Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канадагы экинчи керемети

Канадагы экинчи керемети

20-бөлүм

Канадагы экинчи керемети

ИУДЕЯДА кеңири кабар айтылгандан кийин, Ыйса туулган жерине кайтат, бирок эс алуу үчүн эмес. Анын ордуна ал өзүнүн туулуп-өскөн жери Галилеяда жигердүү кызмат кыла баштайт. Ал эми окуучулары Ыйсанын жанында калышпастан, үйлөрүнө кайтышат да, мурун жасап жүргөн иштерине киришишет.

Эми Ыйса кайсы кабарды жарыялай баштады? «Кудайдын падышалыгы жакындады. Өкүнгүлө да, жакшы кабарга ишенгиле»,— деген. Бул кабарга кандай жооп кайтарылат? Галилеялыктар Ыйсаны кабыл алышат жана урмат көрсөтүшөт. Бирок алар мындай мамилени Ыйсанын айткан кабары үчүн эмес, а анын кереметтери үчүн жасап жатышат. Анткени алардын көбү мындан бир нече ай мурун Пасах майрамына байланыштуу Иерусалимде болушуп, ал жерден Ыйсанын жасаган кереметтерин көрүшкөн.

Ыйса маанилүү кызматын Галилеяда, кыязы, Кана шаарынан баштайт. Өткөн жолу ал Иудеядан кайтып келатып Канадагы үйлөнүү тоюнда сууну шарапка айландырган болчу. Бул жолкусунда болсо падыша Ирод Антиптин сарайында кызмат кылган адамдын баласы катуу ооруп калат. Ыйсанын Иудеядан Канага келгенин угуп, ал адам Капернаумдан Ыйсага жөнөйт. Күйүтү тоодой болгон бул адам Ыйсага келип: «Уулум өлө электе эртерээк барчы»,— деп жалынып-жалбарат.

Ыйса ага: «Үйүңө кайт, уулуң сакайды»,— дейт. Ироддун кызматчысы Ыйсанын айтканына ишенип, кайра үйүн көздөй узак жол тартат. Жолдон аны кулдары тосуп чыгат. Алар анын уулу сакайып, баары жакшы экенин билдирүү үчүн келаткан. Баланын атасы:

— Ал кайсы маалдарда жакшы болуп калды? — деп сурайт.

— Кечээ, түшкү саат бирде,— деп жооп беришет тигилер.

Кечээ так ушул маалда Ыйсанын: «Уулуң сакайды» — дегенин Ироддун кызматчысы эстейт. Бул окуядан кийин ал үй-бүлөсү менен Ыйса Машайыктын окуучулары болуп калышат.

Ошентип, Ыйса Иудеядан кайтып келгенден кийин, Канада эки жолу керемет жасоо менен ал жерге өзгөчө урмат көрсөттү. Албетте, Ыйса буга чейин мындан башка да кереметтерди жасаган болчу, бирок бул эки керемети Ыйсанын Галилеяга кайтып келишин белгилегендери менен айырмаланып турат.

Ыйса эми үйүнө, Назарет шаарына, жөнөйт. Ал жакта аны эмне күтүп турат болду экен? Иоанн 4:43—54; Марк 1:14, 15; Лука 4:14, 15.

▪ Галилеяга кайтып келишкенден кийин, Ыйсанын окуучулары эмне кылышат жана Ыйсаны ал жактагылар кандай кабыл алышат?

▪ Ыйса кандай керемет жасайт жана ал кереметтин таасири тийген адамдар эмне кылышат?

▪ Ыйса Канага кандайча өзгөчө урмат көрсөттү?