Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүнүн жана момундуктун зарылдыгы

Тиленүүнүн жана момундуктун зарылдыгы

94-бөлүм

Тиленүүнүн жана момундуктун зарылдыгы

ЫЙСА мурун Иудеяда жүргөнүндө дайыма тиленүүдө болуунун маанилүүлүгүн билдирген көрсөтмөлүү мисал айтып берген. Азыр болсо ал, Иерусалимге акыркы жолу кетип баратып, тиленүүдө туруктуу болуу зарыл экенин кайрадан баса белгилейт. Ыйса төмөндөгү көрсөтмөлүү мисалды окуучуларына айтып бергенде, калыбы, дагы эле Самарияда же Галилеяда жүргөн:

«Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдарды да сыйлабаган сот болгон экен. Ошол эле шаарда бир жесир аял болуптур, ал дайыма сотко келип, минтип айта берчү: „Мени менен касымдын ортосунда адилеттүү сот жүргүзүп берчи“. Сот бир канча убакытка чейин каалабай жүрөт, бирок андан кийин өзүнө-өзү: „Мен Кудайдан да коркпойм, адамдарды да сыйлабайм, бирок бул жесир аял жанды коё турган эмес, мындан ары да келе берип, акыр-аягы түбүмө жетпеши үчүн ага калыс сот жүргүзөйүн“ — дейт».

Андан кийин Ыйса көрсөтмөлүү мисалдын маанисин мындайча түшүндүрүп берет: «Ыймансыз соттун эмне айтканын уктуңарбы? Анда Кудай күнү-түнү ага зарлап тиленген тандап алгандары үчүн, аларга көпкө чыдаса да, адилеттүүлүктү орнотпойт бекен?»

Ыйсанын сөзү Иегова Кудай ыймансыз сотко кайсы бир жагынан окшошуп кетет дегенди билдирбейт. Эгерде ыймансыз сот кайра-кайра айтылган суранычка жооп берип жатса, анда адилеттүү жана боорукер Кудай өз элинин ага кайра-кайра айтылган тиленүүсүнө жооп берерине кенедей да шек жок. Ошондуктан Ыйса сөзүн улап: «Силерге айтарым: ал [Кудай] аларга адилеттүүлүктү орнотууга шашат»,— дейт.

Көп учурларда жөнөкөй жана карапайым адамдарга калыс мамиле жасалбайт, ал эми таасирлүү жана бай адамдарга жакшылык көп көрсөтүлөт. Кудай болсо ыймансыз адамдардын адилеттүү жазаланышына эле кам көрбөстөн, өзүнүн кызматчыларына түбөлүк өмүр берүү менен, калыс мамиле жасайт. Бирок Кудайдын адилеттүүлүктү орнотууга шашарына ишенген адамдар көппү?

Ыйса баарынан мурун тиленүүнүн күчү менен байланышы бар ишеним тууралуу сөз кылып, минтип сурайт: «Бирок, адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним табар бекен?» Ыйса бул суроону жоопсуз калтырганы менен, сыягы, ал Машайык падышалык бийлигине келгенде андай ишеним көп боло бербешин айткысы келген.

Ыйсаны угуп жаткан айрым адамдар өз ишенимдери менен абдан сыймыктанышат. Алар өзүлөрүн такыбаа сезишип, башкаларга менменсине карай турган. Мүмкүн, ушундай адамдардын катарына атүгүл Ыйсанын айрым окуучулары да кирген. Ыйса ошондой адамдарга кийинки көрсөтмөлүү мисалды сөз кылат:

«Эки киши тиленүү үчүн ийбадатканага кирет, бири — фарисей, экинчиси — салык жыйноочу. Фарисей туруп, өзүнчө минтип тиленет: „О Кудай, мен башка адамдардай: талап-тоноочу, ыймансыз, ойноштук кылуучу же мына бу салык жыйноочудай болбогонум үчүн сага ыраазымын. Жумасына эки жолу орозо кармайм, тапканымдын бардыгынан ондон бир бөлүгүн берип турам“».

Фарисейлер айланасындагыларга таасир тийгизүүгө аракет кылып, өздөрүнүн такыбаалыгына мактангандары менен белгилүү. Алар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармоону эреже кылып алышкан, жадагалса, талаада өскөн жыттуу майда чөптөрдөн өйдө ондон бир бөлүгүн эрежелерин бузбастан төлөшөт. Фарисейлердин карапайым адамдарды жек көргөндүгү бир нече ай мурун, Алачыктар майрамында: «Мыйзамды [башкача айтканда, фарисейлердин түшүндүрүүсүндөгү Мыйзамды] билбеген бул элге каргыш тийген»,— деп айтышканда эле белгилүү болгон.

Көрсөтмөлүү мисалын Ыйса «каргыш» тийген адам жөнүндө айтып улантат: «Ал эми салык жыйноочу атүгүл асманды караганга да батына албай четте турган, ал болгону төшүн ургулап: „О Кудай, мага, күнөөкөргө, ырайым кыла көр“,— дейт». Салык жыйноочу күнөөсүн момундук менен мойнуна алгандыктан, Ыйса минтип айтат: «Силерге айтарым: бул киши тигиге караганда бир топ такыбаа экенин көрсөтүп үйүнө кетти; анткени өзүн-өзү көтөргөн ар ким басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

Мына ушундайча, Ыйса момун болуунун зарылдыгын дагы бир жолу баса белгилеп кетти. Ыйсанын окуучулары өздөрүнө ыраазы болуп жашаган фарисейлердин күчтүү таасири тийген жана жогорку абал менен даражага чоң маани берилген чөйрөдө жашашкан. Ошондуктан мунун залакасы аларга да тийгени таң калыштуу эмес. Бирок Ыйса аларга кандай сонун сабак берип жатат! Лука 18:1—14; Иоанн 7:49.

▪ Эмне себептен ыймансыз сот жесир аялдын өтүнүчүн аткарат жана Ыйсанын бул көрсөтмөлүү мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?

▪ Ыйса келгенде кандай ишенимди издейт?

▪ Ыйса фарисей менен салык жыйноочу жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды кимдерге айткан?

▪ Фарисейлердин кандай ой жүгүртүүсүнөн алыс болуу абзел?