Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кой короолор жана Койчу

Кой короолор жана Койчу

80-бөлүм

Кой короолор жана Койчу

ЫЙСА Иерусалимге Арналуу (Ханука) майрамына келди. Бул майрам ийбадаткананы Иеговага кайталап арноо салтанатына арналган. Б.з.ч. 168-жылы, Ыйсанын убагынан болжол менен 200 жыл мурун, Антиох IV Эпифан Иерусалимди басып алып, ийбадаткананы жана курмандык жайды арамдайт. Бирок үч жылдан кийин Иерусалим бошотулуп, ийбадаткананы кайрадан Иеговага арнашат. Ошондон кийин иудейлер жыл сайын Арналуу майрамын белгилеп калышкан.

Бул майрам иудейлердин календары боюнча 25-кислевде белгиленет. Кислев айы, биздин календарь боюнча, ноябрдын экинчи жарымына жана декабрдын биринчи жарымына туура келет. Демек, 33-жылдын өзгөчө маанилүү Пасах майрамына чейин дагы жүз күндөн ашыгыраак убакыт калды. Ал убакта аба-ырайы суук болгондуктан, расул Иоанн «кыш болчу» деп билдирет.

Ыйса үч кой короо жана өзүнүн Жакшы Кайтаруучунун ролун ойной тургандыгы жөнүндө көрсөтмөлүү мисал айтат. Ал айта турган биринчи короо Мусанын мыйзамынын келишимин билдирет. Мыйзам, Кудай менен болгон бул өзгөчө келишимге кирбеген адамдардын терс таасирлеринен иудейлерди бөлүп туруу үчүн, тосмо катары колдонулган. Ыйса: «Чынын силерге чынын айтам: ким кой короого эшигинен эмес, а башка жагынан кирсе, ал — ууру жана каракчы. Ал эми ким эшиги менен кирсе, ал — койлордун койчусу»,— деп түшүндүрөт.

Айрым адамдар өзүлөрүн Мессиямын же Машайыкмын деп ырасташкан, бирок алардын эч кимиси чыныгы кайтаруучу болгон эмес. Ыйса чыныгы кайтаруучунун кандай болорун төмөндөгүдөй сүрөттөгөн: «Дарбазачы ага ачып берет, койлор болсо анын үнүн угат, ал койлорун атынан чакырып ээрчитип чыгат... Чоочун бирөөнү алар эч качан ээрчишпейт, бирок андан качышат, анткени чоочундардын үнүн таанышпайт».

Биринчи короонун «дарбазачысы» Чөмүлдүрүүчү Иоанн болчу. Ал Ыйса жайытка алпарышы керек болгон кой мүнөздүү адамдарды Ыйсага багыттоосу менен ага «ачып берген». Ыйса атынан чакырып, ээрчитип чыга турган койлор акыр-аягында башка короого алынып келинет, анткени ал: «Чынын силерге чынын айтам: мен койлорго эшикмин»,— деп түшүндүрүүдө, тактап айтканда, жаңы короого эшик экенин айтып жатат. Ыйса окуучулары менен жаңы келишим түзгөндө жана аларга кийинки жылдын Эгин оруп-жыюу майрамында асмандан ыйык рух куйганда аларды ошол жаңы короого койберет.

Ыйса өзүнүн ролун андан ары минтип түшүндүрөт: «Мен эшикмин; ким мен аркылуу кирсе, куткарылат, кирип чыгат жана жайыт табат... Мен, алар өмүргө ээ болушу үчүн, ашыгы менен ээ болушу үчүн, келгем... Мен жакшы койчумун жана койлорумду тааныйм, койлорум болсо мени тааныйт, Атам мени кандай тааныса, мен да Атамды ошондой тааныйм; койлор үчүн жанымды берем».

Жакында эле Ыйса жолдоочуларын: «Коркпо, кичине отор, анткени силерге падышалыкты берүүнү Атаңар туура көрдү»,— деп бекемдеген. Болгону 144 000ден турган ушул кичине отор жаңы, башкача айтканда, экинчи кой короого кирет. Бирок Ыйса: «Менде бул короодон болбогон башка да койлор бар; аларды да мен алып келишим керек, алар да менин үнүмдү угат, ошондо бир отор жана бир койчу болот»,— деп сөзүн улайт.

«Башка койлор» «бул короодон» болбогондуктан, алар башка — үчүнчү — короодон болушу керек. Акыркы эки короодогу койлордун келечеги ар башка. «Кичине отор» Ыйса Машайык менен бирге бир короодо асмандан падышалык кылат, ал эми башка короого кирген «башка койлор» бейишке айланган жер бетинде жашашат. Бирок койлор ар башка короолордо болгону менен, бири-бирине көз артышпайт жана өздөрүн бөлүнүп калгандай сезишпейт. Анткени, Ыйсанын айтуусу боюнча, алар «бир оторду» түзөт жана «койчусу» да бир.

Жакшы Койчу — Ыйса Машайык — эки кой короодогу койлорго тең өз ыктыяры менен жанын берет. «Мен аны өз каалоом менен берем,— дейт ал.— Аны берүү да, кайра кайтарып алуу да менин бийлигимде. Бул парызды мен Атаман алгам». Ыйсанын бул сөздөрү иудейлердин ортосунда бөлүнүү алып келет.

Көптөрү: «Муну жин-перилер бийлеп алыптыр, сандырыктап жатат. Эмнеге аны угуп турасыңар?» — дешсе, башкалары: «Бул жин бийлеп алган адамдын сөзү эмес»,— деп каршы. Андан кийин алар, сыягы, бир нече ай мурун Ыйса сокур болуп төрөлгөн адамды айыктырганын эскертишип: «Жин сокур кишинин көзүн ача алмак беле?» — деп айтышат. Иоанн 10:1—22; 9:1—7; Лука 12:32; Аян 14:1, 3; 21:3, 4; Забур 36:29.

▪ Арналуу майрамы эмнени билдирет жана ал качан белгиленет?

▪ Биринчи кой короо деген эмне жана анын дарбазачысы ким?

▪ Дарбазачы кандай мааниде Койчуга ачып берет жана койлор каякка алынып келинет?

▪ Жакшы койчунун эки короосунда кимдер бар жана алар канча оторду түзөт?