Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Талаш чыгат

Талаш чыгат

115-бөлүм

Талаш чыгат

УШУЛ кечтин башында Ыйса окуучуларынын буттарын жууп, аларга момундук менен кызмат кылуунун сонун үлгүсүн көрсөткөн. Ошондой эле өзүнүн жакындап келаткан өлүмүнүн Эскерүү кечин киргизген. Эми болсо расулдар кызык жорук башташат, бул, албетте, таң калыштуу, айрыкча, мындан бир аз эле мурун болуп өткөн окуяны эстегенде. Расулдар арасында кимибиз көбүрөөк баркталышыбыз керек деген кызуу талаш чыгат! Бул алардын эчаккы талашынын уландысы окшойт.

Ыйсанын тоодогу кубулушунан кийин да расулдар кимибиз улукпуз деп талашып-тартышканы эсиңдедир. Ал эми Жакып менен Иоанндын Ыйсадан Падышалыкта сыйлуу орунду беришин сурашканычы; ан үчүн да расулдар бир топ араздашкан. Эми расулдары менен чогуу өткөргөн акыркы кечинде алардын кайрадан минтип жатышканы, албетте, Ыйсаны капалантпай койбосо керек. Ал эмне кылган?

Расулдарын урушуп-каккандын ордуна, Ыйса кайрадан чыдамдуулук менен: «Элдерди падышалары башкарып турат, аларга бийлик кылгандар „эл кишиси“ деп аталат. Ал эми силер антпөөгө тийишсиңер... Үстөлдүн жанында жамбаштап жаткан чоңбу же кызмат кылып жүргөн чоңбу? Жамбаштап жатканы чоң эмеспи?» — деп ынандырат. «Ал эми силердин араңарда мен кызмат кылуучумун»,— дейт ал өзүнүн берген үлгүсүн эстетип.

Ыйса сыналып жаткан маалдарда расулдары, жеткилең эмес болушса да, ага берилген бойдон калышкан. Ошондуктан Ыйса: «Атам мени менен келишим түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөмүн»,— дейт. Бул келишим аркылуу Ыйсанын ишенимдүү жолдоочуларына аны менен бирге падышалык кылууга жол ачылат. Падышалык келишимине, жалпы жонунан, 144 000 гана адам кирет.

Расулдарга Ыйса менен чогуу Падышалыкта бийлик жүргүзүү үмүтү берилгени менен, алар азыр рухий жактан али алсыз. «Ушул түнү менден баарыңар танасыңар»,— дейт Ыйса. Бирок ал Пётрга ан үчүн тиленгенин айтат да, аны: «Сен болсо кайра келип, бир туугандарыңды кайраттандыр»,— деп чакырат.

«Балдар, эми силер менен аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер, анан иудейлерге: „Мен бараткан жакка силер бара албайсыңар“,— деп айткандай, силерге да азыр ошону айтмакчымын. Силерге жаңы парыз берем, бири-бириңерди сүйгүлө; Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде араңарда сүйүү болсо, ошол аркылуу баары силер менин окуучуларым экениңерди билет».

— Эге, сен кайда баратасың? — деп сурайт Пётр.

— Мен бараткан жакка азырынча сен мени ээрчип бара албайсың,— деп жооп берет Ыйса,— бирок кийинчерээк ээрчийсиң.

— Эге, эмне үчүн сени азыр ээрчий албайм? — деп билгиси келет Пётр.— Мен сен үчүн жанымды да беремин.

— Мен сен үчүн жанымды берем дейсиңби? Чынын айтам сага: бүгүн, ушул эле түнү, короз эки жолу кыйкырганча, сен менден атүгүл үч жолу танасың.

— Атүгүл сени менен кошо өлүш керек болсо да, сенден такыр танбайм,— деп моюн бербейт Пётр.

Калган расулдар да ошентип айта башташат, Пётр болсо: «Баары танган күндө да, мен танбайм»,— деп мактанат.

Расулдарын Галилеяга кабар айтууга капчыксыз, күлазык салынган баштыксыз жибергенин эстетип, Ыйса минтип сурайт:

— Бир нерседен өксүдүңөр беле?

— Жок! — деп жооп беришет алар.

— Бирок эми капчыгы бар капчыгын алсын, ошондой эле күлазык салынган баштыгын да алсын; кылычы жок чапанын сатып, кылыч сатып алсын. Анткени силерге айтарым, жазылгандар, атап айтканда, «мыйзамсыздардын катарына кошуп коюшкан» дегендер менин үстүмөн аткарылышы керек. Анткени мага тийиштүү нерселер аткарылып жатат.

Ыйса каракчылар менен кошо устунга кадалар маалын айткан. Ошондой эле кийин анын жолдоочулары катуу куугунтукка алынарын түшүндүргөн.

— Эге, мынакей, эки кылыч бар,— дешет расулдар.

— Жетет ошол,— деп жооп айтат Ыйса.

Кийинчерээк биз көрө тургандай, алардын өздөрү менен кошо кылычтарды алышканы Ыйсага расулдарына дагы бир абдан маанилүү сабак бергенге мүмкүнчүлүк түзөт. Матфей 26:31—35; Марк 14:27—31; Лука 22:24—38; Иоанн 13:31—38; Аян 14:1—3.

▪ Эмне үчүн расулдардын талашы таңыркатат?

▪ Ал талашты Ыйса кантип басат?

▪ Ыйсанын окуучулары менен түзгөн келишими эмнеге жол ачат?

▪ Ыйса кандай жаңы парыз берет жана ал канчалык маанилүү?

▪ Пётр кандайча өтө эле өзүнө таянып коёт жана Ыйса ага эмне дейт?

▪ Эмне үчүн Ыйсанын капчык менен күлазык салынган баштык жөнүндө берген азыркы көрсөтмөсү мурунку көрсөтмөсүнөн айырмаланат?