Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын оң тарабында

Кудайдын оң тарабында

132-бөлүм

Кудайдын оң тарабында

ЫЙЫК рухтун Эгин оруп-жыйноо майрамында берилиши Ыйсанын асманга кайтып барганын далилдейт. Муну андан көп өтпөй окуучу Стефандын көргөнү да ырастайт. Стефан берилгендик менен күбөлүк тараткандыгы үчүн ташбараңга алынарынын алдында: «Мына, ачылган асманды жана Кудайдын оң тарабында турган адам Уулун көрүп атам»,— деген.

Кудайдын оң тарабынан орун алган Ыйса Атасынын: «Душмандарыңдын арасында бийлик кыл»,— деген буйругун күтөт. Ал эми душмандарына каршы чыгар убагы келгиче Ыйса эмне иш аткарат? Ал ыйык рух менен майланган окуучуларынын үстүнөн башчылык кылып, кабар айтуу ишинде аларга жетекчилик берет жана аларды тирилишкенден кийин Атасынын Падышалыгында өзү менен бирге падышалык кылууга даярдайт.

Мисалы, Ыйса башка өлкөлөрдө да окуучуларды даярдоо ишине жетекчилик кылсын үчүн Савлды тандайт, ал кийинчерээк Павел деген римче аты менен көбүрөөк таанылат. Савл Кудайдын Мыйзамын тырышчаактык менен аткарганы менен, иудейлердин диний жетекчилери тарабынан натуура жолго салынган эле. Ошондуктан Савл Стефандын өлтүрүлүшүн туура деп эсептемек гана турсун, Ыйсанын жолдоочуларынын мүмкүн болушунча баарын таап, кармап, Иерусалимге алып келиш үчүн, дин башчы Каиафанын уруксаты менен Дамаскка жөнөйт. Бирок Савл жолдо баратканда, күтүлбөгөн жерден ага абдан күчтүү жарык тийип, жерге кулап түшөт.

— Савл, Савл! Мени эмнеге куугунтуктайсың? — деген кимдир бирөөнүн үнү угулат ага.

— Сен кимсиң, Эге? — деп сурайт Савл.

— Мен сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын,— деп жооп берет үн.

Ыйса табияттан тышкаркы жарыктан улам көзү көрбөй калган Савлга Дамаскка барып, андан аркы көрсөтмөнү күтүүнү буйрук кылат. Анан аян аркылуу окуучуларынын бирине, Ананияга, Савл тууралуу мындай дейт: «Ал адам — менин ысмымды башка элдерге, ошондой эле падышаларга жана израиль уулдарына жеткириш үчүн тандап алган идишим».

Ыйсанын колдоосу менен Савл (эми Павел атыккан) жана башка кабарчылар жакшы кабарды таратууда, адамдарды окутууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Ыйсанын Павелге Дамаскка бараткан жолдо көрүнгөнүнөн 25 жылча өткөндө Павел жакшы кабардын «асман алдындагы бардык жаратуулардын арасында таратылганын» жазат.

Арадан көп жылдар өткөндөн кийин, Ыйса сүйүктүү расулу Иоаннга бир нече аян берет. Иоанн ошол аяндар аркылуу Ыйсанын падышалык күчү менен кайтып келгенин, чындыгында, тирүү кезинде эле көргөн. Алар Жазмадагы Иоанндын аяны деп аталган китепте баяндалат. Иоанн «шыктануу менен» келечекке, «Эгенин күнүнө», алып барылганын айтат. Ал эмне болгон «күн»?

Ыйык китептик пайгамбарлыктарды, ошондой эле Ыйсанын акыркы күндөр жөнүндөгү пайгамбарлыгын баам коюп изилдөө менен «Эгенин күнү» 1914-тарыхый жылда башталганын аныктоого болот. Дал ошол жылы Ыйса кайтып келген! Анын көзгө көрүнбөстөн, жылпыга жар салбастан келгени ишенимдүү окуучуларына гана белгилүү болгон. Ошол жылы Иегова ага душмандарынын арасында бийлик жүргүзүүнү буйрук кылат!

Атасынын буйругуна баш ийип, Ыйса Шайтанды жана анын жин-перилерин жерге кууп түшүрүп, асманды тазалаган. Иоанн муну аяндан көргөндөн кийин, асмандан: «Эми Кудайдын куткаруусу, кубаты жана падышалыгы менен анын Христосунун бийлиги келди»,— деген үн угулат. Ырас, 1914-жылдан бери Машайык Падыша катары бийлик жүргүзө баштады!

Иегованын асмандагы кызматчылары үчүн бул кандай кубанычтуу кабар! Аларга: «Асман менен анын тургундары, кубангыла!» — деген чакырык айтылган. Ал эми жерде жашагандар кандай абалда болушмак? «Жер менен деңизге кайгы, анткени силерге өзүнүн убактысы аз калганын билген Ибилис катуу каары менен түштү»,— дейт асмандан чыккан үн.

Биз дал ошол «убакыт аз калган» маалда жашап жатабыз. Азыркы кезде адамдар же Кудайдын жаңы заманына кирүүгө, же жок кылынууга татыктуу экенин көрсөтүп жатышат. Чын-чынына келгенде, сенин өмүрүң учурда Ыйсанын жетекчилиги менен дүнүйө жүзүнүн булуң-бурчуна чейин таралып жаткан Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарга кандай мамиле кыларыңан көз каранды.

Андан соң Ыйса Машайык Кудайдын өкүлү катары жерди Шайтандын дүйнөсүнөн жана аны жактагандардын баарынан тазалайт. Ыйык Китепте Армагеддон деп аталган согушта Ыйса зулумдуктун баарын жок кылат. Андан соң Ааламда улуулугу боюнча Кудайдан кийинки орунду ээлеген Ыйса Шайтан менен анын жин-перилерин кармап, миң жылга «туңгуюкка», башкача айтканда, өлүм сымал иш-аракетсиз абалга камайт. Расул 7:55—60; 8:1—3; 9:1—19; 16:6—10; Забур 110:1, 2 [109:1, 2]; Еврейлер 10:12, 13; 1 Пётр 3:22; Лука 22:28—30; Колоссадагылар 1:13, 23; Аян 1:1, 10; 12:7—12; 16:14—16; 20:1—3; Матфей 24:14.

▪ Асманга барганда Ыйса кандай орунду ээлеген жана ал эмнени күткөн?

▪ Асманга баргандан кийин Ыйса кимдердин үстүнөн башкара баштаган жана бул эмнеден көрүнөт?

▪ «Эгенин күнү» качан башталган жана анын башталышында эмне болгон?

▪ Азыркы кезде жүрүп жаткан кабар айтуу ишинин ар бирибизге кандай тиешеси бар?

▪ Кабар айтуу аяктаганда кандай окуялар болот?