Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Марфага берилген кеңеш жана тиленүүгө байланыштуу насыяттоолор

Марфага берилген кеңеш жана тиленүүгө байланыштуу насыяттоолор

74-бөлүм

Марфага берилген кеңеш жана тиленүүгө байланыштуу насыяттоолор

ИУДЕЯДА кызматын улантып жүрүп Ыйса Вифания кыштагына келет. Ал жерде Марфа, Мариам жана алардын бир тууганы Лазар жашайт. Ыйса алар менен, сыягы, мурун эле, кызмат кылып жүргөндө, таанышкан окшойт. Азыр болсо алар жакын достордон болуп калышкан. Кандай болсо да, Ыйса Марфанын үйүнө келет жана Марфа аны меймандостук менен тосуп алат.

Ал Ыйсанын алдына колунда болгон жакшы нерселеринин баарын койгонго аракет кылат. Ооба, Мессияны өз үйүңдө кабыл алуу, чынында эле, чоң сыймык эмеспи! Ошондуктан Марфа Ыйсаны болушунча жакшы жайгаштырууга жана тамактын өзгөчө түрүн даярдоого камданып, үй оокаты менен алышып кирет.

Ал эми Марфанын бир тууганы Мариам Ыйсанын жанына олтурат да, анын айткан сөздөрүн угат. Бир аз убакыттан кийин Марфа Ыйсага кайрылып: «Эге, бир тууганымдын бүт оокаттын баарын мага кылдыртып коюшу сен үчүн чын эле баары бирби? Ага айтып койчу, мага жардам берсин»,— дейт.

Бирок Ыйса Мариамга бирдеме айтуунун зарылдыгы жок экенин туура көрөт. Анын ордуна ал Марфага кеңеш айтат, анткени Марфа материалдык нерселерге өтө эле көп көңүл буруп алган болчу. «Марфа, Марфа,— дейт Ыйса мээримдүүлүк менен,— сен көп нерселерге убара болуп, тынчсызданып жатасың. А негизи бир аз эле же бирөө эле керек да». Ыйса мынчалык түрлүү тамак даярдоонун жана ага ушунчалык көп убакыт сарптоонун кереги жок экенин айтып жатат. Тамактын бир нече эле түрүн же бир эле түрүн даярдоо жетиштүү.

Марфанын ой-ниети жакшы: ал меймандос болууга аракеттенүүдө. Бирок өтө эле түйшүккө малынып алуу менен ал Кудайдын Уулунун өзүнөн окуп калуу мүмкүнчүлүгүн койберип жатат! Ошондуктан Ыйса сөзүн: «Мариам болсо жакшысын тандап алды, ал андан тартылып алынбайт»,— деп аяктайт.

Кийинчерээк, башка бир учурда, шакирттеринин бири Ыйсадан: «Эге, Иоанн өзүнүн шакирттерин үйрөткөндөй эле, бизди да тиленүүгө үйрөт»,— деп суранат. Мындан бир жарым жыл мурун, Ыйса Тоодогу насаатында үлгүлүү тиленүүнү үйрөткөндө, сыягы, бул шакирти жок болсо керек. Андыктан Ыйса ошол тиленүүнү кайталайт да, кайра-кайра тиленүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеш үчүн көрсөтмөлүү мисал келтирет.

«Араңардан кимиңер досуна түн жарымында барып: „Досум, мага үч нан берип турчу, анткени досум өтүп баратып, үйүмө кирип калыптыр, а менин ага бергенге эчтекем жок болуп атат“,— деп айтат? — деп баштайт Ыйса сөзүн,— а тиги болсо ичкериден минтип жооп берет: „Тынчымды албасаңчы. Эшик эбак эле бекиген, балдарым болсо койнумда жатат; сага нан бериш үчүн тура албайм“. Силерге айтарым: эгерде ал досу болгону үчүн туруп барып эчтеке бербесе да, анын кайра-кайра сурагандыгы үчүн туруп барып, ага керек болгонду берет».

Ыйса муну менен Иегованы мисалда келтирилген көңүлсүз кабыл алган доско окшоштурайын деген жок. Ушундай суз мамиле кылган дос да кайра-кайра суранууну кабыл алып жаткандан кийин, асмандагы мээримдүү Атабыз андан бетер кабыл аларын айтып жатат. Ошондуктан Ыйса сөзүн улап: «Андыктан силерге айтарым: сураганыңарды токтотпогула, силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, табасыңар; такылдатканыңарды токтотпогула, силерге ачылып берилет. Анткени ар бир сураган адам алат, издеген табат, такылдатканга ачылып берилет»,— дейт.

Андан кийин Ыйса жеткилең эмес адамдарды мисал кылат: «Араңарда кайсы ата уулу балык сураса, анын ордуна жылан берет? Же жумуртка сураса, ага чаян берет? Демек, силер катаал болуп туруп, балдарыңарга жакшы белектерди берүүнү билсеңер, анда ого бетер Асмандагы Ата сурагандарга ыйык рухун берет!» — деп айтат. Кайра-кайра тиленүүнүн маанилүүлүгүн Ыйса кандай гана ишендирээрлик түрдө көрсөтүп жатат. Лука 10:38—11:13.

▪ Эмне үчүн Марфа Ыйса үчүн ушунча көп нерселерди жасагысы келет?

▪ Мариам эмне кылат жана эмне үчүн Ыйса Марфаны эмес Мариамды мактайт?

▪ Тиленүү жөнүндөгү насаатын кайталаганга Ыйсага эмне түрткү берет?

▪ Кайра-кайра тиленүүнүн маанилүүлүгүн Ыйса кандайча көрсөтөт?