Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Миналар тууралуу көрсөтмөлүү мисал

Миналар тууралуу көрсөтмөлүү мисал

100-бөлүм

Миналар тууралуу көрсөтмөлүү мисал

ЫЙСА, калыбы, дагы эле Закхейдин үйүндө, ал аныкына Иерусалимге кетип баратып токтогон болчу. Шакирттери Ыйса Иерусалимге барганда өзүнүн Мессия экенин билдирип, Падышалыкты орнотот деп ойлоп жатышат. Бирок Ыйса алардын мындай туура эмес оюн оңдош үчүн жана Падышалыкка али көп бар экенин билдирүү үчүн, көрсөтмөлүү мисал келтирет.

«Ак сөөктөр тукумунан болгон бир адам,— дейт ал,— падышалык бийликти алып, кайра кайтып келүү үчүн, алыскы өлкөгө жөнөп кетет». «Ак сөөктөр тукумунан болгон адам» — бул Ыйса, ал эми «алыскы өлкө» — асман. Ыйса ал жакка барганда, Атасы ага падышалык бийликти берет.

Бирок сапарга аттанардан мурун ал адам өзүнүн он кулун чакырат да, алардын ар бирине бирден күмүш мина берет. Анан: «Мен кайтып келгиче буларды иштеткиле»,— деп айтат. Бул көрсөтмөлүү мисалдын биринчи аткарылышында он кул Ыйсанын алгачкы окуучуларын, ал эми кеңири колдонулушунда болсо асман Падышалыгында Ыйса менен бирге мурасчы боло тургандардын баарын билдирет.

Күмүш миналар — бул баалуу тыйындар, алардын ар бири айыл-чарба жумушчусунун үч айлык эмгек акысына барабар. Бирок көрсөтмөлүү мисалдагы миналар эмнени билдерет? Кулдар аларды эмне кылышы керек?

Миналар — Ыйса убадаланган Падышалыктын Падышасы катары келгенге чейинки анын ыйык рухтан туулган окуучулары асман Падышалыгынын мурасчыларын көбөйтүү үчүн колдоно турган бардык каражаттарды билдирет. Ыйса тирилип, окуучуларына жолуккандан кийин, аларга каймана маанидеги миналарды берген, анткени алар көбүрөөк окуучуларды даярдоо менен асман Падышалыгына кире тургандарды чогултушу керек болчу.

«Бирок атуулдаштары,— деп Ыйса сөзүн улайт,— аны [ак сөөктөр тукумунан болгон адамды] жек көрүшчү, ошондуктан анын артынан: „Бул адамдын биздин үстүбүздөн падышалык кылышын каалабайбыз“,— деп айттырыш үчүн, элчилердин тобун жиберишет». Атуулдаштар — Ыйсаны жолдобогон израиль эли же иудейлер. Ыйса асманга кеткенден кийин, иудейлер анын окуучуларын куугунтуктай башташкан, ошонусу менен Ыйсанын аларга падыша болушун каалабаганын көрсөтүшкөн. Мына ошол иш-аракеттери менен алар ак сөөктөр тукумунан болгон адамдын артынан элчилерди жиберген атуулдардай иш кылышкан.

Ал эми он кул миналарын кандайча колдонот? Ыйса ал тууралуу муну айтат: «Ошентип, ал падышалык бийлигин алып, кайтып келгенде күмүш тыйындарды алган кулдарды, алар миналарды иштетүү менен канча пайда табышканын билиш үчүн, өзүнө чакыртат. Алардын биринчиси келип мындай дейт: „Мырза, сенин минаң он мина пайда алып келди“. Анда ал ага: „Азаматсың, мыкты кул! Сен эң кичинекей нерседе ишенимдүү болгондугуң үчүн он шаардын үстүнөн бийлик кыл“,— дейт. Андан кийин экинчиси келип мындай дейт: „Сенин минаң, Мырза, беш мина пайда алып келди“. Ал экинчиге да: „Сен беш шаарды башкарасың“,— деп айтат».

Он мина алып келген кул — 33-жылдын Эгин оруп-жыюу майрамынан биздин күндөргө чейин бар болуп келаткан окуучулардын тобун билдирет. Алардын ичинде расулдар да бар. Беш мина алып келген кул да ошол убактан бери келаткан топту — жерде падышанын мүлкүн алына жана жөндөмдүүлүктөрүнө жараша көбөйтүүгө катышып келаткандарды — билдирет. Эки топ тең жакшы кабарды ынталуулук менен кабарлап келишүүдө, натыйжада көптөгөн чын ыкыластуу адамдар Ыйсанын жолдоочулары болууда. Тогуз кул ишти ийгиликтүү жүргүзүшүп, өздөрүнө берилгенди көбөйтүштү.

Ыйса андан ары сөзүн мындайча улайт: «Андан кийин дагы башкасы келип: „Мырза, мына сенин минаң, мен муну чүпүрөккө ороп сактап койгом. Көрдүңбү, мен сенден коркком, анткени сен каардуу кишисиң; өзүң койбогон нерсени аласың да, сеппеген нерсени оросуң“,— дейт. Анда ал кулуна: „Сени өз оозуңан чыккан сөзүң менен айыптаймын, митаам кул. Анткени менин каардуу адам экенимди, койбогон нерсени аларымды жана сеппеген нерсени орорумду сен билгенсиң да?! А эмне үчүн анда менин күмүш тыйындарымды акча өстүрүүчүлөргө өткөргөн жоксуң? Мен келгенде аларды үстөгү менен алмакмын да“,— дейт. Анан жанында тургандарга минтип айтат: „Мындагы минаны алгыла да, он минасы барга бергиле“».

Митаам кул каймана маанидеги минадан айрылат, бул болсо анын асман Падышалыгындагы ордун жоготконун билдирет. Ооба, ал, өтмө мааниде айтканда, он же беш шаардын үстүнөн бийлик кылбайт. Ошондой эле ал кулдун митаам деп аталганынын себеби анын кандайдыр бир жаман иш кылгандыгы үчүн эмес, а өзүнүн мырзасынын байлыгын көбөйтпөгөндүгү үчүн экенин да белгилей кетүү зарыл.

Митаам кулдун минасы биринчи кулга берилгенде, кимдир бирөө: «Мырза, анын он минасы бар да!» — деп каршы болот. Бирок Ыйса мындай жооп айтат: «Кимде бар болсо, ага андан да көп берилет, а кимде жок болсо, андан бар болгондору да тартылып алынат. Ал эми менин аларга падышалык кылышымды каалабаган алдыгы душмандарымды бул жерге алып келип, менин алдымда мерт кылгыла». Лука 19:11—27; Матфей 28:19, 20.

▪ Миналар тууралуу көрсөтмөлүү мисалды айтышына Ыйсага эмне түрткү берет?

▪ Ак сөөктөр тукумунан болгон адам ким жана ал кайсы өлкөгө жөнөп кетет?

▪ Кулдар кимдерди, ал эми миналар эмнени билдирет?

▪ Атуулдаштар деген кимдер жана алар жек көрүүсүн кантип көрсөтүшөт?

▪ Эмне үчүн кулдардын бири митаам деп аталган жана анын минадан айрылышы эмнени билдирет?