Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Короодо Ыйсадан тануу

Короодо Ыйсадан тануу

120-бөлүм

Короодо Ыйсадан тануу

ГЕФСИМАНИЯ багында расулдары коркконунан Ыйсаны таштап качып жөнөшөт. Бирок Пётр менен Иоанн качып баратып токтошот да, кайра кайтып келишет. Алар Ыйсаны Аннанын үйүнө алып бараткан жеринен кууп жетишкен көрүнөт. Анна Ыйсаны дин башчы Каиафаныкына жибергенде, сыягы, өз өмүрү үчүн коркушкан, ошол эле учурда, Мырзасы эмне болот деп катуу санаа тартып, эки анжы болушкан Пётр менен Иоанн да алардан бир аз артта ээрчип келатышкан.

Каиафанын заңгыраган үйүнө келип жетишкенде, Иоаннга короого кирүүгө уруксат беришет, анткени ал дин башчыга тааныш болчу. Пётр болсо сыртта калат. Бирок көп өтпөй Иоанн кайра келет да, дарбазачы аял менен сүйлөшүп, Пётрду да ичкери киргиздирет.

Күн суук тартып тургандыктан, дин башчынын кулдары менен күңдөрү от жагышат. Ыйсанын иши боюнча жүргүзүлүп жаткан сот эмне менен аяктаар экен деп күтүп жүргөн Пётр, отко жылыныш үчүн, алардын жанына барат. Пётрду киргизген дарбазачы аял оттун жарыгында анын жүзүнө тигиле карап: «Сен дагы галилеялык Ыйса менен жүргөнсүң!» — дейт.

Таанып калышкан турбайбы деп корккон Пётр баарынын көзүнчө: «Мен аны тааныбайм, эмне деп атканыңды да түшүнгөн жокмун»,— деп Ыйсаны билерин танат.

Анан дарбаза тарапка басат. Ал жактан да аны бир кызматчы аял байкап калып, ошол жерде тургандарга: «Бул да назареттик Ыйса менен жүргөн»,— деп айта баштайт. Пётр карганып, «ал адамды» тааныбаймын деп дагы танат.

Ал өзүнө болушунча аз көңүл бурдурууга аракеттенип короодо калат. Кыязы, дал ушул маалда, таң агара электе, короздун кыйкырыгы Пётрду селт эттирет. Ал эми Ыйсанын иши дале каралып жаткан. Териштирүү үйдүн короо тарапка караган бөлүгүндө жүргүзүлүп жатса керек. Короодо күтүп турган Пётр менен башка адамдар күбөлөндүрүү бериш үчүн чакырылган күбөлөрдүн кирип-чыгып жатышканын, албетте, көрүп атышат.

Пётрду Ыйса менен жүргөн деп акыркы жолу айтышкандан бери бир саатча өттү. Эми ошол жерде турган адамдардын кай бирлери жанына басып келип: «Сен чын эле ошолордун бири экенсиң, анткени сүйлөгөнүңөн эле билинип турат»,— дешет. Алардын бири Пётр кулагын шылый чапкан Малхтын тууганы эле, ал: «Сени бактан аны менен көрбөдүм беле?» — дейт.

Пётр аларды: «Ал адамды мен билбейм!» — деп жан-алы калбай ынандырып кирет. Алардын жаңылышып атышканын далилдеш үчүн, ал каргана баштайт, башкача айтканда, калп сүйлөгөн болсом, өзүмө каргыш тийсин дейт.

Пётр үчүнчү жолу Ыйсадан танар замат, короз кыйкырат. Ушул маалда Ыйса, сыягы, короо тараптагы балконго чыгып, Пётрду бурулуп карайт. Ошондо ал мындан бир нече эле саат мурун алиги үстүнкү бөлмөдө отурушканда Ыйсанын: «Короз эки кыйкыргыча, сен менден атүгүл үч жолу танасың»,— дегенин дароо эстейт. Жасаган күнөөсүнө катуу өкүнгөн Пётр сыртка чыгат да, өксүп ыйлай баштайт.

Эмне үчүн ушундай болуп калды? Өзүнүн рухий бекемдүүлүгүнө ишенген Пётр үч жолу катары менен Мырзасынан кантип танып кетти? Буга Пётрду, албетте, күтүлбөгөн жерден ушундай жагдайга кабылганы аргасыз кылды. Анткени чындык бурмаланып, Ыйса барып турган кылмышкер деп жарыяланат. Акты кара деп, айыпсызды айыпкер дешет. Ушундай оор жагдайда Пётр чыдай албай калат. Анын берилгендик сезими күтүлбөгөн жерден аны «алдап кетет». Тилекке каршы, Пётрду адамдардан коркушу алсыраткан. Келгиле, биз эч качан мындай коркунучка алдырбайлы! Матфей 26:57, 58, 69—75; Марк 14:30, 53, 54, 66—72; Лука 22:54—62; Иоанн 18:15—18, 25—27.

▪ Пётр менен Иоанн дин башчынын короосуна кантип киришет?

▪ Пётр менен Иоанн короодо жүргөн маалда үйдүн ичинде эмне болуп жаткан?

▪ Короз канча жолу кыйкырат жана Пётр Ыйсадан канча жолу танат?

▪ Пётр карганат деген эмнени билдирет?

▪ Эмне себептен Пётр Ыйсаны билбейм деп танат?