Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Насааттардын эң белгилүүсү

Насааттардын эң белгилүүсү

35-бөлүм

Насааттардын эң белгилүүсү

ЫЙЫК Китептеги кеңири белгилүү болгон окуялардын бири: Ыйса тоонун этегинде отуруп алып белгилүү Тоодогу насаатын айтып жатат. Бул окуя Галилея деңизине жакын жерде, кыязы, Капернаумдун тегеректеринде болуп өтөт. Ыйса түнү бою Кудайга тиленип чыгып, эми эле окуучуларынын арасынан 12син расулдукка тандап алды. Андан кийин ал окуучулары менен тоонун жантайма бетине келет.

Балким, сен Ыйсаны аябай чарчап, бир аз уктап алгысы келген чыгар деп ойлойттурсуң. Бирок айланада адамдар көп. Алардын айрымдары атүгүл Иудея менен Иерусалимден бери келишкен, демек, жүз чакырымча жол жүрүштү. Башкалары болсо түндүгүрөөк жакта деңиз боюнда жайгашкан Тир жана Сидон шаарларынан. Бул адамдар Ыйсаны укканы жана ооруларынан айыкканы келишти. Алардын арасында жиндер, Шайтандын каардуу периштелери, бийлеп алгандар да бар.

Ыйса ылдый түшүп келгенде, оорулуулар колдорун тийгизиш үчүн ага жакындап келишет жана ал баарын айыктырат. Андан кийин Ыйса, калыбы, тоонун бир аз өйдөрөөк жерине чыгат да, отуруп алып өзүнөн төмөнүрөөк жерде отурган адамдарды окута баштайт. Элестетсең! Эми анын угуучуларынын бири да катуу оорудан жабыр тарткан жок!

Ушунчалык таң каларлык кереметтерди жасай алган окутуучуну угууну эл чыдамсыздык менен күтүп турду. Ошентсе да Ыйса насаатын өзгөчө өзүнүн окуучуларына айтат жана, сыягы, алар ага жакыныраак жерден орун алышкан. Бирок бул кабардан биз да пайда алыш үчүн, аны Матфей менен Лука китепке түшүрүшкөн.

Матфейдин жазган билдирүүсү Луканыкына караганда болжол менен төрт эсе узунураак келет. Мындан тышкары, Матфей 6:9—13-аяттар менен Лука 11:1—4-аяттарды жана Матфей 6:25—34-аяттар менен Лука 12:22—31-аяттарды салыштырганда, ошо кабардын Матфей жазган айрым бөлүктөрүн Лука Ыйсанын кызматынын бөлөк убактарына байланыштырып жазганы көрүнүп турат. Бул бизди таң калтырбашы керек. Кыязы, Ыйса бир айтканын так эле ошондой кылып башка жерлерден да кайталаган, ошондуктан Лука айрым окутуулардын башка учурларда айтылганын жазган.

Ыйсанын Тоодогу насааты терең чындыкты камтыгандыгы үчүн эле эмес, а аны Ыйса жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып баяндап бергени менен да баалуу. Ал күндөлүк турмушта кездешүүчү жана адамдарга тааныш нерселер жөнүндө айткан. Мына ушунун аркасында Кудайдын эркине ылайык жашоо өткөрүүгө умтулгандардын баары Ыйсанын оюн оңой эле түшүнө алышат.

Кимдер чындап бактылуу?

Ар бир адам бактылуу болууну каалайт. Ыйса муну билгендиктен, Тоодогу насаатынын башында эле кимдер чындап бактылуу экенин кеп кылат. Бул угуучуларынын көбүнүн көңүлүн дароо эле өзүнө тартары белгилүү. Ошентсе да анын башында сүйлөгөн сөздөрү көптөр үчүн карама-каршы сыяктуу көрүнсө керек.

Ыйса окуучуларына мындай сөздөр менен кайрылат: «Жакырлар, силер бактылуусуңар, анткени Кудайдын падышалыгы силердики. Азыр ач болгондор, силер бактылуусуңар, анткени тоюнасыңар. Азыр ыйлагандар, силер бактылуусуңар, анткени күлөсүңөр. Силер, адамдар жек көргөндө, бактылуусуңар... Ошол күнү сүйүнгүлө да, шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар зор!»

Ыйсанын насаатынын башталышы тууралуу Лука мына ушундайча баяндаган. Ал эми Матфейдин билдирүүсүндө Ыйса момундарды, ырайымдууларды, жүрөгү тазаларды жана тынчтыкты сүйгөндөрдү да бактылуу деп айтат. Ыйсанын айтуусу боюнча, мындай адамдар жерди мурастап, ырайым алып, Кудайды көрүп жана Кудайдын уулдары деп атала тургандыктан бактылуу.

Бирок Ыйса бакыт деп адамдын жөн гана сайран курууда ала турган ырахатын же кубанычын эле билдирген жок. Чыныгы бакыт андан да көптү камтыйт: ал канааттангандыкты, ток пейилдикти жана жашоонун маңыздуу болуусун билдирет.

Чынында эле, Ыйса көрсөткөндөй, рухий муктаждыгын сезген, күнөөлүү абалы үчүн өкүнгөн жана Кудайды таанып, ага кызмат кылган адамдар бактылуу. Мындай адамдар Кудайдын эркин аткаргандыгы үчүн жек көрүндү болуп куугунтукталган күндө да өздөрүн бактылуу сезишет, анткени алар кылгандары Кудайга жагарын жана анын белегин — түбөлүк өмүрдү — алышарын билишет.

Тилекке каршы, Ыйсанын көп угуучулары, азыркы убактагы айрым адамдар сыңары, ким бай болсо жана өзүнүн ырахаты үчүн жашаса, ошолор гана бактылуу деп ойлошот. Ыйса бул ой туура эмес экенин билет. Ошон үчүн ал көптөгөн угуучуларын таң калтырып, буга такыр карама-каршы ойду айтат:

«Бирок байлар, силерге кайгы, анткени сооротууңарды толугу менен алдыңар. Азыр тоюнуп тургандар, силерге кайгы, анткени ач болосуңар. Азыр күлүп жаткандар, силерге кайгы, анткени кайгырасыңар жана боздоп ыйлайсыңар. Силерди бардык адамдар мактаганда кайгы, анткени алардын аталары да жалган пайгамбарларга ошондой кылышкан».

Ыйса муну менен эмне айткысы келген? Эмне үчүн байлыгы барларга, көңүл ачууну жакшы көргөндөргө жана адамдардын жактыруусунан пайдалангандарга кайгы? Анткени ушунун баарына ээ болгон жана аны сүйгөн адамдардын Кудайга кызмат кылуу менен иши да болбой калат, бирок чыныгы бакыт дал ушул кызмат аркылуу гана келет да. Ошондой эле Ыйса адамдар жакыр, ачка жана кайгылуу болгондугу үчүн эле бактылуу болот деп айткысы келген жок. Бирок айрыкча көп нерселерден кур калган адамдар Ыйсанын окутуусуна жооп кайтарышат жана ошонун аркасында чыныгы бакытка ээ болушат.

Анан окуучуларына кайрылып Ыйса: «Силер жердин тузусуңар»,— дейт. Албетте, Ыйса аларды түз мааниде туз деген жок. Туз — бул бир нерсени бузулуп кетишинен сактоо үчүн колдонулуучу зат. Иегованын ийбадатканасындагы курмандык чалынуучу жайдын жанында чоң үймөк туз жатчу, аны ийбадатканадагы дин кызматчылар алып келинген курмандыктарды туздоо үчүн пайдаланышчу.

Ыйсанын окуучулары адамдарга алар сакталып калгыдай таасир тийгизе алышат, ошо себептен аларды «жердин тузу» деп атаган. Алар айтып жаткан кабар кабыл алгандардын баарынын өмүрүн сактап кала алат! Ошондой эле бул кабар алардын жашоолоруна туруктуулукту, берилгендик менен бекемдикти берет, аларды рухий жана адеп-ахлактык жактан бузулуудан сактайт.

«Силер дүйнөгө жарыксыңар»,— дейт Ыйса окуучуларына. Күйүп турган шамды идиштин астына эмес, а шамдалга коёт эмеспи. Ошондуктан Ыйса: «Силердин да жарыгыңар адамдардын алдында жанып турсун»,— дейт. Ыйсанын окуучулары чындык тууралуу ачык күбөлөндүрүү менен жана ыйык китептик принциптерге ылайык жашоонун айкын үлгүсүн көргөзүү менен ушул чакырыкка жооп кайтарып жатышат.

Жолдоочулары үчүн жогорку нормалар

Диний жетекчилер Ыйсаны Кудайдын Мыйзамын бузуп жатат деп эсептешет, атүгүл аны өлтүрүүнү да сүйлөшүп алышкан. Ошон үчүн Ыйса Тоодогу насаатын улантып жатып: «Мени Мыйзамды же Пайгамбарларды бузуу үчүн келди деп ойлобогула. Мен бузуу үчүн эмес, а аткаруу үчүн келдим»,— дейт.

Ыйса Кудайдын Мыйзамын жогору баалайт, андыктан башкаларды да ошого чакырып: «Ошондуктан кимде-ким ушул баарынан кичине парыздардын бирин буза турган болсо жана адамдарды ошого үйрөтсө, асман падышалыгы үчүн ал „баарынан кичине“ деп аталат»,— дейт, тактап айтканда, андай адам Падышалыкка такыр кирбейт.

Ыйса Кудайдын Мыйзамын барк албай коймок турсун, адамга аны бузууга түрткү берген ой жүгүртүүнү да ашкерелейт. Мыйзамда «өлтүрбө» делгенин айтып, Ыйса сөзүн мындайча улайт: «А мен силерге айтамын, эгерде кимде-ким тууганына ачууланганын уланта берсе, сот алдында жооп берет».

Өз жакынына ачууланганын уланта берүү — жаман нерсе, ал бара-бара киши өлтүрүүгө алып келиши мүмкүн, андыктан Ыйса тычтыкка жетүү үчүн кандай аракеттерди жасоо керек экенин түшүндүрүп берет. Ал: «Эгерде курмандык чалынуучу жайга тартууңду алып келсең жана ошол жерден тууганыңдын сага кандайдыр бир каршылыгы бар экени эсиңе түшсө, анда тартууңду курмандык чалынуучу жайдын алдына ташта да, барып, адегенде тууганың менен жарашкын, анан кайра келип тартууңду алып кел»,— деп үйрөтөт.

Он осуяттын жетинчисине көңүл буруу менен Ыйса андан ары сөзүн мындайча улайт: «„Ойноштук кылба“ деп айтылганды силер уккансыңар». Бирок Ыйса ойноштук кылууга көңүлү дайыма тартып туруучулукту да ашкерелейт. «А мен силерге айтамын, кумарын күчөтүш үчүн аялды тынымсыз карай берген ар ким жүрөгүндө ойноштук кылган болот».

Ыйса бул жерде адамды бузукулукка түрткөн тез эле боло калчу ойду эмес, а «тынымсыз карай берүүнү» айтып жатат. Көпкө улана берген ушундай көз караш кумарланууну күчөтүп, ыгы келе калганда ойноштук кылууга алып келет. Мындан адам канткенде сак боло алат? Андан арылуу үчүн, кандай ыкмаларды колдонгонго чейин барууга туура келерине Ыйса мисал келтирет: «Эгерде оң көзүң өзүң үчүн кедерги боло турган болсо, аны оюп алып, ыргытып сал... Ошондой эле оң колуң өзүң үчүн кедерги боло турган болсо, аны кесип туруп, ыргытып сал».

Көп учурда адамдар өмүрүн сактоо үчүн, денесинин ооруп жаткан мүчөсүнөн айрылууга даяр. Ал эми Ыйсанын сөзүнөн көрүнүп тургандай, бузукулукка түрткөн ойлордон, иштерден өзүн коргоо үчүн, эмнеси болбосун, атүгүл адамга өтө баалуу болгон көздү же колду «ыргытып салуу» андан да маанилүү. Антпесе адам түбөлүккө жок болууну билдирген гееннага (Иерусалимден анча алыс эмес жердеги таштандылар күйүп турган жайга) ыргытыларын Ыйса түшүндүрөт.

Ошондой эле Ыйса бизди кордогон же ызаланткан адамдарга кандай мамиле кылышыбыз керектигин айтат. «Жаман адамга каршы болбо,— дейт Ыйса.— Бирок кимдир бирөө оң жаагыңа чапса, ага экинчисин да тосуп бер». Ыйсанын бул сөзү өзүңө же туугандарыңа бирөөлөр кол салса сактанбашың керек дегенди билдирбейт. Жаакка адамдын денесине зыян келтирүү үчүн эмес, кордош үчүн чабат. Ошондуктан Ыйса, эгерде адамдар бизди мушташууга же кадимкидей эле чабышууга түрткөн кордоо сөздөр менен чатакташууга азгырса, так ошондой кылып жооп кайтаруу туура эмес экенин айткысы келген.

Жакынын сүйүү тууралуу Кудайдын берген мыйзамына көңүл буруу менен Ыйса мындай дейт: «А мен силерге айтарым: душманыңарды сүйгүлө жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгиле». Буга карата ал: «Ошентип, асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар, анткени ал жамандарга да, жакшыларга да күндүн тийишин буйрук кылат» — деп, ынандырарлык себеп келтирет.

Ыйса насаатынын бул бөлүгүн мындай буйрук менен аяктайт: «Асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болушуңар керек». Албетте, Ыйса адамдарды толук мааниде жеткилең боло алышат деген жок. Бирок алар Кудайды тууроо менен сүйүүлөрүн өрчүтүп, атүгүл душмандарына да аны көргөзө алышат. Луканын билдирүүсүндө Ыйсанын бул сөздөрү мындайча берилет: «Атаңар ырайымдуу болгондой, ырайымдуу болгула».

Тиленүү жана Кудайга таянуу

Ыйса насаатын улантып жатып, Кудайга жасалма берилгендигин элге көргөзүүнү жакшы көргөн эки жүздүүлөрдү ашкерелейт. «Кайыр-садага берип жатканыңда,— дейт ал,— эки жүздүүлөргө окшоп жар салба».

«Ошондой эле тиленип жатканыңарда,— деп улайт сөзүн Ыйса,— эки жүздүүлөрдөй болбогула, анткени алар адамдарга көрүнүш үчүн синагогаларда, чоң көчөлөрдүн бурчтарында туруп тиленгенди жакшы көрүшөт». «А сен тиленериңде өз бөлмөңө кир да, эшикти жаап алып, жашыруун болгон Атаңа тилен»,— деп насыят айтат. Ыйса өзү деле эл алдында тиленип жүргөндүктөн андай тиленүүлөрдү туура эмес дегиси келген жок. Ал угуучуларды таасирдентип, суктандырыш үчүн айтылган тиленүүлөрдү айыптоодо.

Ыйса: «Тиленип жатканыңарда башка элдин адамдарындай болуп, бир нерсени кайра-кайра эле кайталай бербегиле»,— деп кеңеш айтат. Муну менен ал кайталоонун өзү туура эмес деп айткан жери жок. Бир жолу өзү деле тиленип жатып «айткан сөзүн» кайра кайталаган болчу. Бул жерде Ыйса, теспе тартып отуруп тилектерин ойлонбой эле кайталай берген адамдар кылгандай, жаттап алган сөздөрдү «кайра-кайра» кайталай берүүнү айыптап жатат.

Угуучулары кандайча тиленүү керек экенин билиши үчүн, Ыйса аларга жети өтүнүчтү камтыган үлгүлүү тиленүүнү үйрөтөт. Ал тиленүүнүн башындагы үч өтүнүчтө тийиштүү түрдө Иегованын эгедерлигине жана анын эркине көңүл бурулат. Алар Кудайдын ысымынын ыйыкталышы, анын Падышалыгынын келиши жана эркинин аткарылышы тууралуу. Калган төртөө жеке өтүнүчтөр: күнүмдүк нан, күнөөлөрдүн кечирилиши, азгырыктарга каршы турууга жардам бериши жана каардуудан куткарышы жөнүндө.

Андан кийин Ыйса дүнүйө топтоого баш оту менен берилүү торго чалдыктырарын көрсөтөт. Ал: «Күбө жеп, дат басып кетчү жана уурулар кирип алып кете турган жер үстүнө кенч топтогонуңарды токтоткула»,— деп чакырат. Мындай байлыктар өтүп эле кетпестен, Кудайдын көз алдында да беделиңди жогорулатпайт.

Ошондуктан Ыйса: «Андан көрө кенчти асманга топтогула»,— дейт. Муну жашоо-турмушубузда Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коюу менен көрсөтө алабыз. Ошенткенде эч ким Кудайдын көз алдындагы баалуулугубузду кемите да жана анын убада кылган зор сыйлыгынан ажырата да албайт. Андан соң Ыйса сөзүн: «Анткени кенчиңер каякта болсо, жүрөгүңөр да ошо жакта болот»,— деп улантат.

Байлыктын артынан сая түшүү торго чалдыктырарын айтууну улантуу менен Ыйса төмөндөгүдөй көрсөтмөлүү мисал келтирет: «Денеге жарык берүүчү — көз. Демек, эгер көзүң таза болсо, денеңдин баары жарык болот; а эгерде көзүң жаман болсо, денеңдин баары караңгы болот». Таза көз дене үчүн караңгы жерди жарык кылган шамга тете. Бирок көз туура көрүшү үчүн бир нерсеге багытталышы керек. Эгерде көз даана көрбөсө, көрүп жаткан нерселерге туура баа берүү мүмкүн эмес. Анда байлыкка умтулуу Кудайга кызмат кылуудан да жогору туруп, натыйжада «дененин баары» караңгы болуп калат.

Ыйса ушул ойду ишендирерлик көрсөтмөлүү мисал менен белгилейт: «Эч ким эки мырзага бирдей кул боло албайт, анткени же бирөөнү жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт, же бирөөнө берилип, экинчисин четке кагат. Силер Кудайга да, Байлыкка да бирдей кул боло албайсыңар».

Бул кеңешти бергенден кийин Ыйса угуучуларын эгер алар Кудайга кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга коюшса, анда материалдык муктаждыктары үчүн тынчсызданышынын кереги жок экенине ынандырат. «Асмандагы куштарды карагылачы,— дейт Ыйса,— алар үрөн сеппейт, оруп-жыйбайт жана кампага да жыйнабайт; бирок асмандагы Атаңар аларды азыктандырып жатпайбы». Анан ал: «Аларга караганда силер алда канча баалуу эмессиңерби?» — деп суроо берет.

Андан ары Ыйса талаадагы лилия гүлдөрүн айтып, «атүгүл Сулайман да өзүнүн бүт атак-даңкында алардын бириндей да кийинген эмес» экенин белгилейт. Анан: «Эгерде... талаа чөптөрүн эле Кудай ушундай кийиндире турган болсо, анда ал силерди, ишеними аздар, андан бетер кийиндирбейби?» — деп улантат. Ыйса сөзүнүн аягында: «Ошон үчүн эч качан тынчсызданбагыла жана „Эмне жейбиз?“ же „Эмне ичебиз?“, же „Эмне киебиз?“ деп айтпагыла... Себеби мунун бардыгына муктаж экениңерди Асмандагы Атаңар билет. Ошондуктан баарынан мурда падышалыкты жана анын адилеттигин мындан ары да издей бергиле, а калганынын баары силерге кошулуп берилет»,— деп айтат.

Өмүрдүн жолу

Өмүргө алып баруучу жолдо жүрүүнү каалагандар Ыйсанын окутууларына бекем карманышы керек. Бирок бул оңойго турбайт. Фарисейлер, мисалы, бирөөлөрдү катуу айыптаганга жакын, а көптөр, сыягы, аларды ушу жагынан туурап жүрүшөт. Ошондуктан Ыйса Тоодогу насаатын улантып жатып: «Өзүңөр айыпка калбашыңар үчүн, айыптаганыңарды токтоткула, анткени кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар»,— деп абайлатат.

Кыйкымчыл фарисейлердин жетеги менен жүрүү коркунучтуу. Лука жазгандай, Ыйса бул коркунучту мындай окуяга салыштырат: «Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең аңга түшүп кетпейби?»

Ашыкча сынчыл болуу, бирөөлөрдүн кемчиликтерин чоңойтуп көрсөтүү жана алардан кыйкым издей берүү — бул олуттуу кылмыш. Ошондуктан Ыйса: «Өзүңдүн көзүңдө устун турса тууганыңа: „Кел көзүңдөгү саманды алып берейин“,— деп кантип айталасың? Эки жүздүү! Адегенде өзүңдүн көзүңдөгү устунду ал, ошондо тууганыңдын көзүндөгү саманды кантип алышты даана көрөсүң»,— дейт.

Бул айтылгандар Ыйсанын окуучуларына бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда кыраакылык көргөзүүнүн кереги жок дегенди билдирбейт, анткени Ыйса: «Ыйык нерсени иттерге бербегиле жана берметтериңерди чочколордун алдына ыргытпагыла»,— дебедиби. Кудай Сөзүндөгү чындыктар ыйык. Аларды берметтерге салыштырса болот. Эгерде кимдир бирөө ит же чочко сыяктуу мындай баалуу чындыктарды баалабаса, Ыйсанын окуучулары андай адамдарды калтырып, чындыкты кабыл алууга даяр адамдарды издеши керек.

Ыйса Тоодогу насаатында тиленүү тууралуу мурунураак айтса да, эми тиленүүдө тырышчаак болуу канчалык маанилүү экенин белгилейт. «Сурай бергиле,— дейт ал,— ошондо силерге берилет». Кудай тиленүүлөргө жооп берүүгө даяр экенин көрсөтмөлүү мисал менен көрсөтүү үчүн Ыйса минтип сурайт: «Араңарда кайсы адам, уулу нан сураса, таш берет?.. Силер катаал болуп туруп, балдарыңарга жакшы белектерди берүүнү билсеңер, анда асмандагы Атаңар сурагандарга андан бетер жакшы нерселерди бербейби?!»

Андан кийин Ыйса жүрүм-турумга карата эреже берет, ал эреже азыр баарына белгилүү, адатта аны «алтын эреже» деп аташат. Ыйса: «Ошентип, бардык жагынан, адамдардын силерге кандай мамиле жасашын кааласаңар, өзүңөр да аларга ошондой мамиле жасагыла»,— дейт. Бул эрежеге ылайык жашаш үчүн, башкаларга жакшылык кылууң, атап айтканда, өзүңө башкалардын кандай мамиле кылышын кааласаң, аларга да так ошондой мамиле кылышың керек.

Ыйсанын төмөнкү көрсөтмөсүнөн көрүнүп тургандай, өмүргө алпаруучу жол жеңил эмес: «Тар дарбаза аркылуу киргиле, анткени өлүмгө алып баруучу жол чоң жана кенен, ал жол менен көптөр баратат; ал эми өмүргө алып баруучу дарбаза тар, жол кууш; аны табуучулар аз».

Алданып калуу коркунучу чоң, ошондуктан Ыйса: «Жалган пайгамбарлардан сактангыла, алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок ичинде жырткыч карышкырлар»,— деп абайлатат. Жакшы же жаман бакты жемишине карап айырмалагандай эле, жалган пайгамбарларды да кылган ишинен же окутууларынан билсе болот.

Ыйса андан ары анын окуучусу экенин адамдын сөзү эмес, а иши далилдей турганын түшүндүрөт. Айрым адамдар Ыйсаны Теңирибиз деп ырасташат, бирок андай адамдар Атанын эркин аткарышпаса, анда алардын үстүнөн Ыйсанын: «Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Менден оолак кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар»,— деген сөзү аткарылат.

Акырында Ыйса насаатын эсте каларлык сөздөр менен аяктайт: «Ошентип, ушул сөздөрүмдү угуп, ага ылайык иш кылган ар ким, үйүн асканын үстүнө салган акылдуу адамдай болот. Жамгыр төгүп, суу ташкындап жана шамал согуп, ошол үйгө жабылды, бирок ал үй ураган жок, анткени аскага негизделген болчу».

Андан кийин Ыйса сөзүн мындайча улайт: «Ал эми менин сөздөрүмдү угуп, ага ылайык иш кылбаган ар ким, үйүн кумдун үстүнө салган акылсыз адамдай болот. Жамгыр төгүп, суу ташкындап жана шамал согуп, ошол үйгө жабылды, ал үй болсо урап калды жана анын кыйроосу эбегейсиз зор болду».

Ыйса насаатын айтып бүкөндөн кийин, анын окутуусуна адамдар абдан таң калды, анткени ал алардын диний жетекчилериндей эмес, а бийлиги бардай окутуп жаткан. Лука 6:12—23; Матфей 5:1—12; Лука 6:24—26; Матфей 5:13—48; 6:1—34; 26:36—45; 7:1—29; Лука 6:27—49.

▪ Ыйса кеңири белгилүү болгон насаатын каяктан айтат, ал жерде кимдер катышат жана бул окуянын алдында эмне болду эле?

▪ Луканын Тоодогу насаатта айтылган айрым окутуулардын башка жакта да колдонулганын жазгандыгы эмне үчүн бизди таң калтырбашы керек?

▪ Эмне үчүн Ыйсанын Тоодогу насааты абдан баалуу?

▪ Кимдер чындап бактылуу жана эмне үчүн?

▪ Кимдерге кайгы жана эмне үчүн?

▪ Кандай мааниде Ыйсанын окуучулары «жердин тузу» жана «дүйнөгө жарык»?

▪ Кудайдын Мыйзамын абдан баалагандыгын Ыйса кантип көрсөтөт?

▪ Өлтүрүүнүн жана ойноштук кылуунун себебин түп-тамыры менен жоюуга Ыйса кандай буйрук берет?

▪ Ыйса «экинчи жаагыңды тосуп бер» дегени менен эмне айткысы келген?

▪ Кандай мааниде биз Кудай жеткилең болгондой жеткилең боло алабыз?

▪ Ыйса тиленүүгө карата кандай көрсөтмө берет?

▪ Асман байлыктары эмне үчүн жогору турат жана аларга канткенде ээ боло алабыз?

▪ Байлыктын артынан сая түшпөөгө кайсы көрсөтмөлүү мисалдар жардам берет?

▪ Эмне үчүн Ыйса тынчсыздануунун кереги жок деп айткан?

▪ Бирөөлөрдү айыптоо жөнүндө Ыйса эмне дейт жана окуучуларына кыраакылык көргөзүүлөрү керек экенин кандайча көрсөтөт?

▪ Тиленүү тууралуу Ыйса дагы эмне айтат жана жүрүм-турумга карата кандай эреже берет?

▪ Өмүргө алпаруучу жол оңой эместигин жана алданып калуу коркунучу бар экенин Ыйса кандайча көрсөтөт?

▪ Ыйса Тоодогу насаатын кандайча аяктайт жана ал насааттары кандай таасир калтырат?