Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пилаттан Иродго алып барылып, кайра алып келинет

Пилаттан Иродго алып барылып, кайра алып келинет

122-бөлүм

Пилаттан Иродго алып барылып, кайра алып келинет

ЫЙСА өзүнүн падыша экенин жашырууга аракеттенбесе да, анын падышалыгы Рим үчүн коркунуч туудурбасын түшүндүрүп мындай дейт: «Менин падышалыгым дүйнөдөн эмес. Эгер менин падышалыгым дүйнөдөн болсо, кызматчыларым мени иудейлердин колуна бербеш үчүн күрөшмөк эле. Бирок, андай эмес, менин падышалыгым бул жактан эмес». Ошентип, Ыйса Падышалыгы бар экенин, бирок анын бул дүйнөдөн эмес экенин үч жолу ырастайт.

«Демек, сен падыша экенсиң да?» — деп такыйт Пилат. Ал Ыйсанын, Падышалыгы азыркы дүйнөдөн болбосо да, чын эле падыша бекенин билгиси келет.

Ыйса: «Падыша экенимди өзүң айтып турасың. Мен дүйнөгө чындык тууралуу күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошон үчүн келгем. Чындык тараптагы ар ким менин үнүмө кулак салат» — деп, Пилаттын туура корутунду чыгарганын билдирет.

Ыйсанын жерге келишинин максаты — дал ошо «чындык» тууралуу, өзгөчө өзүнүн Падышылыгы тууралуу күбөлөндүрүү. Ыйса ал чындыкка берилгендигин сактоо үчүн, өз жанын курман кылууга да даяр. Пилат: «Чындык деген эмне?» — деп сурайт. Бирок анын жообун күтпөйт. Анткени ушул уккандары эле чечим чыгаруу үчүн жетиштүү болчу.

Пилат сарайдын алдында күтүп турган эл менен диний жетекчилерге чыгып: «Мен бул адамдан эч кандай айып тапкан жокмун»,— дейт. Сыягы, Ыйса анын жанында турса керек.

Мындай чечимди уккан элдин каары кайнап: «Бул Галилеядан баштап, ушул жерге чейин — бүтүндөй Иудея боюнча, окуусун таратып, элди бузуп жүрөт» — деп, көздөгөндөрүнө жетүүгө аракеттенишет.

Иудейлердин аз да болсо акыл токтотуп, ойлонуп көргүсү келбегендиги Пилатты таң калтырса керек. Диний жетекчилер менен эл аксакалдары кыйкырып жатышкан маалда, Пилат Ыйсага кайрылып: «Булардын сага каршы канча нерселерди айтып жатканын угуп атасыңбы?» — деп сурайт. Ыйсанын жооп берейин деген ою да жок. Анын, заардуу айыптоолорду укса да, өзүн токтоо алып турганына Пилат таң калат.

Ал Ыйсанын галилеялык экенин билгенде ушунун аркасында жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө мүмкүн экенин байкайт. Иерусалимге Пасах майрамына байланыштуу Галилеянын башкаруучусу Ирод Антипа (Улуу Ироддун уулу) келген эле. Пилат Ыйсаны ошол Иродго жиберет. Мындан бир канча убакыт мурун Ирод Антипа Чөмүлдүрүүчү Иоанндын башын алдырып салган болчу. Ал эми Ыйсанын жасаган кереметтери тууралуу укканда, ал аны тирилген Иоанн экен деп корккон.

Ирод Ыйсаны көрөрүнө абдан кубанат. Бирок ал аны Ыйса үчүн тынсыздангандыктан же ага коюлуп жаткан айыптардын адилеттүү-адилетсиздигин билгиси келгендиктен эмес, жөн гана бүйүрү кызып, Ыйсаны кандайдыр бир керемет көрсөтөт деп үмүттөнгөндүктөн көргүсү келет.

Бирок Ыйса Ироддун андай кызыгуусун канааттандыруудан баш тартат. Атүгүл анын бир да суроосуна жооп бербейт. Ойлогону ордунан чыкпай калган Ирод менен анын желдеттери Ыйсага шылдың мамиле кыла башташат. Жалтырак кийим кийгизишип, аны мазакташат. Анан кайра Пилатка жиберип ийишет. Ошондон кийин мурунтан касташып жүргөн Ирод менен Пилат катуу достошуп калышат.

Ыйсаны кайра алып келишкенде, Пилат дин кызматчыларын, иудей башчыларын жана элди чакырат да: «Силер мага бул адамды элди көтөрүлүш чыгарууга эликтирип жатат деп алып келиптирсиңер, анан мына мен аны силердин көзүңөрчө суракка алдым, бирок бул адамдан силер айыптап жаткандын бирин да таппадым. Ирод да таппаптыр, ошондуктан ал муну кайра бизге жибериптир. Бул өлүмгө татырлык эч нерсе жасабаптыр. Ошондуктан, муну жазалап туруп, коё беремин»,— дейт.

Ушуну менен Пилат Ыйсаны айыптуу эмес деп экинчи жолу жарыялап жатат. Пилат Ыйсаны дин кызматчылардын көрө албастык менен гана алып келишкенин түшүнүп тургандыктан, аны бошотуп жиберүүгө аракеттенет. Ал сот жүргүзүүчү ордунда олтурган кезде, аялы: «Бул такыбаа адамга эч нерсе кыла көрбө, анткени мен ал үчүн бүгүн түшүмдө [ал түш Кудайдан берилсе керек] көп азап тарттым»,— деп суранып, ага кабар берип жиберет.

Пилат бул күнөөсүз адамды бошотуп жибериш керек экенин түшүнүп эле турат. Бирок кантип бошотуп жиберет? Иоанн 18:36—38; Лука 23:4—16; Матфей 27:12—14, 18, 19; 14:1, 2; Марк 15:2—5.

▪ Ыйса өзүнүн падышалык абалы жөнүндөгү суроого эмне деп жооп берет?

▪ Ыйса жерде жашап жүргөндө күбөлөндүргөн «чындык» эмне болгон чындык?

▪ Пилат кандай чечим чыгарат, буга эл кандай карайт жана Пилат Ыйсаны эмне кылат?

▪ Ирод Антипа деген ким, ал эмне үчүн Ыйсаны көрөрүнө абдан кубанат жана ал Ыйсага кандай мамиле кылат?

▪ Эмне үчүн Пилат Ыйсаны бошотуп жиберүүгө аракеттенет?