Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Талаш-тартыштын себеби

Талаш-тартыштын себеби

41-бөлүм

Талаш-тартыштын себеби

ЫЙСА Симондукунда конокто болгондон кийин көп өтпөй, кабар таратуу үчүн Галилеяга экинчи ирет жөнөйт. Галилеяны өткөн жолу кыдырганында аны менен чогуу биринчи окуучулары: Пётр, Андрей, Жакып жана Иоанн эле бар болчу. Бул жолкусунда болсо, аны 12 расулу жана бир нече аял коштоп жүрөт, алардын ичинде Мариам Магдалина, Сусанна жана күйөөсү Ирод падышага кызмат кылган Иоанна да бар.

Ыйсанын кызматы канчалык күч алган сайын, талаш-тартыштар ошончолук көбөйө берди. Ыйсага жин-перилер ээлеп алган бир кишини алып келишет, ал сокур да, дудук да болчу. Ыйса аны айыктырып, жин-перилерден бошотот. Ошондо анын көзү көрүп жана сүйлөй баштаганын көргөн адамдардын кубангандарын айтпа. Алар: «Дөөттүн Уулу ушул эмеспи?» — деп жатышты.

Ыйса токтогон үйгө ушунчалык көп адамдар чогулгандыктан, анын жана окуучуларынын тамактанганга да убактылары болгон жок. Бирок бул адамдардын арасында Ыйсанын убадаланган «Дөөттүн Уулу» экенине ишенбегендер да бар, мисалы, китепчилер менен фарисейлер Ыйсанын айыбын ачабыз деген максатта тээ Иерусалимден бери келишкен. Ыйсанын туугандары анын ушундай ызы-чууларга себеп болгонун угуп, аны алып кетүүнү чечишет. Эмнеге?

Биринчиден, Ыйсанын туугандары анын Кудайдын Уулу экенине азырынча ишене элек. Экинчиден, алар Ыйсаны бала-чагынан тартып билишкендиктен, анын мындай талаш-тартыштарды чыгаргыдай кулк мүнөзү жок экенине ишенишет. Ошондуктан алар Ыйсанын акыл-эси чынында эле ордунда эмес деп ойлошот. «Ал акылынан айнып калды»,— деп жыйынтык чыгарышат да, аны кармап алып, үйүнө алып кетүүнү каалашат.

Бирок Ыйсанын жин-перилер ээлеп алган адамды айыктырганы айдан ачык. Муну жокко чыгаруу мүмкүн эмес экенин китепчилер менен фарисейлер жакшы билишет. Ошого карабастан алар элдин Ыйсага болгон ишенимин суутуш үчүн: «Ал жин-перилерди алардын башчысы Веелзевулдун күчү менен гана кууп чыгарып жатат»,— дешет.

Китепчилер менен фарисейлердин эмне ойлоп жатканын билгендиктен Ыйса аларды өзүнө чакырып алып: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кыйроого учурайт жана ич ара бөлүнгөн ар бир шаар же үй туруктуу болбойт. Ошондой эле Шайтан Шайтанды кубаласа, ал ич ара бөлүнгөн болот; анда анын падышалыгы кантип туруштук бере алат?» — дейт.

Кандай гана төгүндөлгүс ой! Фарисейлер биздин арабызда да жин-перилерди кууп чыгаргандар бар деп ырасташкандыктан, Ыйса алардан: «Эгерде мен жин-перилерди Веелзевулдун күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин уулдарыңар кимдин күчү менен кууп чыгарып жатат?» — деп сурайт. Башкача айтканда, Ыйсага койгон айыпты алардын өздөрүнө да койсо болот. Ошондуктан Ыйса мындай эскертүү берет: «Эгерде мен жин-перилерди Кудайдын рухунун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда чындап эле силерге Кудайдын падышалыгы жетти».

Ыйса, жин-перилерди кууп чыгара алгандыгы Шайтандын үстүнөн да бийлик кыла ала тургандыгынын далили экенин көрсөтүү үчүн, мындай дейт: «Кимдир бирөө адегенде карылуу адамдын өзүн байлабай туруп, кантип анын үйүнө кирип келип, баалуу буюмдарын ээлей алсын? Байлаганда гана анын үйүн тоной алат. Ким мени менен болбосо, ал мага каршы жана ким мени менен жыйнабаса, ал чачат». Албетте, фарисейлердин Ыйсага каршы экени айкын, ошонусу менен алар Шайтандын өкүлдөрү экенин көрсөтүп атышат. Алардын максаты — «чачуу», башкача айтканда, израилдиктерди Ыйсадан алагды кылуу.

Ошондуктан Ыйса Шайтандын жолунда жүргөн душмандарына: «Рухка акарат келтирүү кечирилбейт»,— деп эскертүү берет. Ал: «Ким адам Уулуна каршы сөз айтса, ал кечирилет; ал эми ким ыйык рухка каршы сөз айтса, ал азыркы түзүлүштө да, келе турганында да кечирилбейт»,— деп түшүндүрөт. Китепчилер менен фарисейлер так ушундай кечирилгис күнөө кетирип жатышат, анткени алар Кудайдын ыйык руху аркылуу айкын жасалган кереметтерди кара ниеттик менен Шайтанга ыйгарып жатышат. Матфей 12:22—32; Марк 3:20—30; Лука 8:1—3; Иоанн 7:5.

▪ Ыйсанын Галилеядагы экинчи жолку кабар айтуу саякаты биринчисинен эмнеси менен айырмаланат?

▪ Эмне үчүн Ыйсанын туугандары аны алып кетүүнү каалашат?

▪ Ыйсанын жасаган кереметтерине шек туудуруу үчүн фарисейлер кандай аракет кылышат, бирок алардын ырастоосун Ыйса кандайча четке кагат?

▪ Фарисейлердин айыбы эмнеде жана эмне үчүн?