Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Саткынчылык жана Ыйсанын кармалышы

Саткынчылык жана Ыйсанын кармалышы

118-бөлүм

Саткынчылык жана Ыйсанын кармалышы

ТҮН ортосу эчак ооган. Ушул маалда Жүйүт Гефсимания багына аскерлер менен диний жетекчилерди, фарисейлерди жана башка топ адамдарды ээрчитип келет. Дин кызматчылар Жүйүткө Ыйсаны саткандыгы үчүн 30 күмүш теңге берүүгө макул болушкан.

Ыйса пасахтык кечки тамак маалында Жүйүттү коё бергенде, ал түз эле диний жетекчилерге барган көрүнөт. Тигилер болсо дароо кызматчылары менен аскерлерин чогулта калышат. Жүйүт адегенде аларды Ыйса расулдары менен Пасахты белгилеген жерге алып барса керек. Ал жакта эч ким жогун көргөн соң, Жүйүт менен анын жанындагы курал, шам, чырак, көтөргөн эл Иерусалимден чыгып, Кедрон өрөөнүн көздөй жөнөшөт.

Жүйүт аларды Зайтун тоосуна баштап баратат. Ал Ыйсаны кайдан табарды беш колундай билерине күмөн санабайт. Өткөн жума бою Ыйса менен расулдары Вифаниядан Иерусалимге барып-келип жүрүшкөндө Гефсимания багына эс алып, баарлашып кетиш үчүн көп киришкен болчу. Бирок Ыйса караңгыда зайтун дарактарынын арасына жашынып алса, аскерлер аны кантип таанышмак эле? Балким, алар аны мурун көрүшкөн да эместир. Жүйүт аларга: «Мен кимди өпсөм, ошо; аны кармагыла да, жакшылап кайтарып алып кеткиле» — деп, белги берерин айтат. Ал ошол элдин баарын бакка ээрчитип келет да, расулдары менен турган Ыйсаны көрүп, түз эле жанына басып барат.

— Саламатсыңбы, Рабби! — дейт да, Ыйсаны абдан назик өбөт.

— Бул жерде эмне жүрөсүң, дос? — деп кесе сурайт Ыйса. Бирок өзүнүн суроосуна өзү жооп берип:

— Жүйүт, адам Уулун өөп туруп сатасыңбы? — дейт.

Саткынга корогон кайран сөз! Ыйса күйүп жаткан шамдар менен чырактардын жарыгына чыгат да, минтип сурайт:

— Кимди издеп жүрөсүңөр?

— Назареттик Ыйсаны,— деген жооп угулат.

— Ал — мен,— деп жооп берет алардын алдында турган Ыйса эч жалтанбастан. Муну көрүп, алдастай түшкөн кишилер анын эмне кылып жиберерин билбегендиктен, артка кетенчиктеп барып, жерге жата калышат.

— Менмин деп силерге айтпадымбы,— деп жай гана жооп берет Ыйса.— Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле.

Мындан бир аз мурун баягы үстүнкү бөлмөдө жүргөнүндө асмандагы Атасына тиленип жатып өзүнүн ишенимдүү расулдарынын «өлүм уулунан» башка бирин да жоготпой, сактап калганын айткан эле. Ошондуктан Ыйса, айткандары аткарылыш үчүн, жолдоочуларын коё берүүнү сурайт.

Аскерлер эсине келишкенде, ордуларынан туруп, Ыйсаны байлай башташат. Эмне болуп жатканын расулдар ошондо гана түшүнүшөт. Алар: «Эге, кылыч менен чаап салалыбы?» — деп сурашат да, Ыйса жооп бергиче, кошо ала келишкен эки кылычтын бирин кармап турган Пётр дин башчынын кулу Малхты качырып келип, башка чапмакчы болгондо, жаза тийип, кылыч анын оң кулагын шылып кетет.

Ыйса: «Баары кандай болсо, ошо боюнча койгула» — деп, Малхтын кулагына колун тийгизип, айыктырып коёт. Анан Пётрга: «Кылычты ордуна кой»,— деп буюрат да, мындай маанилүү сабак берет: «Анткени колуна кылыч алгандардын баары кылычтан өлөт. Же мени Атаман азыр ушул жерден он эки легиондон ашуун периштелерин жиберишин сурай албайт дейсиңби?»

Ыйса өзүн алардын колуна салып берүүгө даяр экенин билдирип: «Болбосо, бул ушундай болуп аткарылышы керектиги жөнүндө жазылган Жазмалар кантип аткарылмак?» — деп сурайт.— «Кантип эле Атам берген чөйчөктөн ичпей коёюн?» Ыйса өзүнө байланыштуу Кудайдын эркине толугу менен моюн сунат!

Анан Ыйса жарданган элге кайрылып: «Мени кармаганы каракчыны кармачудай кылыч, келтек менен чыгыптырсыңар да? Ар күнү мен ийбадатканада олтуруп, окутуп жүргөнүмдө кармаган эмес элеңер го. Бирок мунун баары пайгамбарлардын жазгандары аткарылыш үчүн болду»,— дейт.

Ошондо аскерлер, аскер башы жана иудей жетекчилери Ыйсаны кармап, байлай башташат. Муну көргөн расулдары аны таштап, качып кетишет. Элдин арасында бир жаш окуучу — кыязы, Марк — калат. Ал Ыйса Пасахты майрамдаган үйдө болсо керек. Анан элди ээрчип бул жакка келген шекилдүү. А бирок аны таанып калышып, кармайлы дешкенде, ал кийимин таштаган бойдон качып кетет. Матфей 26:47—56; Марк 14:43—52; Лука 22:47—53; Иоанн 17:12; 18:3—12.

▪ Эмне үчүн Жүйүт Ыйсаны Гефсимания багынан табарына шек санабайт?

▪ Ыйса расулдарына кантип кам көрөт?

▪ Ыйсаны коргош үчүн, Пётр эмне кылат жана Ыйса ага эмне дейт?

▪ Ыйса Кудайдын эркине толугу менен моюн сунарын кантип көрсөтөт?

▪ Расулдар качып кеткенде, Ыйсанын жанында ким калат жана ал эмне кылат?