Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Куугунтуктарга даярдоо

Куугунтуктарга даярдоо

50-бөлүм

Куугунтуктарга даярдоо

ЫЙСА расулдарына кабар айтуу ыкмаларын үйрөткөндөн кийин, алардын душмандары боло турганын эскертет. Ал: «Мына, силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жиберип жатам... Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди жергиликтүү сотторго берип, өз синагогаларында сабашат. Ошондой эле силерди менин айыман башкаруучуларга жана падышаларга сүйрөп барышат».

Ооба, шакирттерин алдыда ырайымсыз куугунтуктоолор күтүп турат, бирок Ыйса аларды: «Силерди сотко бергенде, кантип жана эмне айтабыз деп тынчсызданбагыла, себеби эмне айтуу керек экени силерге ошо саатта берилет; анткени өзүңөр эле сүйлөбөйсүңөр, бирок Атаңардын руху силер аркылуу сүйлөйт»,— деп бекем ишендирет.

Ыйса андан ары сөзүн улап: «Мындан сырткары, бир тууган өзүнүн бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят, ал эми балдар ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт»,— дейт. Ал дагы кошумчалап: «Менин ысымым үчүн да баарына жек көрүнөсүңөр, бирок акырына чейин ким чыдаса, ошо куткарылат»,— деп айтат.

Кабар айтуу иши өтө маанилүү. Ошондуктан эркин кызмат кылууну уланта берүү үчүн, этият болуу өтө зарыл экенин Ыйса баса белгилейт. «Силерди бир шаардан куугунтуктаганда, башкасына качкыла,— дейт ал,— анткени чынын айтам силерге: Израилдин шаарларынын баарын аягына чейин кыдырып бүткөнүңөрчө, адам Уулу келип калат».

Ыйса жогорудагы көрсөтмөлөрдү, эскертүүлөрдү жана бекемдөөлөрдү өзүнүн расулдарына эле айтканы менен, анын сөздөрү ал өлүп-тирилгенден кийин дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишине катышкандарга да тиешелүү. Бул анын окуучулары расулдар жиберилген Израиль элине гана эмес, а «баарына жек көрүнөрүн» айткан сөзүнөн көрүнүп турат. Мындан сырткары, Ыйса расулдарын кыска мөөнөттө жүргүзүлгөн кабар айтуу өнөктүгүнө жибергенде, аларды эч ким башкаруучуларга жана падышаларга алып барган эмес. Ошондой эле ал убакта ишенимдегилердин эч кимиси бир туугандары тарабынан өлтүрүлгөн эмес.

Окуучулары бүт шаарларды кыдырып бүткүчө, «адам Уулу келип каларын» айтуу менен Ыйса даңкталган Падыша катары Армагеддондо Иегованын өкүмүн аткарууга келгенинде, окуучулары орнотулган Падышалык тууралуу кабарды жер жүзү боюнча таркатып бүтө элек болорун пайгамбарлык түрдө көрсөткөн.

Ыйса кабар айтууга карата көрсөтмө берүүсүн улантып: «Кул мырзасынан жогору болбогондой эле, шакирт устатынан жогору эмес»,— дейт. Ошондуктан анын жолдоочулары Падышалык тууралуу кабар айткандыгы үчүн Ыйсадай болуп жек көрүнүп, куугунтукталарын билиши керек. Бирок Ыйса аларга: «Денени өлтүрүп, жанды өлтүрө албагандардан коркпогула, андан көрө жанды да, денени да гееннада жок кыла ала тургандан корккула»,— деп эскертет.

Буга карата Ыйса өзү келечекте аларга мыкты үлгү көрсөтөт. Ал эң зор күч-кубаттын ээси болгон Иегова Кудайдын алдында берилгендигин сактап калыш үчүн, өлүмдөн да тайманбайт. Ооба, Иегова — «жанды» (бул жердеги «жан» деген сөз келечекте жашоо мүмкүнчүлүгүн, тирүү жан болуу дегенди билдирет) жок кыла ала тургандын да, адамды тирилтип, түбөлүк өмүр бере ала тургандын да өзү. Асмандагы Атабыз Иегова кандай гана мээримдүү жана боорукер!

Андан ары Ыйса шакирттерин Иегова аларды сүйөрүн жана аларга кам көрөрүн билгизген көрсөтмөлүү мисал менен бекемдейт. «Эки таранчы бир тыйынга сатылбайбы? — деп сурайт ал.— Ошентсе да алардын бири да Атаңар байкабай калгыдай болуп жерге кулап түшпөйт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да бүт саналуу. Мына ошондуктан коркпогула; силер көп таранчыларга караганда алда канча баалуусуңар».

Ыйса окуучуларына тапшырган Падышалык тууралуу кабар үй-бүлөнү бөлүшү мүмкүн, эгерде үй-бүлөдөгүлөрдүн бири аны кабыл алып, башкалары кабыл албаса. «Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула,— деп түшүндүрөт Ыйса,— мен тынчтык эмес, а кылыч алып келдим». Демек, ыйык китептик чындыкты кабыл алыш үчүн эрдик керек. «Ким атасын же энесин менден артык көрсө, мага татыксыз,— дейт Ыйса,— ошондой эле ким баласын же кызын менден артык көрсө, мага татыксыз».

Бул насыяттоосун бүтүп жатып Ыйса окуучуларын кабыл алгандар анын өзүн кабыл алганга тете экенин көрсөтөт. «Ким бул кичинелердин бирине, ал шакирт болгондуктан, ичкенге бир эле чөйчөк муздак суу берсе, чынын айтам силерге: ал эч качан сыйлыгын жоготпойт». Матфей 10:16—42.

▪ Ыйса окуучуларына эмне тууралуу эскертет?

▪ Ал окуучуларын кандайча бекемдейт жана тынчтандырат?

▪ Ыйсанын көрсөтмөлөрү эмне үчүн азыркы жолдоочуларына да тиешелүү?

▪ Ыйсанын шакирти кандай мааниде устатынан жогору эмес?