Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Текебер жана момун адамдар

Текебер жана момун адамдар

39-бөлүм

Текебер жана момун адамдар

ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ Иоанндын жакшы жактары жөнүндө кеп кылгандан кийин Ыйса айланасындагы кекирейген жана туруксуз адамдар жөнүндө мындай деп айтат: «Бул муун,— дейт ал,— базар аянттарында отуруп алып, досторуна: „Биз силерге най тарттык, а силер бийлеген жоксуңар; биз боздоп ыйладык, а силер кайгырып төшүңөрдү ургулаган жоксуңар“,— деп кыйкырган жаш балдарга окшош».

Муну менен Ыйса эмне айткысы келген? Ал мындайча түшүндүрөт: «Иоанн келип, жеген да жок, ичкен да жок, а адамдар: „Анда жин бар“,— дешет; адам Уулу келип, жеди, ичти, адамдар баары бир деле: „Мынабу тамаксоо жана шарапка берилген адам, салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөргө дос“,— деп айтышат».

Адамдарга жагуу мүмкүн эмес. Аларга эчтеке жакпайт. Иоанн назорей болгон жана периштенин көрсөтмөсүнө ылайык, «шарап да, күчтүү ичимдик да ичпей», өзүнүн кызыкчылыгынан баш тартып жашаган. Адамдар болсо аны жиндер ээлеп алган дешти. Ал эми Ыйса, аскет болбой, башка адамдардай эле жашап жүрөт, бирок аны да ченин билбеген адам деп күнөөлөштү.

Бул адамдарга жагуу кандай гана кыйын! Алар башка балдар най тартса — бийлебей, боздоп ыйлашса — кайгырып төшүн ургулабай койгон «досторго» окшош. Ошентсе да Ыйса: «Акылмандык өзүнүн иштери менен акталат»,— дейт. Ооба, далилдер, башкача айтканда, иштер Иоанн менен Ыйсага карата айтылган айыптоолордун жалган экенин көрсөтүп турат.

Андан кийин Ыйса «күчтүү иштеринин көбү жасалган» үч шаарды — Хоразинди, Вифсаиданы, Капернаумду — айыптайт. Эгерде ушул кереметтер Финикиянын шаарлары Тир менен Сидондо көрсөтүлсө, алар зумбал жамынып, күлгө отуруп өкүнүшмөктүгүн айтат Ыйса. Кызмат кылуусуна, кыязы, таяныч пункт болгон Капернаум шаарын айыптоо менен Ыйса: «Сот күнүндө силерге караганда Содом жерине жеңилирээк болот»,— дейт.

Бул сөздөрдү айткандан кийин ал баарынын алдында асмандагы Атасын даңктайт. Атасын даңктаганга Ыйсага Кудайдын баалуу рухий чындыктарды акылдуулардан жана акылмандардан жашырып, момун, «наристе» сыяктанган, адамдарга ачып бергенин түшүнгөндүгү түрткү берет.

Акырында Ыйса чын жүрөгү менен: «Бардык мээнеткечтер жана түйшүк тарткандар, мага келгиле, мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, себеби мен жоошмун жана жүрөгүм момун, ошондо жаныңарга сергитүү табасыңар. Анткени менин моюнтуругум ыңгайлуу жана жүгүм жеңил»,— деп чакырат.

Ыйса кандай мааниде адамдарды сергитет? Ал адамдарды диний жетекчилердин элге артып койгон каада-салттарынын кулчулугунан бошотот. Мындай салттардын катарына, мисалы, ишемби күнгө байланыштуу катуу эрежелер кирет. Ошондой эле Ыйса саясий бийликтегилердин эзүүсүндө кыйналып жаткандарга жана кетирген күнөөлөрү үчүн өздөрүн коёрго жер таппай жүргөндөргө да жеңилдик табууга жардам берет. Ал мындай адамдарга күнөөлөрү кечирилиши жана Кудай менен асыл мамилесин чыңдашы үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүрөт.

Ыйсанын ыңгайлуу моюнтуругу — бул Кудайга толук арналууну билдирет, ошонун аркасында кайрымдуу жана боорукер асмандагы Атабызга кызмат кылууга жол ачылат. Ал эми Ыйса өзүнө келгендердин баарына сунуш кылган жеңил жүк — бул өмүр алуу үчүн Кудайдын талаптарына, атап айтканда, анын Ыйык Китепте жазылган мыйзамдарына баш ийүүнүн жүгү. Ал талаптарга баш ийүүнүн эч кандай оорчулугу жок. Матфей 11:16—30; Лука 1:15; 7:31—35; 1 Иоанн 5:3.

▪ Эмне үчүн Ыйсанын текебер, туруксуз замандаштары балдарга окшоштурулат?

▪ Асмандагы Атасын даңктоого Ыйсага эмне түрткү берди?

▪ Адамдар эмнелерден улам түйшүк тартышууда жана Ыйса аларга кандай жеңилдик сунуш кылат?