Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кечиримдүүлүккө карата сабак

Кечиримдүүлүккө карата сабак

64-бөлүм

Кечиримдүүлүккө карата сабак

ЫЙСА окуучулары менен дагы эле Капернаумдагы үйдө окшойт. Ал окуучуларына туугандардын ортосунда болуучу келишпестиктерди кандайча чечүү керек экенин жаңы эле түшүндүрүп берди. Азыр болсо Пётр андан: «Эге, эгерде тууганым мага каршы күнөө кылса, канча жолу кечиришим керек?» — деп сурайт. Иудейлердин дин башчылары үч жолу кечирсе болот деп айтып жүрүшкөндүктөн, Пётр, сыягы, айкөлдүк көрсөтүп: «Жети жолкуга чейинби?» — деп сунуш кылат.

Бирок эсепке алуу керек деген ойдун өзү эле туура эмес болгондуктан, Ыйса Пётрдун көз карашын оңдоп: «Сага айтамын: жети жолкуга чейин эмес, а жетимиш жети жолкуга чейин»,— дейт. Бир тууганын канча жолу кечирүүгө карата Пётрдун чек койбошу керек экендигин Ыйса ушундайча көрсөтөт.

Ыйса кечирүү милдети тууралуу окуучуларына айкыныраак түшүндүрүп бериш үчүн, бир мисал келтирет. Сөз «кулдары менен эсептешкиси» келген падыша тууралуу жүрөт. Ага чоң суммада — он миң талант (60000000 динар) — карызы бар бир кулду алып келишет. Анын мынча сумманы төлөп бергенге чамасы жок. Ошондуктан падыша карызын алыш үчүн кулду аялы жана бала-чакасы менен кошо саткыла деп буюрат.

Кул болсо падышанын бутуна чөгөлөп: «Сабыр кыла көр мага, баарын төлөп берем»,— деп жалбарат.

Падышанын боору ооруп, анын ушунча чоң карызын кечирет. Бирок, Ыйсанын айтуусу боюнча, ал кул ошо замат ага болгону 100 динар карызы бар башка кулду издеп жөнөйт. Аны кокодон алып: «Менден алган карызыңды төлө» — деп, муунта баштайт.

Тилекке каршы, берки кулдун акчасы жок болчу. Ал насыячысынын алдына чөгөлөп: «Сабыр кыла көр мага, төлөп берем»,— деп жалынып-жалбарат. Бирок, падышадан айырмаланып, тиги кул кенедей да боорукерлик көрсөтпөстөн, карызы бар адамды камакка салат.

Ыйса мунун баарын башка кулдар көргөнүн жана бул тууралуу алар падышага билдиришкенин айтат. Падыша буларды укканда ачууланып, кулду чакыртат. «Зулум кул,— дейт ал,— жалынып-жалбарганыңда, бүт карызыңды кечирдим эле. Мен сага ырайым кылгандай, сен да өз жолдошуңа ырайым кылсаң болбойт беле?» Каарданган падыша кулду, карызынын баарын төлөп бермейинче деп, түрмөчүлөрдүн колуна салып берет.

Сөзүнүн аягында Ыйса: «Эгер ар бириңер бир тууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ошондой мамиле кылат»,— деп айтат.

Кечиримдүүлүккө карата кандай сонун сабак! Ишенимдештерибиздин кандай гана катасы болбосун, Кудай кечирип жаткан чоң карыздарга — биздин күнөөлөрүбүзгө — салыштырмалуу алар кенедей эле нерсе. Андан тышкары, Иегова бизди миңдеген жолу кечирип келет. Көп учурларда биз ага каршы күнөө жасаганыбызды өзүбүз байкабай калабыз. Ошон үчүн тууганыбызды бир нече жолу, атүгүл арызданууга толук акыбыз бар болсо да, кечирип коё албайбызбы? Ыйсанын Тоодогу насаатында айткан сөзүн эстечи: «биз карыз болгондорду кандай кечирсек», Кудай да «биздин карыздарыбызды кечирет». Матфей 18:21—35; 6:12; Колоссадагылар 3:13.

▪ Бир тууганын канча жолу кечириш керек деп сураганга Пётрга эмне түрткү берген жана эмне себептен анын жети жолкуга чейинби деген сунушу, сыягы, өзү үчүн айкөлдүк болуп эсептелген?

▪ Кулдун ырайым сурап өтүнгөнүнө падыша кандай жооп кайтарган жана андан айырмаланып кулу башка кулга кандай мамиле жасайт?

▪ Ыйсанын келтирген мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?