Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Момун болууга үйрөтүүчү сабак

Момун болууга үйрөтүүчү сабак

62-бөлүм

Момун болууга үйрөтүүчү сабак

ЫЙСА Филипп Кесариясынан анча алыс эмес жерден жин-перилер ээлеп алган баланы айыктыргандан кийин окуучулары менен бирге Капернаумга, үйүнө кайтып барууга камданат. Жанында окуучуларынын гана болушун каалайт, анткени алар менен өзүнүн өлүмү жана алардын кийинчерээк аткара турган жоопкерчиликтери жөнүндө дагы бир жолу сүйлөшө алат. Ыйса окуучуларына: «Адам Уулун элдин колуна салып беришет жана аны өлтүрүшөт, бирок ал өлтүрүлсө да, үч күндөн кийин кайра турат»,— деп айтат.

Бул тууралуу Ыйса аларга мурун да айткан, ошондой эле үч расулу анын «кетиши» тууралуу маектешүү жүрүп аткан учурдагы кубулууну өз көздөрү менен көрүшкөн, ошентсе да окуучулары мунун баарын аягына чейин жакшы түшүнүшө элек. Алардын эч кимиси Ыйсанын өлө турганын Пётрчулап жокко чыгарууга аракет кылган жок, бирок ошол эле учурда ал тууралуу Ыйсадан тагыраак билүүгө да умтулушкан жок.

Акыры алар Ыйсанын кызмат кылуусунун таяныч пункту болгон Капернаумга келишет. Бул шаар — Пётрдун жана башка айрым расулдардын туулуп-өскөн жери. Капернаумда Пётрга ийбадатканага салык чогулткан адамдар келишет. Сыягы, алар Ыйсанын салттарга карманбагандыгы үчүн айыбын ачабыз деген максатта:

— «Силердин устатыңар [ийбадаткана салыгына] эки драхма төлөйбү?» — деп сурашат.

— Ооба,— деп жооп берет Пётр.

Калыбы, Ыйса үйгө ушундан көп өтпөй эле келген жана ал тууралуу баарын билген. Пётр сөз баштагыча эле, Ыйса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Симон, жердеги падышалар бажы же киши башынан чогултулчу салыкты кимден жыйнашат? Өз уулдарынанбы же башкаларданбы?» — деп сурайт.

— Башка адамдардан,— дейт Пётр.

— Демек, уулдар салыктан бошотулат экен да,— деп айтат Ыйса. Ыйсанын Атасы ааламдын Падышасы — ийбадатканада кимге сыйынышса, ошонун Өзү — болгондуктан, Кудайдын Уулу, мыйзам боюнча, ийбадаткана салыгын төлөгөнгө милдеттүү эмес.

— Бирок аларга кедерги болбошубуз үчүн,— дейт Ыйса,— деңизге барып кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты ал, анын оозун ачканыңда статир [төрт драхма] табасың. Ошону алып, мен үчүн жана өзүң үчүн аларга бер.

Шакирттер Капернаумга кайтып келишип чогулушкан кезде (сыягы, Пётрдун үйүндө), алар: «Асман падышалыгында чынында ким улук?» — деп суроо беришет. Бул суроо эмне үчүн көтөрүлгөнүн Ыйса билет, анткени Филипп Кесариясынан кайтып келатышканда жолдон алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп келишкенин уккан. Ыйса алардан: «Жолдо эмне тууралуу талашып келдиңер?» — деп сурайт. Окуучулары уялып, унчугушпайт, анткени алар жолдо кимиси улук болору тууралуу талашып келишкен.

Ыйсадан дээрлик үч жыл билим алышкандан кийин да окуучулары ушундай темада талаш-тартыш жүргүзгөндүгү таң калыштуу көрүнбөйбү? Мындан адамдарга жеткилеңсиздик жана мурунку дини канчалык күчтүү таасир этери көрүнүп турат. Ыйсанын окуучулары тарбияланган иудей дининде адамдын ээлеген ордуна же кызмат абалына өзгөчө маани берилчү. Анын үстүнө Пётр, Ыйса ага Падышалыктын «ачкычтарын» берүүнү убада кылгандыктан, өзүн башкалардан өйдөрөөк сезсе керек. Ушу сыятуу эле сезимдер, мүмкүн, Жакып менен Иоаннда да болсо керек, себеби алар Ыйсанын кубулуусуна күбө болушкан.

Буга кандай гана себеп болбосун, Ыйса мындай көз карашты оңдоо үчүн жүрөк козгорлук көрсөтмөлүү мисал келтирет. Ал кичинекей баланы чакырып, алардын ортосуна коёт жана аны кучактап туруп: «Эгерде өзгөрүлбөсөңөр жана кичинекей балдардай болбосоңор, асман падышалыгына кирбейсиңер. Ошондуктан ким өзүн мына бу баладай жоошутса, асман падышалыгында ошол улук; жана ким ушундай бир баланы менин атыман кабыл алса, мени да кабыл алган болот»,— дейт.

Окуучуларын оңдогонго кандай сонун ыкма! Ыйса аларга ачууланбайт жана аларды текебер, ач көз же атак-даңкты сүйүүчүлөр деп да атабайт. Анын ордуна өтө айкын мисалдын жардамы менен алардын көз карашын оңдоп жатат: ал атак-даңк, мансап жөнүндө ойлонбогон жана бой көтөрүүнү билбеген кичинекей балдарды мисал кылат. Окуучуларына так ушундай балдардагы сапаттар керек экенин Ыйса ушундайча көрсөтөт. Ал сөзүн: «Араңарда ким өзүн кичүүдөй алып жүрсө, ошол улук»,— деп аяктайт. Матфей 17:22—27; 18:1—5; Марк 9:30—37; Лука 9:43—48.

▪ Капернаумдан кайтып келатканда Ыйса кайрадан эмне тууралуу айтат жана окуучулары аны кандай кабыл алат?

▪ Эмне үчүн Ыйса ийбадаткана салыгын төлөгөнгө милдеттүү эмес, бирок ал эмне үчүн төлөйт?

▪ Шакирттердин ортосунда талаш чыгууга, сыягы, эмнелер себеп болгон жана Ыйса аларды кандайча оңдойт?