Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кош бойлуу, бирок күйөөгө чыга элек

Кош бойлуу, бирок күйөөгө чыга элек

4-бөлүм

Кош бойлуу, бирок күйөөгө чыга элек

МАРИАМДЫН боюна бүткөнүнө үч ай болду. Ал кош бойлуулуктун биринчи айларын Елисаветаныкында өткөргөнү эсиңде чыгар, азыр болсо Назареттеги үйүнө кайтып келди. Жакында анын абалы тууралуу шаарындагылардын баарына угулат. Ал чындап эле оор абалга кабылды.

Мариам Жусуп аттуу жыгач уста менен баш кошууга убадалашып койгондуктан, ага турмушка чыгышы керек. Бул абалды ого бетер курчуткан. Анткени, Кудайдын Израилге берген мыйзамына ылайык, күйөөгө чыгууга убадалашып койгон, бирок өз каалоосу боюнча башка эркек менен бузукулукка барган аялды ташбараңга алып өлтүрөрүн Мариам билчү. Эми Жусупка кош бойлуу экенин кантип түшүндүрөт?

Мариам үч ай бою үйүндө болбогондуктан, албетте, Жусуп аны көрүүгө абдан ынтызар эле. Экөө жолугушканда, Мариам ага акырын жылмалап, жаңылыкты угузса керек. Ал Кудайдын ыйык руху аркылуу кош бойлуу болгонун түшүндүрүүгө аракеттенет. Бирок буга ишенүү Жусуп үчүн канчалык кыйын экенин элестетип көрсөң.

Албетте, Жусуп Мариамдын жакшы атка ээ экенин билери, ошондой эле аны абдан сүйөрү чын. Бирок, Мариам бардыгын түшүндүрүп айтса да, Жусуп үчүн ал башка бир эркектен боюна бүткөндөй сезилет. Ошентсе да Жусуп Мариамдын ташбараңга алынып өлтүрүлүшүн же көпчүлүктүн алдында уятка калышын каалабайт. Ошон үчүн Мариам менен жашыруун ажырашууну чечет. Ал убакта никелешүүгө убадалашып койгондор жубайлар катары эсептелчү жана убадалашууну бузуу үчүн ажырашуу талап кылынчу.

Жусуп ушулар тууралуу ойлонуп жатып, уйкуга кирет. Түшүндө Иегованын периштеси пайда болуп: «Колуктуң Мариамды үйүңө алып келгенден коркпо, анткени анын боюндагысы ыйык рухтан. Ал уул төрөйт жана анын ысмын Ыйса деп коёсуң, себеби ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат»,— дейт.

Жусуп ойгонгондо кандай гана ыраазы болот! Ошол замат ал периштенин айтканындай кылып, Мариамды үйүнө алып келет. Мындай иштин эл алдында жасалышы үйлөнүүгө тете болгон. Ошентип, Жусуп менен Мариамдын үйлөнүшкөнү элге белгилүү болот. Бирок Жусуп менен Мариам Ыйса төрөлгөнгө чейин жыныстык катнашта болушпайт.

Карасаң! Мариамдын кош бойлуулугуна карабастан, Жусуп аны эшекке мингизип атат. Алар каякка барышат жана эмне үчүн Мариамдын төрөтүнө саналуу күндөр калганда жолго чыгышты? Лука 1:39—41, 56; Матфей 1:18—25; 5 Муса 22:23, 24.

▪ Мариамдын кош бойлуу экенин билгенде, Жусупка кандай ойлор келет жана эмне себептен?

▪ Эмне үчүн Жусуп менен Мариам үйлөнө элек болсо да, ажырашуулары керек эле?

▪ Эл алдында жасалган кайсы иш Жусуп менен Мариамдын үйлөнүшкөнүн күбөлөндүрүп турат?