Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мына, адам деп ушуну айт!»

«Мына, адам деп ушуну айт!»

123-бөлүм

«Мына, адам деп ушуну айт!»

ЫЙСАНЫН өзүн кандайча алып турганына таңыркаган, ошол эле учурда, анын эч кандай айыбы жок экенин түшүнгөн Пилат аны бошотуп жиберүүнүн башка жолун издей баштайт. Чогулуп келген элге Пилат: «Силердин салтыңар боюнча, Пасахта мен бир адамды бошотуп берчү эмес белем»,— дейт.

Түрмөдө киши өлтүрүп аты чыккан Варавва аттуу кылмышкер да жаткан. Ошондуктан Пилат: «Кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар, Варавваныбы же Христос деп аталып жүргөн Ыйсаныбы?» — деп сурайт.

Диний жетекчилер ээликтирип койгон эл Ыйсаны өлтүрүп, Варавваны коё беришин сурайт. Буга макул болуп калбастан, Пилат кайра дагы: «Экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар?» — деп сурайт.

— Варавваны,— деп кыйкырат эл.

— Анда Христос деп аталган Ыйсаны эмне кылайын? — дейт зээни кейиген Пилат.

— Устунга кадалсын! — деп кыйкырат жаалданган топ.— Када! Када аны!

Алардын айыпсыз адамдын өлтүрүлүшүн сурап жатканын билгендиктен, Пилат: «Кайсы айыбы үчүн? Бул адам эмне жамандык кылды? Мен мындан өлүмгө татырлык эч нерсе тапкан жокмун, ошондуктан муну жазалап туруп, бошотуп жиберем»,— деп Ыйсаны коргойт.

Пилат кандай аракет кылбасын, диний жетекчилер ээликтирип койгон жаалдуу эл: «Устунга кадалсын!» — деп кыйкыра берет. Дин кызматчыларынын тукуругу менен акылынан ажыраганча ээликкен эл кан эңсеп турат. Ойлонуп көрсөң, мындан беш эле күн мурун Иерусалимге кирип келаткан Ыйсаны Падыша деп астынан тосуп чыккандардын арасында, мүмкүн ушул адамдардын айрымдары да болгон! Бул маалда Ыйсанын окуучулары да ушул жерде жүргөн болушса, алар өзүлөрүнө көңүл бурдурбаш үчүн унчугушпайт.

Анын чакырыктарына көңүл бурмак түгүл, ого бетер долуланып бараткан элди көргөн Пилат суу алып, алардын көзүнчө колун жууйт да, мындай дейт: «Мен бул адамдын канына айыптуу эмесмин. Өзүңөр билгиле». «Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун»,— деп жооп берет эл.

Пилат болсо алардын талабына көнөт: ал, адил иш кылуудан да чогулган элдин айтканын канааттандырууну жогору коюп, Варавваны бошотуп берет. А Ыйсаны чечинтип туруп, балак ургула деп буюрат. Бул жөнөкөй сабоо болгон эмес. «Америкалык медицина бирикмесинин журналында» римдиктердин балак уруу жолу мындайча сүрөттөлгөн:

«Дегинкиси ал максатта кыска камчы (флагрум же флагеллум) колдонулчу. Ал үчүн бирдей же бири-бирине чырмаштырылган узундугу ар башка бир нече кайыштар алынып, аларга белгилүү бир аралык сайын кичинекей тоголок темирлер же койдун учтуу, курч сөөктөрү байланчу... Рим аскерлери адамдын жонунан кайра-кайра күчүнүн болушунча камчы менен балак урушканда, тоголок темирлеринен дене көк-ала болуп, кайыш менен учтуу-учтуу сөөктөр терини, теринин алдындагы этти айрып-тыта турган. Сабаган сайын, ички сөөк булчуңдарынан бери тилинип, кишинин канга боёлгон жонунун айрылган эттери дирт-дирт этип калчу».

Ошончолук азаптуу сабоодон кийин, Ыйсаны башкаруучунун сарайына алып келип, ал жакка аскерлер тобун чакырышат. Аскерлер Ыйсаны дагы мазакташат: алар тикенек таажы өрүп, анын башына кийгизишет. Оң колуна таяк карматышат да, үстүнө падышалардыкындай кызыл жабуу жабышат. Анан: «Саламатсыңбы, иудей Падышасы!» — деп шылдыңдап киришет. Ага түкүрүп, жаакка чабышат. Колундагы таякты тартып алышып, аны менен башка койгулашып, ага шылдың катары кийгизилген таажынын тикенектерин баш терисине ого бетер терең киргизишет.

Ушундай эң эле наадан мамилелерге карабастан, Ыйса кадыр-баркын, күчүн сактап турат. Буга ушунчалык таасирленген Пилат Ыйсаны бошотууга дагы аракеттенип көрүүнү чечет. «Мына! Мен мындан эч айып таппаганымды билишиңер үчүн, муну силердин алдыңарга чыгарып жатам»,— дейт Пилат элге. Мүмкүн, ал Ыйсанын кандай кыйналып жатканын көрсө элдин боору ооруйттур деп ойлосо керек. Үстүнө кызыл жабуу, башына тикенек таажы кийгизилген, канжалаган, азап тартып, кыйналгандыгы жүзүнөн даана көрүнүп турган Ыйса таш боор элдин алдына чыгып келгенде, Пилат: «Мына, Адам деп ушуну айт!» — дейт.

Мейли, алардын алдында сабалган, кыйналган Ыйса турсун, бирок ал — тарыхтагы эң көрүнүктүү, эң улуу адам! Ооба, Ыйсанын унчукпастан салабаттуулук менен өзүн бир калыпта алып турушу анын улуулугун далилдеп турат, муну атүгүл Пилат да мойнуна алган. Анткени Пилаттын айткан сөздөрүнөн аны сыйлоо, ошол эле учурда, аёо сезими көрүнүп турбайбы. Иоанн 18:39—19:5; Матфей 27:15—17, 20—30; Марк 15:6—19; Лука 23:18—25.

▪ Пилат Ыйсаны бошотууга кантип аракеттенет?

▪ Пилат жоопкерчиликтен кантип кутулгусу келет?

▪ Балак урдуруу деген эмнени билдирет?

▪ Ыйсаны сабашкандан кийин, кантип мазакташат?

▪ Пилат Ыйсаны бошотконго дагы бир жолу кантип аракет кылат?