Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мурасчылыкка карата суроо

Мурасчылыкка карата суроо

77-бөлүм

Мурасчылыкка карата суроо

ЫЙСАНЫН фарисейдикинде тамактанып жатканы элге да жеткен окшойт, анткени Ыйсаны көчөдө миңдеген адамдар күтүп турат. Ыйсага карата терс көз карашта болуп, аны сөзүнөн кыйкым табууга аракет кылып жаткан фарисейлерден айырмаланып, бул адамдар анын сөзүн кубануу жана ыраазы болуу менен угушат.

Адегенде Ыйса өзүнүн окуучуларына: «Фарисейлердин ачыткысынан, башкача айтканда, эки жүздүүлүгүнөн сак болгула»,— деп кайрылат. Ыйса фарисейлердин диний системасы эки жүздүүлүккө сугарылганын түшкү тамакта эле түшүндүрүп берген. Алардын ыймансыздыгын жасалма такыбалык жаап турганы менен, айыбы ачылбай калбайт. «Ачылбай кала турган жашыруун эч нерсе жок жана билинбей кала турган эч бир сыр жок»,— дейт Ыйса.

Ал расулдарын Галилеяга кабар айтууга жөнөтүп жаткандагы айткан кубаттандыруучу сөздөрүн кайра кайталап: «Денени өлтүрүп, андан кийин эч нерсе кыла албагандардан коркпогула»,— дейт. Анан Ыйса Кудайдын атүгүл таранчыларды да унутпай турганын айтып, жолдоочуларын аларды Кудай эч качан унутпай турганына ынандырат. «Силерди элдик жыйындарга, мамлекет кызматчыларына жана бийликтегилерге алып барганда... ошол саатта эмне айтуу керек экенин силерге ыйык рух үйрөтөт»,— деп убадалайт Ыйса.

Элдин арасынан бир киши Ыйсага: «Устат, агама мени менен мурасты бөлүшсүн деп айтып койчу»,— деп кайрылат. Мусанын мыйзамына ылайык, тун уулу мурасты эки эсе көп алары белгилүү болгондон кийин, бул жерде талаша тургандай деле эч нерсе жок болчу. Бирок тиги киши өзүнө бөлүнгөндөн да көп алгысы келсе керек.

Ыйса акылдуулук кылып, бул ишке кийлигишүүдөн баш тартат. Ал: «Оо адам, силерге мени сот же ортоңордогуну бөлүштүрүүчү кылып ким дайындады?» — деп сурайт. Андан кийин ал элге кайрылып, төмөндөгү өтө маанилүү кеңештерди айтат: «Байкагыла, ачкөздүктүн ар кандай түрүнөн сак болгула, анткени бардыгы ашып-ташып турган күндө да, адамдын өмүрү колунда болгондордон көз каранды эмес». Ооба, адам канча байлык чогултпасын, ал өлөт жана топтогон байлыгынын ага кереги жок болуп калат. Ушуну баса белгилөө үчүн жана Кудайдын алдында жакшы атка ээ болууга умтулбай жаткандардын акылсыздыгын көрсөтүш үчүн, Ыйса көрсөтмөлүү мисал келтирет.

«Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат. Анан ал өз ичинен: „Эми эмне кылсам, түшүмүмдү жыя тургандай жер жок да?“ — деп ойлонот. Андан кийин мындай дейт: „Мына мындай кылам: кампаларымды бузуп, кайра чоңураак кылып салам да, ал жерге бүт данымды жана байлыгымды жыямын; анан өз жаныма: „Жаным, сенде көп жылдарга жете тургандай байлык чогултулду; эс ал, ичип-же жана көңүл ач“,— деп айтам“. Бирок ага Кудай: „Акылсыз, ушул түнү сенин жаның алынат. Ошондо жыйнагандарыңдын баары кимге калат? — деп айтат“».

Ыйса сөзүнүн аягында: «Байлыкты өзү үчүн жыйнап, бирок Кудай алдында байыбаган адам менен ушундай болот»,— дейт. Балким, Ыйсанын окуучулары байлыктын артынан деле сая түшпөйттүр, бирок күнүмдүк түйшүктөр аларга жүрөктөрүн Иеговага кызмат кылууга толук арнаганга оңой эле тоскоол кылып коюшу мүмкүн. Ошондуктан Ыйса учурдан пайдаланып, бир жарым жыл мурун Тоодогу насаатында айткан мыкты кеңешин дагы кайталайт. Ал окуучуларына мындай деп кайрылат:

«Ошондуктан силерге айтарым: жаныңар үчүн эмне ичебиз же денеңер үчүн эмне киебиз деп тынчсызданганыңарды токтоткула... Каргаларды карагылачы, алар үрөн сеппейт, оруп-жыйбайт жана кампасы да, сактоочу жайы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырып жатат... [...] Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт, бирок силерге айтарым: атүгүл Сулайман да өзүнүн бүт атак-даңкында алардын бириндей кийинген эмес. [...]

Ошондуктан эмне жейбиз, эмне ичебиз деп изденгениңерди жана тынчсызданганыңарды токтоткула, себеби мунун баарына дүйнө адамдары көшөргөндүк менен умтулуп жатышат, бирок асмандагы Атаңар буларга муктаж экениңерди билет. Анын падышалыгын издегениңерди уланта бергиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет».

Ыйсанын берген кеңешине экономикалык кысымчылыктарда өзгөчө олуттуу кароо керек. Эгерде адам материалдык муктаждыгын канааттандыруу үчүн өтө эле тынчсызданып, рухий нерселерди баалабай баштаса, анда ал Кудайдын өз кызматчылары үчүн кам көрүүгө жөндөмдүү экенине ишенбегенин билдирет. Лука 12:1—31; 5 Муса 21:17.

▪ Мураска байланыштуу жардам сураган кишиге, сыягы, эмне түрткү болгон жана Ыйса кандай эскертүү берет?

▪ Ыйса кайсы көрсөтмөлүү мисалды айтып берет жана анын негизги мааниси эмнеде?

▪ Ыйса кайсы кеңешти кайталайт жана ал эмне үчүн абдан орундуу?