Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Капернаумда жасалган дагы башка кереметтери

Капернаумда жасалган дагы башка кереметтери

23-бөлүм

Капернаумда жасалган дагы башка кереметтери

ЫЙСА, биринчи төрт окуучусу Пётр, Андрей, Жакып жана Иоаннды чакыргандан кийин, ишембиде баары чогуу Капернаумдагы синагогага жөнөшөт. Ал жерден Ыйса элди окута баштайт, алар болсо анын окутуусуна таң калышууда, анткени ал китепчилердей эмес, бийлиги бар адамдай окутуп жатат.

Ошол ишембиде синагогада жин бийлеп алган бир адам да бар эле. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал: «Бизде эмнең бар, Назареттик Ыйса? Сен бизди жок кылуу үчүн келдиң! Мен сенин ким экениңди билем: сен Кудайдын Ыйыгысың»,— деп катуу кыйкыра баштайт.

Адамды бийлеп алган жин — Шайтандын периштелеринин бири. Ыйса ага тыюу салып: «Үндөбөстөн андан чыгып кет!» — дейт.

Ошондо жин ал адамды титиретип, катуу чаңырган бойдон эч зыян келтирбестен андан чыгып кетет. Элдин баары таң калат. «Бул эмне? — дейт алар.— Ал атүгүл жиндерге да бийлик кылып, аларга буйрук берип жатат, алар болсо ага баш ийип атышат». Бул кабар бардык аймакка тарап кетет.

Синагогадан кийин Ыйса окуучулары менен Пётр деп да аталган Симондун үйүнө барышат. Ошол убакта Пётрдун кайын энеси катуу ысытмалап жаткан эле. Ыйсадан ага жардам беришин суранышат. Ыйса аялга келип, аны колунан алып тургузат. Аял ошол замат сакайып, аларга тамак даярдап кирет.

Кечке маал, күн батып баратканда, Пётрдун үйүнө туш тараптан оорулууларды алып келишет. Бир аздан соң, эшиктин алдына шаардын баары чогулуп калат. Ыйса келген адамдардын кандай оорусу болбосун айыктырып жатты, атүгүл жиндерди да кубалады. Жиндер адамдардан чыгып баратып: «Сен Кудайдын Уулусуң»,— деп кыйкырып жатышты. Бирок Ыйса аларга сүйлөгөнгө тыюу салат, анткени алар анын Машайык экенин билишчү. Марк 1:21—34; Лука 4:31—41; Матфей 8:14—17.

▪ Ыйса биринчи төрт окуучусун чакыргандан кийин, ишемби күнү синагогада эмне болот?

▪ Синагогадан кийин Ыйса каякка барат жана ал жерден кандай керемет жасайт?

▪ Ошол күнү кечинде дагы эмне болот?