Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пес оорулуу адамга боор ооруу

Пес оорулуу адамга боор ооруу

25-бөлүм

Пес оорулуу адамга боор ооруу

ЫЙСА төрт окуучусу менен шаарларда жасаган кереметтер жөнүндөгү кабар бүт Галилеяга тарады. Ал кабар бир шаарда жашаган пес оорулуу адамга да жетет. Дарыгер Лука ал адамдын денесин «толугу менен пес оорусу каптаганын» жазган. Бул — ырбагандан ырбап отуруп, оорулуунун өңүн бузуучу коркунучтуу дарт. Демек, ал адамдын абалы өтө кыйын эле.

Ыйса ал шаарга келгенде, алиги оорулуу адам ага барат. Кудайдын Мыйзамы боюнча, пес оорусу менен ооругандардын: «Таза эмес, таза эмес!» — деп кыйкырышы талап кылынчу, себеби башкалар алардын жанына жакын келсе, ооруну жугузуп алышы мүмкүн эле. Оорулуу адам чөгөлөп: «Эге, кааладың эле дегиче, мени тазалай аласың»,— деп жалбарат.

Ыйсага болгон ишениминин бекемдигин карачы! Бирок оорунун айынан жаны кыйналып жаткан адамды карап туруу кандай гана зээн кейитерлик! Ыйса эмне кылат болду экен? А сен эмне кылат элең? Ыйса боору ачыгандык менен колун сунуп, ага тийгизет да: «Каалайм. Тазалан»,— дейт. Ошо замат анын денесинде оорунун бир да тагы калбайт.

Ушундай боорукер бирөөнүн падыша болушун каалар белең? Ыйсанын оорулууга жасаган мамилеси анын Падышалыгынын башкаруусунда Ыйык Китептеги бир пайгамбарлыктын аткарыларына бизди ынандырып турат, ал пайгамбарлыкта: «Ал жакырга жана бей-бечарага ырайым кылат да, бечаралардын жанын куткарат»,— деп айтылган. Ооба, ошол убакта Ыйса кыйналгандардын баарына жардам бергиси келген күчтүү каалоосун аткарат.

Пес оорулуу адамды айыктырганга чейин эле жасаган иштери элди дүрбөтүп тургандыктан, Ыйса ага: «Абайла, эч кимге айтпа»,— деп буйрат. Ушунусу менен Исаиянын пайгамбарлыгында жазылгандар аткарылат. Анан Ыйса: «Бар, дин кызматчыга көрүнүп, аларга күбөлүк болсун үчүн, Муса киргизген тартууну алып бар»,— деп кошумчалайт.

Бирок ал киши ушунчалык кубангандыктан, унчукпай коё алган жок. Жолдо баратып, жасалган керемет тууралуу баарына жар салып кирет. Ал адамдын айткандары элди аябай кызыктырып салгандыктанбы, айтор, Ыйса мындан ары бир да шаарга ачык баралбай калат. Ошондуктан ал ээн жерге барып токтойт, ал эми эл анын сөзүн угууга жана ооруларынан айыгууга чар тараптан келип жатты. Лука 5:12—16; Марк 1:40—45; Матфей 8:2—4; 3 Муса 13:45; 14:10—13; Забур 71:13; Исаия 42:1, 2.

▪ Адамга пес оору кандай таасир тийгизет жана ал оору менен ооругандар эмне деп кыйкырышы керек эле?

▪ Ыйсага пес оорулуу адам кандай сөздөр менен кайрылат жана Ыйсанын ага кылган мамилесинен эмнени билсек болот?

▪ Айыккан адам Ыйсанын айтканын кандайча аткарбай коёт жана анын натыйжасы эмнеге алып келген?