Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Лазардын тирилтилиши

Лазардын тирилтилиши

91-бөлүм

Лазардын тирилтилиши

ЫЙСА берки адамдар менен бирге Лазардын мүрзөсүнө келет. Көр болсо оозу таш менен жабылган кадимки эле үңкүр болчу. «Ташты алып салгыла»,— деп буюрат Ыйса.

Марфа Ыйсанын эмне кылганы атканын али түшүнө элек, ошондуктан: «Эге, ал эбак эле жыттанып кетсе керек, төрт күн өтүп кетпедиби»,— деп каршы болот.

Бирок Ыйса андан: «Эгерде ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп сага айткан жок белем?» — деп сурайт.

Ошондо ташты алышат. Ыйса асманды карап: «Ата, мени укканың үчүн ыраазымын. Ооба, мени дайыма угарыңды билгем, бирок муну жанымда турган эл үчүн, алардын мени сен жибергениңе ишениши үчүн, айттым»,— деп тиленет. Азыр кыла турган иши Кудай берген күч аркылуу аткарыларын адамдар билиши үчүн, Ыйса атайлап үнүн чыгарып тиленип жатат. Анан ал катуу үн менен: «Лазар, бери чык!» — деп чакырат.

Лазар чыгып келет. Анын колу-буту кепинге оролуп, бети жоолук менен таңылган болчу. «Аны чечкиле, бассын»,— дейт Ыйса.

Бул кереметти көрүп, Мариам менен Марфаны соороткону келген иудейлердин көбү Ыйсага ишене башташат. Айрымдары болсо болгон окуяны фарисейлерге билдирүү үчүн жөнөшөт. Фарисейлер менен диний жетекчилер шашылыш түрдө Синедрионду, иудейлердин жогорку сотун, чогултушат.

Синедриондун тобуна дин башчы [ошол маалда Каиафа] менен фарисейлер, саддукейлер жана диний жетекчилер, ошондой эле мурун дин башчы болуп жүргөндөр кирет. Алар: «Эмне кылсак, бул киши көптөгөн кереметтерди жасап жатпайбы? Аны ушу бойдон калтыра турган болсок, элдин баары ага ишенип кетет, анан римдиктер келип, жерибизди да, элибизди да ээлеп алышат»,— деп, нааразычылыктарын билдиришет.

Диний жетекчилер Ыйсанын «көптөгөн кереметтерди» жасап жатканын моюнга алышканы менен, аларды тынчсыздандырган бир гана нерсе — өзүлөрүнүн жогорку абалын жана бийлигин кандайча сактап калуу. Лазардын тирилтилиши өзгөчө саддукейлер үчүн чоң сокку болду, анткени алар тирилүүгө ишенишпейт.

Каиафа, сыягы, саддукей, сөз баштап мындай дейт: «Силер эч нерсени билбейсиңер да, түшүнбөйсүңөр, бүтүндөй эл өлгөндөн көрө, эл үчүн бир адамдын өлгөнү силерге пайда эмеспи».

Бул сөздү айтканга Каиафага Кудай түрткү берген, анткени кийинчерээк расул Иоанн мындай деп жазат: «Муну ал өз оюнан чыгарып айткан жок». Каиафа Ыйсаны мындан ары алардын жогорку абалына жана бийлигине тоскоол болбошу үчүн өлтүрүш керек деп айткысы келген. Бирок, Иоанндын айтканына караганда, Каиафа Ыйсанын «эл үчүн эле эмес, а Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн» да өлөрүн алдын ала айткан. Ооба, Кудай Уулунун бардык адамдарды куткаруу үчүн өлүмгө барышы — Кудайдын каалоосу.

Ошентип, Каиафа Синедриондун мүчөлөрүн Ыйсаны өлтүрүүгө чечим чыгарууга көндүрөт. Бирок Ыйса бул тууралуу, сыягы, аны менен достук мамиледе болгон Никодимден, Синедриондун мүчөсүнөн, угат да, ал жерден кетип калат. Иоанн 11:38—54.

▪ Эмне үчүн Ыйса Лазарды тирилтерден мурун үнүн чыгарып тиленет?

▪ Тирилүүнү өз көзү менен көргөндөр эмне кылышат?

▪ Синедриондун мүчөлөрүнүн ою бузук экени кандайча көрүнүп турат?

▪ Каиафа эмнени айткысы келген, бирок Кудай ал аркылуу пайгамбарлыкты кантип айттырат?