Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын үнүнүн үчүнчү жолу угулушу

Кудайдын үнүнүн үчүнчү жолу угулушу

104-бөлүм

Кудайдын үнүнүн үчүнчү жолу угулушу

ЫЙСА ийбадатканада жүргөндө алдыдагы өлүмү тууралуу ойлонуп, санаасы санга бөлүнүп жатты. Баарынан да аны тынчсыздандырган нерсе — анын өлүмү Атасынын даңкына кандай таасир тийгизе тургандыгы. Ошондуктан ал: «Ата, ысымыңды даңктай көр»,— деп тиленет.

Буга жооп кылып, асмандан: «Даңктагам жана дагы даңктайм»,— деген катуу үн чыгат.

Ыйсаны курчап турган эл дүрбөлөңгө түшөт. Бирөөлөрү: «Аны менен периште сүйлөштү»,— десе, башкалары күндүн күркүрөгү деп ырасташат. Бирок бул Иегова Кудайдын үнү болчу! Ыйса кызматын баштагандан бери адамдар Кудайдын үнүн биринчи жолу угуп жаткан жок.

Мындан үч жарым жыл мурун Чөмүлдүрүүчү Иоанн Ыйса чөмүлтүлүп жаткан убакта Кудайдын Ыйса жөнүндө: «Бул менин жактырган сүйүктүү Уулум»,— деп айтканын уккан. Ал эми бир жыл мурун, Пасах майрамынан бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ыйсанын көрүнүшүнө күбө болушкан Жакып, Иоанн жана Пётрлар да Кудайдын: «Бул менин жактырган сүйүктүү Уулум: аны уккула»,— деп жарыялаганын угушкан. Азыр да, 10-нисанда, Ыйсанын өлөрүнө төрт күн калганда, адамдар кайрадан Кудайдын үнүн угуп жатышат. Бирок бул жолкусунда Иегованын үнүн көп адамдар угушту!

Ыйса: «Бул үн мен үчүн эмес, силер үчүн»,— деп түшүндүрөт. Бул үн Ыйсанын чындап эле Кудайдын Уулу, убадаланган Мессия, экенин далилдеп жатат. «Эми бул дүйнөнүн соттолор маалы келди,— дейт Ыйса,— эми бул дүйнөнүн башкаруучусу куулат». Ыйса такыбаа жашоо өткөрүп, азыркы дүйнөнүн төрөсү Шайтан Ибилис «куулууга», өлүм жазасына, татыктуу экенин көрсөттү.

Өзүнүн өлүмү аркылуу эмнелер ишке ашарын Ыйса төмөндөгүдөй билдирет: «А мен, эгерде жерден жогору көтөрүлсөм, ар кандай адамдарды өзүмө тартам». Ыйса өлүмү аркылуу башкаларды түбөлүк жашашы үчүн өзүнө тарта алгандыктан, анын өлүмү эч качан жеңилгендик болуп саналбайт.

Бирок адамдар: «Биз Мыйзамдан Христос түбөлүккө болот деп укканбыз; анда кантип сен адам Уулу жогору көтөрүлүшү керек деп айтып жатасың? Адам Уулу деген ким?» — деп каршы чыгышат.

Бардык далилдерге, ошондой эле Кудайдын үнүн угушканына карабай, көптөр Ыйсанын чыныгы адам Уулу жана убадаланган Мессия экенине ишенишпейт. Бирок Ыйса кайрадан, жарым жыл мурун Алачыктар майрамындагыдай: «Силерде жарык барында, жарыктын уулдары болушуңар үчүн, ошол жарыкка ишенгиле»,— деп өзүнүн «жарык» экенин айтып, угуучуларын бекемдейт. Буларды айткандан кийин Ыйса кетет да, жашынып калат, кыязы, өмүрү коркунучта болгондуктан ошентет.

Иудейлер Ыйсага ишенбей жатышат, ошонусу менен алардын үстүнөн көздөрүн сокур, жүрөктөрүн таш кылып алган жана айыгуу үчүн кайрылышпаган эл тууралуу айткан Исаиянын пайгамбарлыгы аткарылып жатат. Исаия аянда Иегованын асман короолорунан Иегова менен бирге турган адам болгонго чейинки даңкындагы Ыйсаны көргөн. Бирок, Исаия пайгамбарлык кылгандай, иудейлер Ыйсанын аларга убадаланган Куткаруучу экенин кежирлик менен четке кагып жатышат.

Ошол эле учурда көптөр, атүгүл айрым башкаруучулардан өйдө (сыягы, иудейлердин жогорку сотунун, Синедриондун, мүчөлөрү) Ыйсага ишенип жатышат. Ошондой башкаруучулардын экөө — Никодим менен аримафейлик Жусуп. Бирок экөө тең азырынча ишенимдерин ачык билдирише элек, себеби синагогадагы ордуларынан айрылып калуудан коркушат. Алар кандай гана көп нерселерди жоготуп жатат!

Ыйса сөзүн улантып: «Мага ким ишенсе, мага эле эмес, мени жибергенге да ишенет; ошондой эле мени ким көрүп турса, мени жибергенди да көрөт. [...] Ал эми ким менин сөзүмдү угуп, аны аткарбаса, мен аны соттобойм; анткени мен дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим... Менин айткан сөздөрүм аны акыркы күнү соттойт»,— дейт.

Иегова адамзатты ушунчалык сүйгөндүктөн Ыйсаны ага ишенген адамдар куткарылып калышы үчүн жиберген. Бирок адамдардын куткарылуусу алар Кудайдын Ыйса аркылуу айттыргандарынын баарын аткарышабы же жокпу, ошондон көз каранды. Сот «акыркы күнү», Машайыктын миң жылдык Падышалыгынын убагында, жүрөт.

Ыйса сөзүн: «Мен өз оюман айткан жокмун, бирок мени жиберген Атамдын өзү мага эмне айтып, эмне сүйлөштү буйрук кылган. Анын буйругу түбөлүк өмүрдү билдирерин мен билем. Ошондуктан эмне айтсам, баарын Атам мага кандай айтса, ошондой кылып айтып жатам»,— деп аяктайт. Иоанн 12:28—50; 19:38, 39; Матфей 3:17; 17:5; Исаия 6:1, 8—10.

▪ Ыйса кызматын баштагандан тартып Кудайдын үнү кайсы учурларда үч жолу угулат?

▪ Исаия пайгамбар Ыйсанын даңкын кандайча көргөн?

▪ Башкаруучулардын арасынан кимдер Ыйсага ишенишкен жана алар ишенимдерин эмне үчүн ачык билдиришпейт?

▪ «Акыркы күн» деген эмне жана ал убакта адамдар эмненин негизинде соттолушат?