Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нан жана ачыткы

Нан жана ачыткы

58-бөлүм

Нан жана ачыткы

ОН ШААРДА Ыйсага туш-тараптан көптөгөн адамдар келишет. Алардын бир тобу бул жерге — тургундарынын көбү бутпарастар болгон аймакка — атайын Ыйсанын сөздөрүн угууга жана ооруларынан айыгууга алыстан бери келишкен. Жол азыктарын алар капкактуу чоң себеттерге салып алышкан, анткени бутпарастардын аймагы аркылуу өтөрдө андай себеттерди колдонуу салт болчу.

Бир нече убактан кийин Ыйса окуучуларын чакырып:

— Адамдарга боорум ооруп атат, себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эчтемелери жок; эгерде үйлөрүнө ачка бойдон жиберсем, жолдо алсырап калышат. Анткени алардын айрымдары алыстан келишкен,— дейт.

— Ушул ээн жерде бул адамдарды нан менен ким тойгуза алат? — деп, окуучулары каршы болот.

— Силерде канча нан бар? — дейт Ыйса.

— Жети жана бир нече майда балык бар,— деп жооп беришет алар.

Ыйса элдин жерден орун алуусун буюрат. Андан кийин ал нан менен балыкты колуна алат да, Кудайга тиленүү менен кайрылып, нандарды сындырып, балыктарды бөлүп, окуучуларына берет. Окуучулары элге таратат, эл болсо тойгончо жейт. Аялдар менен балдарды кошпогондо, төрт миңге жакын эркек тамактанат! Ошондо да аягында артып калгандарын чогултканда, жети себет толтура чыгат.

Андан кийин Ыйса элди таратып, окуучулары менен кайыкка отуруп Галилея деңизинин батыш жээгине жөнөйт. Ал жерден фарисейлер, бул жолкусунда саддукейлер сектасынын мүчөлөрүнүн коштоосу менен, бизге асмандан жышаан көргөзүп бер дешип, Ыйсаны сынай башташат.

Ыйса алардын сынап жатканын билгендиктен: «Кеч киргенде силер адатта: „Күн ачык болот, анткени асман кызарып турат“,— дейсиңер; ал эми эртең менен: „Бүгүн жаан-чачын болот, анткени асман кызарганы менен, бүркөлүп турат“,— дейсиңер. Асмандын өңүн кантип жорушту билесиңер, а убакыттардын жышаанын жоруганды билбейсиңер»,— деп жооп берет.

Аларды Ыйса каардуу жана ойноштук кылган муун деп атайт жана Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан берилбейт деп фарисейлерге айткан сөзүн дагы кайталайт. Андан кийин окуучулары менен кайыкка отуруп, Галилея деңизинин түндүк-чыгыш жээгине, Вифсаидага, сүзүп жөнөйт. Жолдо баратып окуучулары нан албай калышканын байкашат, аларда болгону бир эле нан бар болчу.

Ыйса фарисейлер жана саддукейлер — Ироддун жактоочулары — менен болгон жолугушуусу жөнүндө ойлонуп: «Байкагыла, фарисейлердин ачыткысы менен Ироддун ачыткысынан сак болгула» — деп, окуучуларына эскертүү берет. «Ачыткы» деген сөздөн улам окуучулары унутулуп калган нан жөнүндө сөз жүрүп жатат деп ойлошуп, ошол суроо тууралуу талкуу жүргүзүп киришет. Ыйса алардын түшүнбөй калганын байкап: «Эмне үчүн силер наныбыз жок деп талашып атасыңар?» — дейт.

Ыйса керемет жолу менен миңдеген адамдарды тойгузган, акыркы жолу муну бир-эки эле күн мурун кылган. Окуучулары Ыйсанын кадимки нандын жетишсиздиги үчүн тынчсызданып жатпаганын билиши керек эле.

— Эсиңерден чыгып кеттиби, мен беш миң кишиге беш нан сындырып бергенимде, артып калган нандан толтура канча себет чогултуп алдыңар эле? — деп сурайт Ыйса.

— Он экини,— деп жооп беришет окуучулары.

— Ал эми төрт миң кишиге жетини сындырып бергенимде, артып калган нандан толтура канча себет чыкты эле?

— Жети,— дешет алар.

— Силер дагы эле түшүнө элексиңерби? — дейт Ыйса.— Силерге нан жөнүндө айтпаганымды кантип түшүнбөйсүңөр? Бирок фарисейлер менен саддукейлердин ачыткысынан сак болгула.

Акыры, окуучулары түшүнөт. Камырды ачытыш үчүн колдонулуучу ачыткы бузулгандыкты символдоштурат. Ошентип, аларга Ыйсанын «ачыткы» деген сөздү каймана мааниде колдонуп жатканы түшүнүктүү болду. Ал окуучуларын «фарисейлер менен саддукейлердин» буза турган окуусунан сак болгонго чакырат. Марк 8:1—21; Матфей 15:32—16:12.

▪ Эмне үчүн адамдар тамак-ашын чоң себеттерге салып жүрүшөт?

▪ Он шаардан кийин Ыйса каякка барат?

▪ Ыйсанын ачыткы тууралуу сөзү кандай түшүнбөстүктөргө алып келет?

▪ «Фарисейлер менен саддукейлердин ачыткысы» дегенде Ыйса эмнени айткысы келген?