Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машайыктын Падышалык даңкынын көрүнүшү

Машайыктын Падышалык даңкынын көрүнүшү

60-бөлүм

Машайыктын Падышалык даңкынын көрүнүшү

ЫЙСА Филипп Кесариясынын аймактарына келип, элди жана расулдарын окутат. Ал: «Чынын айтам силерге: ушул жерде тургандардын айрымдары адам Уулунун падышалыгына келгенин көргөнгө чейин өлүмдүн даамын татыбайт» — деп, таң каларлык сөздөрдү айтат.

«Бул эмнени билдирет болду экен»,— деп шакирттери таң калышса керек. Болжол менен бир жумадан кийин Ыйса Пётрду, Жакыпты жана Иоаннды өзү менен кошо алып, бийик тоого чыгат. Окуучуларынын уйкусу келгенине караганда, сыягы, бул окуя түн ичинде болгон. Ыйса тиленип жатып, алардын алдында кубулат: анын жүзү күндөй жаркырап, кийимдери болсо нур сыяктуу агарып калат.

Андан кийин дагы экөө, «Муса менен Илия», пайда болуп, Ыйса менен анын «Иерусалимде ишке аша турган кетиши тууралуу» сүйлөшө башташат. «Кетиши» деген сөз, сыягы, Ыйсанын өлүмүн жана тирилишин билдирсе керек. Ошондуктан бул маектешүү, Пётр каалаганына карабастан, Ыйсанын шылдыңдуу өлүмдөн баш тартышы мүмкүн эмес экенин далилдеп турат.

Окуучулары аларды кызыгуу менен карап атышып, уйкулары да ачылып кетти. Болуп аткандар тек гана көрүнүш эле, бирок баардыгы чыныгы окуядай болуп жаткандыктан, Пётр да ага кошо аралашып: «Эге, бул жерде болуу бизге абдан жагып атат. Эгер кааласаң, үч алачык жасайын: бирөөнү сага, бирөөнү Мусага, бирөөнү Илияга»,— дейт.

Пётр сөзүн аягына чейин айтып бүтө электе, капысынан аларды жаркыраган булут каптап, андан: «Бул менин жактырган сүйүктүү Уулум: аны уккула»,— деген үн угулат. Окуучулары жерге жүздөмөндөп жыгылышат, бирок Ыйса: «Тургула, коркпогула»,— деп айтат. Алар турушуп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшпөйт.

Кийинки күнү тоодон түшүп келатышканда Ыйса аларга: «Бул көрүнүш тууралуу адам Уулу тирилгенге чейин эч кимге айтпагыла»,— деп буюрат. Көрүнүштө Илия да пайда болгондуктан, окуучуларында: «Эмне үчүн китепчилер адегенде Илия келиши керек деп айтышат?» — деген суроо туулат.

«Илия келген,— дейт Ыйса,— бирок аны таанышкан жок». Ыйса Илияныкындай тапшырмасы бар Чөмүлдүрүүчү Иоанн тууралуу айтып жатат. Илия — Елисейге, а Иоанн болсо Ыйса Машайыкка жол даярдаган.

Бул көрүнүш Ыйсаны да, шакирттерин да кандай гана кайраттандырган! Аны Ыйса Машайыктын Падышалыгындагы даңкынын алдын ала көрсөтүлүшү деп атаса болот. Ыйса бир жума мурун убада бергендей, шакирттери «адам Уулунун падышалыгына келгенин» көрүштү. Ыйса өлгөндөн кийин, Пётр «аны менен ыйык тоодо болгон кезде» «анын улуктугуна күбө болушканын» жазган.

Фарисейлер Ыйсадан өзүнүн Кудай тандаган жана Жазмада убадаланган Падыша экенин далилдеши үчүн жышаан көрсөтүүнү талап кылышкан. Бирок аларга жышаан көрсөтүлгөн эмес. Ал эми Ыйсанын жакын окуучуларына Падышалык тууралуу пайгамбарлыктардын баарын ырастаган анын кубулушун көрүүгө уруксат берилген. Ошо себептен Пётр кийинчерээк: «Ошондуктан биз пайгамбарлык сөзгө мурункудан да көбүрөөк ишенебиз»,— деп айткан. Матфей 16:13, Матай 16:28—17:13; Марк 9:1—13; Лука 9:27—37; 2 Пётр 1:16—19.

▪ Ыйсанын айрымдар анын «Падышалыгына келгенин» көргөнгө чейин өлүмдүн даамын татыбайт деген сөздөрү кандайча аткарылды?

▪ Көрүнүштө Муса, Илия жана Ыйса эмне тууралуу сүйлөшүшөт?

▪ Эмне үчүн бул көрүнүш шакирттерди абдан кайраттандырган?