Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Маанилүү күндүн башталышы

Маанилүү күндүн башталышы

105-бөлүм

Маанилүү күндүн башталышы

ДҮЙШӨМБҮ күнү кечинде Ыйса Иерусалимден Зайтун тоосунун боорунда жайгашкан Вифанияга кайтып келет. Ыйсанын Иерусалимде акыркы жолу кызмат кылуусунун эки күнү өтүп кетти. Албетте, Ыйса бул түндү да досу Лазардыкында өткөрөт. Ал ушуну менен жума күнү Иерихондон келгенден бери Вифанияда төртүнчү түндү өткөрүп жатат.

Шейшемби күнү, 11-нисанда, Ыйса таң заарда окуучулары менен кайрадан жолго чыгат. Ыйсаны алдыда буга чейин өткөргөн күндөрүнүн эң оор күнү, жердеги кызматынын эң маанилүү күнү, күтүп турат. Бул күнү ал акыркы жолу ийбадатканага барат, ошондой эле айыпталып, өлтүрүлөрүнүн алдында акыркы ирет элге кабар айтат.

Ыйса окуучулары менен Иерусалимге, адаттагыдай эле, Зайтун тоосу аркылуу барат. Жолдо баратканда Пётр өткөн күнү Ыйса каргаган анжыр дарагын көрөт. «Рабби, карачы! — дейт Пётр.— Сен каргаган анжыр дарагы куурап калыптыр».

Ыйса бул даракты эмне үчүн кууратып салган? Мунун себеби Ыйсанын төмөндөгү жообунан айкын болот: «Чынын силерге айтам: эгерде ишенимиңер болуп эле шектенбесеңер, мен анжыр дарагына кылганды эле кылбастан, мынабу тоого [алар турган Зайтун тоосуна]: „Ордуңан көтөрүл да деңизге кула“,— деп айтсаңар, ал аткарылат. Ошондой эле ишеним менен тиленип, эмнени сурабагыла, баарын аласыңар».

Ыйса анжыр дарагын кууратуу менен окуучуларына Кудайга ишенүү канчалык маанилүү экенин көрсөтүп жатат. Ал: «Эмне тууралуу тиленбегиле жана сурабагыла, эчак эле алгандай ишенгиле, ошондо силерде болот»,— деп айтат. Бул алар үчүн кандай гана маанилүү сабак, себеби алардын алдында дагы канчалаган чоң сыноолор турат! Бирок анжыр дарагынын куурап калуусу менен ишенимдин сапатынын ортосунда дагы бир байланыш бар.

Израиль элинин көркү да анжыр дарагыныкына окшош. Анткени бул эл Кудай менен келишимде турса да жана бир караганда, анын парыздарын аткарып жүргөндөй көрүнсө да, ишеними жок жана жакшы жемиш берүүгө жараксыз болуп чыгат. Ишеними жоктугунан бул эл атүгүл Кудайдын Уулун да четке кагууга даяр! Ошондуктан жемиш бербеген анжыр дарагын кууратуу менен Ыйса жемишсиз, ишенимсиз бул элдин аягы эмне болуп бүтөрүн көрсөтүп жатат.

Арадан көп өтпөй Ыйса окуучулары менен Иерусалимге кирип келет жана адаттагысындай эле ийбадатканага барып окута баштайт. Дин кызматчылар менен эл аксакалдары Ыйсанын өткөн күнү акча алмаштыруучуларды эмне кылганын, албетте, билишет, ошондуктан алар: «Сен муну кайсы бийлик менен кылып жатасың? Бул бийликти сага ким берди?» — деп андан түшүндүрүп берүүсүн талап кылышат.

Анда Ыйса: «Силерден мен да бир нерсе сурайын. Эгерде жооп берсеңер, мен да силерге муну кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтып берем: Иоанндын чөмүлтүүсү кайдан болгон? Асманданбы же адамдарданбы?» — деп жооп берет.

Дин кызматчылар менен эл аксакалдары ага эмне деп жооп беришти өздөрүнчө акылдаша башташат: «Эгер: „Асмандан“,— десек, ал бизге: „Анда эмне үчүн силер ага ишенген жоксуңар?“ — дейт. А эгер: „Адамдардан“,— десек, элден коркууга туура келет, анткени баары Иоаннды пайгамбар деп эсептешет».

Эл башчылары Ыйсага кантип жооп беришти билбей баштары катат. Ошондуктан алар: «Билбейбиз»,— деп жооп беришет.

Анда Ыйса аларга: «Мен да силерге муну кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм»,— дейт. Матфей 21:19—27; Марк 11:19—33; Лука 20:1—8.

▪ Эмне үчүн шейшемби, 11-нисан, өтө маанилүү күн?

▪ Анжыр дарагын кууратуу менен Ыйса кандай сабак берет?

▪ Ыйса баарын кайсы бийлик менен кылып жатканын сурагандарга эмне деп жооп берет?