Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Синедриондун, андан соң Пилаттын алдында

Синедриондун, андан соң Пилаттын алдында

121-бөлүм

Синедриондун, андан соң Пилаттын алдында

ТАҢ атып баратат. Пётр үч жолу Ыйсадан танды. Синедриондун мүчөлөрү «сотун» аяктап, тарап кетишти. А бирок алар жума күнү таң заарда кайрадан (бул жолу Синедрион залында) жолугушат. Чамасы, түнкү сотун калп да болсо мыйзамдаштыруу үчүн чогулушат көрүнөт. Ыйсаны ичкери киргизишкенде: «Христос болсоң, айт бизге»,— деп түндөгү айткандарын кайра кайталашат.

«Мен айткан күндө да силер ишенбейсиңер. Эгер силерден сурасам, эчтеке жооп бербейсиңер»,— деп жооп берет Ыйса. Бирок өзүнүн ким экенин коркпостон ырастап мындай дейт:

— Бирок мындан ары адам Уулу Кудайдын кубаттуу колунун оң жагына олтурат.

— Демек, Кудайдын Уулумун дечи? — деп билгиси келет баары.

— Мен экенимди өзүңөр айтып жатпайсыңарбы,— дейт Ыйса.

Аны эптеп эле өлтүрүүнү көздөп жатышкандыктан, аларга ошондой жооп да жетиштүү болчу. Алар үчүн бул — Кудайга акарат келтиргендик. «Мындан артык бизге дагы кандай күбөлөндүрүү керек? Биз муну өз оозунан укпадыкпы»,— дешет да, Ыйсаны байлап, римдик башкаруучу Понтий Пилатка жөнөтүшөт.

Жүргүзүлүп жаткан сот териштирүүсүн Ыйсаны сатып кеткен Жүйүт Искариот да байкап турат. Анан Ыйсага айыпкер деген чечим чыгарылганын көргөндө, аны абийири соттой баштайт. Ошондуктан Жүйүт, 30 күмүш теңгени кайтарып бериш үчүн, дин кызматчылар менен эл аксакалдарына барат.

— Адил канды сатып, мен күнөөгө баттым,— дейт аларга.

— Бизге эмне? Өзүң бил! — деп таш боордук менен жооп беришет алар.

Ошон үчүн Жүйүт күмүш теңгелерди ийбадатканага таштаган бойдон чыгып кетет да, асынып өлүүгө аракет кылат. Бирок жип байлаган бутагы, сыягы, сынып кетип, денеси ташка жанчылат.

Дин кызматчылар күмүш теңгелерди эмне кылышты билишпей маң болушат. «Ыйык казынага салуу мыйзамды бузгандык болот, анткени бул кандын баасы»,— дешет алар. Кеңешип-кептешкен соң ал теңгелерге, бөтөн жерден келгендерди көмүш үчүн, карапачынын талаасын сатып алышат. Ошондуктан ал жер «кан талаасы» деп аталып калат.

Эртең менен эрте алар Ыйсаны ээрчитип, башкаруучунун сарайына келишет. Бирок иудейлер, бутпарастар менен минтип жакын сүйлөшүү арам кылат деп эсептешкендиктен, анын ичине кирүүгө даай алышпайт. Пилат алардын көз карашын түшүнгөндүктөн өзү чыгып келет.

— Бул кишиге кандай айып коюп жатасыңар? — деп сурайт ал.

— Эгер бул адам кылмышкер болбосо, алдыңа алып келбейт элек,— деп жооп беришет тигилер.

— Өзүңөр алып кетип, мыйзамыңар боюнча соттой бергиле,— дейт бул ишке кийлигишкиси келбеген Пилат. Ыйсаны өлтүргөнү жатышканын билдирип, иудейлер: «Мыйзам боюнча, биз бирөөнү өлүм жазасына тартууга укуксузбуз»,— деп каршы чыгышат. Эгер алар Ыйсаны Пасах майрамында өлтүрүшсө, эл арасында козголоң чыгышы да мүмкүн эле, себеби элдин көбү Ыйсаны сыйлачу. А эгер Ыйса саясий айыптоолор боюнча римдиктер тарабынан жазага тартылса, анда иудейлер эл алдындагы жоопкерчиликтен кутулушмак.

Ошондуктан диний жетекчилер түндө жүргүзгөн соту жана ал сотто Ыйсаны Кудайга акарат келтиргендиктен, айыптуу деп чечим чыгарышканы тууралуу ооз ачпастан, башка айыптоо ойлоп таба коюшат. Алар Ыйсага каршы үч бөлүктөн турган мындай айып коюшат: «Мунун (1) биздин элди бузуп, (2) кесарга салык төлөөгө тыюу салып, (3) өзүн Падыша Христосмун деп жүргөнүн билдик».

Пилатты өзүн «падышамын деп жүрөт» деген айыптоо тынчсыздандыра баштайт. Ошол себептен ал сарайына кирет да, Ыйсаны өзүнө чакыртып алып: «Сен иудейлердин падышасысыңбы?» — деп сурайт. Башкача айтканда, бул: «Сен өзүңдү падышамын деп жарыялап, кесарга каршы чыгып жүрөсүңбү?» — деген суроо болчу.

Ыйса Пилаттын ал тууралуу эмнелерди укканын билгиси келип, андан: «Бул сөз өзүңдөн чыктыбы же мен тууралуу сага башкалар айтып бердиби?» — деп сурайт.

Пилат ал жөнүндө эч нерсе билбесин жана чындыкты билгиси келерин түшүндүрүш үчүн: «Мен иудей белем? Сени мага өз элиң менен диний жетекчилериң алып келишти. Эмне иш кылдың эле?» — деп жооп берет.

Ыйса ал суроону, падышалык жөнүндөгү суроону, талкуулоодон качууга аракеттенбейт. Анын берген жообу Пилатты айран-таң калтырары күмөнсүз. Лука 22:66—23:3; Матфей 27:1—11; Марк 15:1; Иоанн 18:28—35; Расул 1:16—20.

▪ Синедриондун мүчөлөрү эртең менен кайра эмне үчүн чогулушат?

▪ Жүйүт кантип өлөт жана диний жетекчилер 30 күмүш теңгени эмне кылышат?

▪ Иудейлер Ыйсаны эмне үчүн өзүлөрү өлтүрүшпөй, римдиктердин өлтүрүшүн каалашат?

▪ Иудейлер Ыйсага кандай айыптоолорду коюшат?