Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Расулдарын өзүнүн кетишине даярдайт

Расулдарын өзүнүн кетишине даярдайт

116-бөлүм

Расулдарын өзүнүн кетишине даярдайт

ЭСКЕРҮҮ кечинин тамагы ичилип бүттү, бирок Ыйса менен анын расулдары дагеле үстүнкү бөлмөдө. Жакында Ыйса алардан кете турган болсо да, анын аларга айтар сөзү али көп. Ал: «Жүрөк заада болбогула. Кудайга ишенгиле»,— деп жубатат аларды. Ошол эле учурда: «Мага да ишенгиле»,— деп кошумчалайт.

Ыйса: «Атамдын үйүндө жай көп,— деп сөзүн улайт.— Мен силерге орун даярдаганы баратам... Мен бараткан жакка алып баруучу жолду силер билесиңер». Расулдар Ыйсанын асманга кетерин айтып жатканын түшүнүшпөйт, ошондуктан Фома: «Эге, сенин кайда баратканыңды билбейбиз. Жолду кантип биле алабыз?» — деп сурайт.

«Жол да, чындык да, өмүр да менмин»,— деп жооп берет Ыйса. Ооба, адам Ыйсаны кабыл алып, анын өткөргөн жашоосунан үлгү алса гана асмандагы Атасынын үйүнө кире алат. Ошон үчүн Ыйса: «Мен аркылуу гана болбосо, Атама эч ким бара албайт»,— дейт.

«Эге, Атаны көрсөтсөң, бизге ошо эле жетиштүү болот»,— деп сурайт Филипп. Кыязы, Филипп Ыйсанын Кудайды байыркы замандарда Муса, Илия менен Исаиялар көргөн көрүнүштөргө окшогон көрүнүш аркылуу көрсөтүп беришин кааласа керек. Бирок, чын-чынына келгенде, расулдар андай көрүнүштөрдөн да жогору артыкчылыкка ээ болчу. «Канчадан бери жаныңарда жүрөм, ошондо да сен, Филипп, мени биле элексиңби? Мени көргөн адам, Атамды да көрдү»,— дейт Ыйса.

Атасынын сапаттарын ушунчалык так чагылдыргандыктан, Ыйсанын жанында жашоо, аны таанып-билүү Атасын көргөнгө тете. Бирок Атасы Уулунан кыйла үстөм келет. Ыйса мунун калетсиздигин мойнуна алгандыктан: «Силерге айткан сөздөрүм өз оюмдан чыгарылып айтылган сөздөр эмес»,— деген. Өзүнүн үйрөтүп жаткан окуулары үчүн айтылган алкыш-даңктын баарын Ыйса асмандагы Атасына багыттаган.

Ыйсанын: «Мага ишенген адам да мен кылган иштерди кылат, алтургай андан да зор иштерди кылат»,— деген сөздөрү расулдарын кандай гана кайраттандырса керек. Муну менен Ыйса жолдоочулары өзүнүкүнөн өткөн ажайып кереметтерди көрсөтөт деген эмес. Ал окуучуларынын андан кыйла узак мөөнөт бою, кыйла кеңири аймакта жана кыйла көп адамдарга кызмат кыларын айтып жатат.

Анын кетери окуучуларын таптакыр таштап коёрун билдирбейт. Ал: «Менин атыман эмнени сурабагыла, ошону аткарып берем»,— деп убадалайт. Андан тышкары, мындай дейт: «Атамдан сураймын, силер менен түбөлүк бирге болушу үчүн силерге башка жардамчы жиберет... чындык рухун». Кийинчерээк Ыйса асманга кеткенде, окуучуларына ыйык рухту, өзү айткан жардамчыны, жиберет.

Кетер убактысы жакындап келаткандыктан, Ыйса мындай дейт: «Эми бир аз убакыттан кийин дүйнө мени эч качан көрбөйт». Ыйса адам көрө албай турган рухий жан болот. Өзүнүн ишенимдүү расулдарына болсо: «Бирок силер мени көрөсүңөр, анткени мен жашап жатам, силер да жашайсыңар»,— деп убадалайт. Ооба, тирилгенден кийин Ыйса адам денесин кийип, аларга келгенден сырткары, учурунда аларды да, рухий жаратуулар катары асманда өзү менен чогуу жашашы үчүн, тирилтет.

Анан Ыйса мындай жөнөкөй эреже киргизет: «Кимде менин парыздарым болсо жана ким аларды аткарса, ал мени сүйөт. Мени сүйгөндү болсо Атам сүйөт. Мен да аны сүйүп, өзүмдү ага көрсөтөмүн».

Муну укканда Фаддей деп да аталып жүргөн Жүйүт: «Эге, эмне болду, эмнеге сен өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге көрсөткөнү жатасың?» — деп сурайт.

«Ким мени сүйсө, ал менин айткан сөздөрүмдү аткарат, аны Атам да сүйөт... Ким мени сүйбөсө, ал менин сөздөрүмдү аткарбайт»,— деп жооп берет Ыйса. Ыйсанын тил алчаак жолдоочуларынан айырмаланып, дүйнөдөгүлөр анын окутууларына түк көңүл бурушпайт. Ошондуктан Ыйса өзүн дүйнөгө көрсөтпөйт.

Жерде кызмат кылып жүргөн кезинде Ыйса расулдарын көп нерселерге үйрөттү. Ошолордун баарын алар кантип эстеп калышат: азыркыга чейин алардын түшүнбөгөндөрү көп эмеспи? Бактыга жараша, Ыйса: «Ал эми Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерди баарына үйрөтүп, мен айткандардын баарын эсиңерге салат»,— деп убада берет.

Ыйса аларды: «Мен силерге тынчтык калтырып кетем, силерге өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам... ошондуктан жүрөгүңөр бушайман болбосун»,— деп дагы да тынчтандырат. Ыйсанын кетери чын, бирок ал: «Эгер мени жакшы көрсөңөр, Атама бара жатканыма кубанат элеңер, анткени Атам менден улук»,— дейт.

Ыйса жакын арада расулдарынан кетет. Ал: «Эми мен силер менен көпкө сүйлөшпөйм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу келатат. Менин үстүмөн анын эч кандай бийлиги жок»,— дейт. «Дүйнөнүн башкаруучусу» — Жүйүттүн ичине кирип, аны өзүнүн таасирине баш ийдире алган Ибилис Шайтан. Бирок Ыйсанын Кудайга кызмат кылуудан четтетип кетүүгө Шайтанга мүмкүнчүлүк берип койгудай эч кандай күнөөсү же алсыздыгы жок.

Тыгыз мамиле өрчүтүү

Эскерүү кечиндеги тамактан кийин, Ыйса расулдары менен ынак досторчо сүйлөшүп, аларды кайраттандырат. Убакыт болсо түн жарымынан эбак өтүп калса керек. Ошондуктан Ыйса: «Тургула, бул жерден кетели»,— дейт. Бирок үйдөн чыгып кетерден мурда ал, расулдарына болгон сүйүүсүнөн улам көрсөтмөлүү мисал айтып берет.

Ыйса: «Мен — чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо жүзүмчү»,— деп баштайт мисалын. Улуу Жүзүмчү, Иегова Кудай, бул каймана жүзүм сабагын 29-жылы Ыйса күзүндө чөмүлдүрүлгөндө, аны ыйык рух менен майлаганда отургузган. Бирок Ыйса ал сабак жалгыз өзүн гана символдоштурбасын көрсөтүп, мындай дейт: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал кесип таштайт, ал эми жемиш бергенин дагы көбүрөөк жемиш берсин деп, тазалайт... Бутак сабакта болбосо, өзүнөн-өзү жемиш бере албайт, ошол сыяктуу эле силер да мени менен бирдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар. Мен сабакмын, силер болсо бутактарсыңар».

Расулдар жана башка шакирттер 51 күндөн кийин, Эгин оруп-жыйноо майрамында, ыйык рух алышканда жүзүм сабагынын бутактары болушат. Акыр-аягы, каймана жүзүм сабагынын бутактары 144000 адамдан турат. Негизги сабак, Ыйса Машайык, менен чогуу алар Кудайдын Падышалыгынын жемиштерин алып келүүчү каймана сабакты түзүшөт.

Алардын канткенде жемиш алып келе алышарын Ыйса: «Ким мени менен бирдикте болсо жана мен да аны менен бирдикте болсом, ал мол түшүм берет, анткени менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар»,— деп түшүндүрөт. Эгер кимде-ким түшүм алып келбесе, Ыйса айткандай, «ал бутак сымал ыргытылып ташталат, анан куурап калат; адамдар андай бутактарды чогултуп, отко таштайт, ошентип, алар күйүп кетет». Бирок Ыйса: «Эгерде мени менен бирдикте калсаңар жана менин айткан сөздөрүм силерде калса, каалаганыңардын баарын сурагыла — берилет»,— деп кошумчалайт.

Ошондой эле ал расулдарына: «Силердин мол жемиш алып келишиңер жана менин окуучуларым экениңерди далилдешиңер менен Атам даңкталат»,— дейт. Кудай бутактардан күткөн түшүм — Ыйсага таандык сапаттарды, өзгөчө, сүйүүнү өрчүтүү. Ыйса Кудайдын Падышалыгынын жарчысы болгондуктан, күтүлгөн түшүмгө Ыйса калтырган үлгү боюнча окуучуларды даярдоо да кирген.

Ыйса расулдарын: «Менин сүйүүмдө болгула»,— деп чакырат. Алар кантип Ыйсанын «сүйүүсүндө боло» алышмак? Ал: «Менин парыздарымды аткарсаңар, менин сүйүүмдө болосуңар»,— дейт. Анан: «Мен берген парыз мындай: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Кимде-ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деп түшүндүрөт.

Бир нече сааттан кийин Ыйса, расулдары үчүн жана ага ишеним көрсөтө тургандардын баары үчүн өз өмүрүн курмандыкка берип, ошондой зор сүйүүнүн үлгүсүн көрсөтөт. Ыйсанын жолдоочулары да анын үлгүсү боюнча бири-биринен жанын аябоого түрткү берген сүйүүнү өрчүтүүгө тийиш. Алар дал ошондой сүйүүсү менен таанылышмак, анткени Ыйса мындан мурдараак: «Эгерде араңарда сүйүү болсо, ошол аркылуу баары силер менин окуучуларым экениңерди билет»,— деген.

Ыйса: «Мен буюрганды кылсаңар, силер менин досумсуңар. Мындан ары силерди кул дебеймин, анткени кул ээсинин эмне кылып жатканын билбейт. Бирок мен силерди досторум деп атадым, себеби Атамдан уккандарымдын баарын силерге ачып бердим» — деп, кимдерди дос көрөрүн көрсөтөт.

Ыйса менен жакын дос болуу, чынында эле, баалуу эмеспи?! Бирок андай мамиледен ажырап калбаш үчүн, окуучулары «жемиш берүүгө» тийиш. Ошондо, Ыйса айткандай, анын «атынан эмнелерди сурашпасын, Атасы баарын берет». Албетте, бул — Падышалыктын жемишин алып келип жаткандар үчүн чоң артыкчылык! Ыйса кайрадан расулдарын «бири-бирин сүйүүгө» чакырат да, алардын дүйнө тараптан жек көрүлөрүн айтат. Бирок: «Эгер дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурда мени жек көргөнүн билгиле»,— деп жубатат. Анын жолдоочуларын дүйнө эмне себептен жек көрөрүн мындайча түшүндүрүп берет: «Эми силер дүйнөдөн болбогондуктан жана силерди мен дүйнөнүн ичинен тандап алгандыктан, дүйнө силерди жек көрөт».

«Ушулардын баарын силерге каршы менин атым үчүн жасашат, анткени алар мени жибергенди [Иегова Кудайды] билишпейт» — деп, дүйнөнүн жек көрүшүнүн себебин дагы тереңирээк ачып берет. Ыйсанын жасаган кереметтеринин өзү эле аны жек көргөндөрдү дээрлик ашкерелейт, анткени ал: «Эгер мен башка эч ким кылбаган иштерди алардын арасында көрсөтпөгөн болсом, алар күнөөкөр болушмак эмес; азыр болсо көрүштү, бирок мени да, Атамды да жек көрүп жатышат»,— дейт. Ыйса айткандай, муну менен: «Мени себепсиз жек көрүштү»,— деген пайгамбарлык аткарылган.

Ыйса жардамчыны — ыйык рухту, Кудайдын иш-аракеттүү зор күчүн — жиберүүнү убадалап, расулдарын дагы жубатат. «Ал мен тууралуу күбөлөндүрөт; силер да күбөлөндүрөсүңөр»,— дейт ал.

Кетер алдындагы насааттары

Ыйса менен расулдары үстүнкү бөлмөдөн чыгууга камданып жатышат. «Мен муну силердин мүдүрүлбөшүңөр үчүн айтып жатам»,— дейт Ыйса. Анан аларга олуттуу нерсе тууралуу күн мүрүн эскертип: «Силерди синагогадан кубалашат. Ал тургай силерди өлтүрүп жаткан ар ким Кудайга ыйык кызмат кылып жатам деп ойлой турган убак келет»,— дейт.

Мындай эскертүүнү уккан расулдар чындап тынчсыздана башташат шекилдүү. Ыйса алардын дүйнөгө жек көрүндү болорун мурунураак айтканы менен, алардын өлтүрүлөрүн мынчалык түз айтпаган көрүнөт. «Буларды силерге башынан айтпаганымдын себеби,— деп түшүндүрөт Ыйса,— мен силердин жаныңарда элем». Аларга бул тууралуу кетерине чейин айтып койгону кандай жакшы болду!

«Эми,— деп улайт Ыйса сөзүн,— мен мени жибергенге кайтып баратам. Бирок бириңер да: „Кайда баратасың?“ — деп сураган жоксуңар». Жанараак алар Ыйсанын кайда барарын сурап жатышкан эле, азыр болсо анын айткандары аларды катуу ойлондургандыктан, ал тууралуу сурашпайт. «Буларды айтканымдан улам, жүрөгүңөр санаага толуп турат»,— дейт Ыйса. Расулдардын капаланышына аларды алдыда айыгышкан куугунтук күтүп тургандыгы гана эмес, Мырзасынын кетип жатышы да себеп болгон эле.

Ошондуктан Ыйса: «Мен силердин жыргалчылыгыңар үчүн кетип жатам. Кетпесем, силерге жардамчы эч качан келбейт, эгер кетсем, аны силерге жиберем»,— дейт. Азыр адам болуп тургандыктан, Ыйса бир эле убакта ар башка жерде боло албайт, ал эми асманга барса, жолдоочулары жердин кайсы бурчунда болбосун, аларга жардамчыны, Кудайдын ыйык рухун, жибере алат. Ошондуктан анын кетиши абзел.

Ыйса ыйык рухтун «дүйнөгө күнөө, акыйкат жана сот жөнүндө ынанымдуу далилдерди берерин» айтат. Ооба, дүйнөнүн күнөөсү, Кудайдын Уулуна ишенүүдөн баш тартышы, ашкереленет. Андан сырткары, Ыйсанын Атасына кетиши анын такыбаалыгынын ишенимдүү далили болот. Ал эми Шайтандын жана анын дүйнөсүнүн Ыйсаны актыгынан тайдыра албагандыгы дүйнөнүн башкаруучусуна өкүм чыгарылгандыгын ынанымдуу далилдеп турат.

«Силерге айтар сөзүм дагы көп, бирок силер аларды азыр сыйдыра албайсыңар»,— дейт Ыйса. Ошондуктан ал аларга ыйык рухту, Кудайдын иш-аракеттүү күчүн, жибергенде, алар өздөрүнүн кабыл алуу жөндөмдүүлүгү канчалык мүмкүнчүлүк берсе, бардыгын ошончолук түшүнөрүн убадалаган.

Өзгөчө, расулдар үчүн Ыйсанын өлүп, тирилерин жана кайра аларга келерин түшүнүү кыйын. Ошон үчүн алар бири-биринен: «„Бир аздан кийин мени көрбөй каласыңар“, анан кайра „бир аздан кийин мени көрөсүңөр“, „анткени мен Атама баратам“,— дегени эмнеси?» — деп сурай башташат.

Ыйса алардын эмне тууралуу сурагысы келип турганын түшүнүп: «Чынын, силерге чынын айтам: силер ыйлайсыңар жана боздойсуңар, ал эми дүйнө кубанат; силер кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат»,— деп түшүндүрөт. Ошол эле күнү түштөн кийин, Ыйса өлтүрүлгөндө, диний жетекчилер сүйүнүшөт, Ыйсанын окуучулары болсо кайгырышат. Ал эми Ыйса тирилгенде, алардын кайгысы кубанычка айланат! Ыйса Эгин оруп-жыйноо майрамында окуучуларына ыйык рух берип, өзүнүн күбөлөрү болууну ишенип тапшырганда да алар кубанышкан!

Расулдардын жагдайын төрөт алдындагы аялдын жагдайы менен салыштырып, Ыйса: «Ай-күнү жетип, төрөп жатканда аял кыйналат»,— дейт. Ал эми көз жарып алган соң, кыйналганын да унутат. «Силер да ошондой болуп, азыр кайгырып жатасыңар. Бирок мен силерди [тирилгенден кийин] кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот да, кубанычыңарды эч ким тартып ала албайт»,— деп расулдарын кайраттандырат.

Ушул убакка чейин расулдары Ыйсанын атынан эч нерсе сурай элек болушчу. Андыктан ал мындай дейт: «Атаман эмне сурабагыла, ал ошону менин атыман берет... Атам силерди жакшы көрөт, анткени силер мени жакшы көрөсүңөр жана Атаман келгениме ишендиңер. Мен Атаман чыгып, дүйнөгө келгем. Эми кайра дүйнөнү таштап, Атама баратам».

Ыйсанын сөздөрү расулдарына чоң күч-кубат берет. «Эми... сенин Кудайдан келгениңе ишенебиз»,— дешет расулдар. «Эми ишенесиңерби? — деп сурайт Ыйса.— Силер мени жалгыз калтырып, баарыңар үй-үйлөрүңөргө чачырап кетер убак келе жатат, мына, келип да калды». Бул айткандары канчалык аткарылгыстай сезилсе да, таң сөгүлө электе эле айтканы айткандай аткарылды!

Ыйса: «Мен аркылуу силерде тынчтык болсун деп айттым буларды силерге. Дүйнөдө силерди кайгы күтүп турат, бирок кайраттуу болгула: мен дүйнөнү жеңдим!» — деп сөзүн аяктайт. Ал, Кудай алдындагы актыгын буздурууга Шайтан менен анын дүйнөсү кандай аракет кылбасын, Кудайдын эркин берилгендик менен аткарып, дүйнөнү жеңди.

Үстүнкү бөлмөдөгү соңку тиленүү

Өзүнүн кетер убактысы жакындап келаткандыктан, Ыйса расулдарына болгон терең сүйүүсүнөн улам, аларды ошол учурга даярдап жатат. Аларга бир топ акыл-кеңеш айтты, жубатты. Эми болсо өйдө карап, Атасынан минтип өтүнөт: «Уулуң сени даңкташ үчүн, аны даңктай көр. Себеби ага бергендериңдин баарына түбөлүк өмүр берсин деп, ага бардык адамзаттын үстүнөн бийлик кылууну тапшырдың».

Ыйса түбөлүк өмүр жөнүндө сөз кылган! Ага «бардык адамзаттын үстүнөн бийлик кылуу» мүмкүнчүлүгү берилген жана ал өзүнүн куткаруу курмандыгы аркылуу мүмкүн болгон баталарды өлүм алдында турган жалпы адамзатка бере алат. А бирок ал «түбөлүк өмүрдү» Атасы жактыргандарга гана берет. Ыйса тиленүүсүндө түбөлүк өмүр тууралуу дагы мындай дейт:

«Ал эми түбөлүк өмүр жалгыз Кудай болгон сени жана сен жиберген Ыйса Христосту таанууда». Ырас, аман калуу Кудай менен анын Уулу тууралуу так, терең билим алуудан көз каранды. Бирок жалгыз билимдин өзү жетишсиз.

Алар менен жакшылап таанышып, чындап достошуу жана алардын көз карашын аңдап, бардыгына алардын көз карашы менен кароого үйрөнүү зарыл. Баарыдан мурда, алардын эң сонун сапаттарын башкаларга кылган мамилелерибизде чагылдырууга аракеттенишибиз керек.

Ыйса: «Сен мага тапшырган ишиңди аяктап, мен сени жерде даңктадым»,— деп улантат тиленүүсүн. Азыркыга чейин өзүнө тапшырылгандарды белсемдүү аткарып келгендиктен, Ыйса бардыгын акырына чейин ийгиликтүү аткарарына күмөн санабайт. Ошондуктан ал: «Ата, дүйнө жарала электе, жаныңда жүргөндөгү даңкыма эми кайрадан бөлөй көр»,— деп суранат. Ооба, Ыйса тирилтилип, асмандагы мурунку даңкы кайрадан өзүнө берилишин сурайт.

Жердеги аткарыла турган ишинин жыйынтыгын айтып: «Дүйнөнүн ичинен берген адамдарыңа мен ысмыңды ачып бердим. Алар сеники болчу, а сен аларды мага бердиң. Алар сенин сөзүңө карманышты»,— дейт. Ыйса Кудайдын Иегова деген ысмын кабар айтууда колдонуп, аны кантип туура айтышты айтып берген. А бирок расулдарына ал ысымды ачып бериш үчүн, андан да көптү жасаган: алардын Иегова жөнүндөгү, анын сапаттары менен ой-ниеттери жөнүндөгү билимин кеңейткен жана ошолордун бардыгы үчүн алардын ыраазычылык көрсөтүшүн тереңдеткен.

Ыйса Иегова анын Эгедери экенин жана Иегованын жетекчилиги алдында кызмат кыларын танган эмес, кайра момундук менен: «Сен берген сөздөрүңдү мен аларга бердим — алар кабыл алышты жана мен сенден өкүлүң катары келгенимди чындап билип, сенин жибергениңе ишеништи»,— дейт.

Анан өзүнүн жолдоочулары менен калган адамзаттын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүп, Ыйса минтип тиленет: «Мен алар үчүн суранам. Дүйнө үчүн эмес, өзүң бергендер үчүн суранам... Арасында жүргөнүмдө аларды... коргоп жүрдүм; мен аларды сактадым. Жазма аткарылыш үчүн, өлүм уулунан [башкача айтканда, Жүйүт Искариоттон] башка бири да өлгөн жок». Жүйүт ошол убакта Ыйсага карата арам оюн ишке ашырып жаткан болот. Ошентип, Жүйүт, өзү баамдабастан, Ыйык Китептеги пайгамбарлыкты аткарат.

«Дүйнө аларды жек көрүп калды...— деп тиленүүсүн улантат ал. — Аларды дүйнөдөн ал деп эмес, Зулумдан коргой көр деп суранам. Мен дүйнөдөн болбогондой, булар да дүйнөдөн эмес». Ыйсанын жолдоочулары дүйнөдө — Шайтан тарабынан уюштурулган, башкарылган адамзат коомунда — жашашканы менен, дүйнөдөн жана анын бузуку иштеринен обочо карманышат, атүгүл дайыма обочо карманууга тийиш.

Ыйса тиленип жатып: «Аларды чындыгың менен ыйыкта; сенин сөзүң — чындык»,— деп да айта кетет. «Чындык» деп ал өзү көп жолу кайрылган Еврей Жазмаларын айткан. Ошондой эле анын окуучуларына үйрөткөндөрү жана кийинчерээк окуучуларынын Кудайдын шыктандыруусу менен жазгандары, тагыраак айтканда, Грек Жазмалары да «чындык». Бул «чындык» адамдын жашоосун толугу менен өзгөртүп, аны бузуку дүйнөдөн бөлүп «ыйыктоо» кудуретине ээ.

Эми Ыйса «алар үчүн гана эмес, алардын айткандары аркылуу... [ага] ишенгендер үчүн» да тиленет. Демек, Ыйса «бир короого» чогултула турган рух менен майланылчу болочок жолдоочулары үчүн, ошондой эле башка окуучулары үчүн да тиленип жаткан. Ыйса алар үчүн эмне деп суранат?

«Сен, Ата, мени менен, ал эми мен сени менен биримдикте болгондой, алардын баары бирдикте болсун... биз бир болгондой, алар да бир болушсун». Ыйса менен анын Атасы түз мааниде бир эмес, алардын ортосунда толук келишкендик өкүм сүрөт. Ыйса жолдоочуларынын ортосунда да ошондой келишкендик болушун тилеп: «Мени сен жибергениңди жана мени кандай жакшы көрсөң, аларды да ошондой жакшы көрөрүңдү дүйнө билсин»,— деп өтүнөт.

Анан асмандагы Атасынан анын майланган жолдоочулары боло тургандар жөнүндө суранат. Эмне деп? «Мен боло турган жакта мени менен алардын да болушун жана сен дүйнө негизделе электе эле мени жакшы көрүп мага берген даңкты көрүшүн каалайм»,— деп. Кудай жалгыз өзү жараткан, кийинчерээк Ыйса Машайык болгон уулун «дүйнө негизделе электе», башкача айтканда, Адам менен Овонун балдары төрөлгөнгө чейин канчалаган убакыттар мурун эле жакшы көрчү.

Тиленүүсүнүн аягында ал кайрадан: «Мени сүйгөн сүйүүң аларда да болуш үчүн жана мен да алар менен бирдикте болушум үчүн, аларга сенин ысмыңды ачып бердим,— деп баса көрсөтөт,— жана мындан ары да ача беремин». Кудайдын ысмын билүү деген расулдар үчүн Кудайдын сүйүүсүн жекече сезип-билүүнү түшүндүрөт. Иоанн 14:1—17:26; 13:27, 35, 36; 10:16; Лука 22:3, 4; 2 Муса 24:10; 3 Падышалык 19:9—13; Исаия 6:1—5; Галатиялыктар 6:16; Забур 35:19 [34:19]; 68:5; Аңгемелер 8:22, 30.

▪ Ыйса кай жакка кетип жатат жана ал жакка алып баруучу жол жөнүндөгү суроосуна Фома кандай жооп алат?

▪ Кыязы, Филипп Ыйсадан эмнени сурайт?

▪ Эмне үчүн Ыйсаны көрүү анын Атасын көрүүгө барабар?

▪ Кандайча Ыйсанын жолдоочулары ал жасагандан да зор иштерди жасашат?

▪ Кандай мааниде Шайтан Ыйсага эч кандай таасирин тийгизе албайт?

▪ Каймана жүзүм сабагын Иегова качан отургузган жана башкалар кантип, качан ал сабактын бөлүгү болушкан?

▪ Акыры каймана жүзүм сабагы канча бутактуу болот?

▪ Кудай бутактарды кандай түшүм алып келет деп күтөт?

▪ Биз канткенде Ыйсанын досу боло алабыз?

▪ Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочуларын дүйнө жек көрөт?

▪ Ыйсанын кайсы эскертүүсү расулдарын тынчсыздандырат?

▪ Эмне үчүн расулдар Ыйсанын кайда баратканын сурашпайт?

▪ Расулдар үчүн эмнени түшүнүү өзгөчө татаал?

▪ Расулдарынын кайгысы кубанычка айланаарын Ыйса кандай мисал менен көрсөтөт?

▪ Ыйсанын айтуусу боюнча, расулдар жакында эмне кылышат?

▪ Ыйса дүйнөнү кантип жеңген?

▪ Кандай мааниде Ыйсага «бардык адамзаттын үстүнөн бийлик кылуу» мүмкүнчүлүгү берилген?

▪ Кудай менен анын Уулу тууралуу так билим алуу деген эмнени билдирет?

▪ Ыйса Кудайдын ысмын кантип ачып берген?

▪ «Чындык» деген эмне жана ал Ыйсанын жолдоочусун кантип «ыйыктайт»?

▪ Кудай, анын Уулу жана Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары кандайча бир?

▪ Дүйнө качан «негизделген»?