Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирилүүгө үмүт

Тирилүүгө үмүт

90-бөлүм

Тирилүүгө үмүт

АКЫРЫ Ыйса Вифанияга, Иерусалимден үч чакырымча алыстыкта жайгашкан айылга, келет. Лазар өлүп, сөөгү коюлганынан бир нече эле күн өткөн. Анын бир туугандары Мариам менен Марфа дагы эле чоң күйүттө. Аларды аз да болсо жубатыш үчүн, үйүнө көп адамдар келишкен.

Эже-сиңдилер ыйлап жатканда, кимдир бирөө Марфага Ыйсанын жакын келип калганын айтат. Сыягы, Марфа бул тууралуу Мариамга эчтеке айтпастан сыртка чыгат да, аны тосуп чыгууга шашып жөнөйт. Ал Ыйсага жете берип, кыязы, акыркы төрт күндөн бери Мариам экөө бир нече жолу айтып жатышкан сөзүн кайталайт: «Эге, сен бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу».

Бирок Марфа бир тууганы үчүн Ыйса али да болсо бирдеме кыла алат деп четин чыгарганда өзүнүн үмүтү бар экенин билдирет.

— Кудайдан эмне сурабагының, сага Кудай берерин мен билем,— дейт ал.

— Сенин бир тууганың турат,— деп убада кылат Ыйса.

Марфа Ыйсаны Ибрайым жана Кудайдын башка да кызматчылары күтүп келген келечектеги тирилүү жөнүндө айтып жатат деп ойлоп:

— Акыркы күнү, тирилүү болгондо турарын билем,— деп жооп берет.

Бирок Ыйсанын жообу так ушу саатта жардам болоруна үмүттөндүрөт. «Мен — тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— дейт Ыйса. Андан кийин Кудай ага өлүмдүн үстүнөн бийлик бергенин Марфага эскертет: «Ким мага ишенсе, өлүп калган күндө да тирилет; жашап аткан жана мага ишенген ар ким эч качан өлбөйт».

Муну менен Ыйса өзүнүн убагындагы ишеним көрсөткөн адамдарды эч качан өлбөйт деп айткан жок. Ал ага ишенүү түбөлүк өмүргө алып барарын Марфага түшүндүрүп жатат. Адамдардын көбү бул өмүрдү акыркы күнү тирилүү болгондо алышат. Бирок жерде азыркы каардуу түзүлүштүн талкаланышынан аман өтчү ишенимдүү адамдар да болот. Мына ошол адамдардын үстүнөн Ыйсанын жогоруда айткан сөзү түзмө-түз аткарылат. Алар эч качан өлбөйт! Ушул таң калыштуу сөздөрдү айткандан кийин Ыйса Марфадан минтип сурайт:

— Сен буга ишенесиңби?

— Ооба, Эге,— деп жооп берет ал,— сенин дүйнөгө бараткан Христос, Кудайдын Уулу экениңе ишендим.

Марфа Мариамга айтыш үчүн шашкан бойдон кайтып барып, ага акырын:

— Устат бул жерде, сени чакырып атат,— дейт. Мариам ошо замат үйдөн атып чыгат. Муну байкаган адамдар аны мүрзөгө кетти деп ойлошуп, артынан жөнөшөт.

Ыйсага жеткенде Мариам көз жашын көл кылып, анын алдына чөгөлөйт.

— Эге, сен бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу,— дейт ал. Мариамдын жана анын артынан келаткан адамдардын ыйлаганын көргөн Ыйсанын жүрөгү сезимдерге толуп чыгат. «Аны каерге койдуңар?» — деп сурайт.

— Эге, өзүң барып көр,— деп жооп беришет тигилер.

Ыйса да ыйлай баштайт, аны көрүп иудейлер: «Карагылачы, ал аны кандай жакшы көргөн!» — деп жатышты.

Алардын айрымдары Ыйсанын бир нече ай мурун, Алачыктар майрамында, тубаса сокур адамды айыктырганын эстешип: «Сокурдун көзүн ачкан бул муну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» — деп сурашат. Иоанн 5:21; 6:40; 9:1—7; 11:17—37.

▪ Ыйса Вифанияга качан келет жана ал жерде иштин жайы кандай эле?

▪ Марфанын тирилүүгө ишенишине кандай себептер бар?

▪ Лазардын өлүмү Ыйсага кандай таасир этет?