Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Матфейдин окуучу болууга чакырылышы

Матфейдин окуучу болууга чакырылышы

27-бөлүм

Матфейдин окуучу болууга чакырылышы

КАПЕРНАУМДА шал оорулуу адамды айыктыргандан кийин Ыйса шаардан чыгып, Галилея деңизине жөнөйт. Эл кайрадан чогулуп, Ыйса аларды окута баштайт. Андан ары өтүп баратып Ыйса Левий деп да аталган Матфейди көрөт, ал «салык кеңсесинде» олтурган. «Менин окуучум бол»,— деп чакырат аны Ыйса.

Пётр, Андрей, Жакып жана Иоанн окуучу болууга чакырылганга чейин эле Ыйсанын окутуулары жөнүндө билгендей эле, Матфей да бул окутуулар менен тааныш окшойт. Себеби, аларга окшоп, бул да чакырыкты токтолбостон кабыл алат. Ошентип, Матфей салык жыйноочулукту таштайт да, Ыйсанын артынан жөнөйт.

Кийинчерээк Матфей үйүндө той өткөрөт, кыязы, окуучу болууга чыкырылганына байланыштуу болсо керек. Тойго Ыйса жана анын окуучуларынан тышкары салык жыйноочулардын бир тобу чакырылат. Аларды иудейлердин көбү жактырышпайт, себеби алар жек көрүндү болгон Рим өкмөтү үчүн салык чогултушат. Анан калса, алардын көбү элден ашыгы менен акча алган алдым-жуттумдар эле.

Фарисейлер Ыйсанын мындай адамдар менен тойлоп отурганын көрүшүп, анын окуучуларынан: «Эмне үчүн Устатыңар салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен чогуу ичип-жеп олтурат?» — деп сурашат. Ыйса бул суроону угуп: «Дарыгерге дени сактар эмес, оорулуулар муктаж. Ошондуктан барып: „Курман чалууну эмес, ырайым кылууну каалайм“ дегендин мааниси эмне экенин үйрөнгүлө. Анткени мен такыбааларды эмес, күнөөлүүлөрдү чакырганы келгем»,— деп жооп берет фарисейлерге.

Матфей салык жыйноочуларды Ыйсаны угуп, рухий жактан айыгышсын деген максатта үйүнө чакырган окшойт. Ошон үчүн Ыйса алар менен сүйлөшүп жатып, алардын Кудай менен жакшы мамиледе болушуна жардам берүүгө аракет кылууда. Ал мындай адамдарды өздөрүн адилеттүүбүз деп ойлошкон фарисейлердей болуп жек көрүүдөн алыс. Анын ордуна, аларга боору ооруп, рухий дарыгер катары жардам берүүдө.

Ыйсанын күнөөлүүлөргө ырайым көрсөтүшү алардын күнөөлөрүнө көз жуумп койду дегенди билдирбейт, бул — Ыйсанын оорулууларга карата туйган сезимдеринин эле чагылдырылышы. Мисалы, Ыйсанын пес оорулуу адамга боору ачыгандык менен: «Каалайм. Тазалан» — деп, колун тийгизгенин эстесең. Биз да муктаж болгондорго кайрымдуу болуп, өзгөчө, аларга рухий жактан жардам берүүгө аракет жасайлы. Матфей 8:3; 9:9—13; Марк 2:13—17; Лука 5:27—32.

▪ Ыйса Матфейге каяктан жолугат?

▪ Матфей эмне иш кылчу жана мындай иш кылгандарды иудейлер эмне себептен жек көрүшкөн?

▪ Ыйсаны эмне үчүн сынга алышат жана ал эмне деп жооп берет?

▪ Эмнеге Ыйса күнөөлүүлөр менен деле сүйлөшө берет?