдүн кечирилиши, жеткилең ден соолукка ээ болуу мүмкүн экенин Ыйса кандайча көргөзгөн?