Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Туулган күндү белгилөө учурундагы өлтүрүү

Туулган күндү белгилөө учурундагы өлтүрүү

51-бөлүм

Туулган күндү белгилөө учурундагы өлтүрүү

РАСУЛДАРЫНА зарыл көрсөтмөлөрдү бергенден кийин Ыйса аларды эки-экиден бөлүп, кабар айтууга жөнөтөт. Пётр, сыягы, бир тууганы Андрей менен, Жакып — Иоанн менен, Филипп — Варфоломей менен, Фома — Матфей менен, Жакып — Фаддей менен, Симон болсо Жүйүт Искариот менен бирге чыгат. Алты түгөйдөн турган бул кабарчылар тобу, кайда барбасын, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтып, кереметтерди жасашат.

Чөмүлдүрүүчү Иоанн ал убакта дагы эле түрмөдө жаткан. Ал камакка алынгандан бери эки жылдай өтүп кетти. Ирод Антипанын Иродиадага, бир тууганы Филипптин аялына, үйлөнгөнү натуура экенин Иоанндын элдин көзүнчө жарыялаганы, мүмкүн, эсиңде чыгар. Ирод Мусанын мыйзамына ылайык жашайм деп ырастап жүргөндүктөн, Иоанн бул байланыштын ойноштукка жатарын ашкерелеген. Бул кылганы үчүн Ирод Иоаннды түрмөгө каматат, муну ал Иродиаданын таасири аркасында кылганы толук ыктымал.

Ирод Антипа Иоанндын адилеттүү адам экенин билет, атүгүл анын айткандарын укканды да жакшы көрчү. Ошондуктан ал Иоаннга карата кандай чечим чыгарышты билбей жүрөт. Ал эми Иродиада болсо Иоаннды жек көргөндүктөн анын көзүн тазалоо үчүн ыңгайлуу учурду издегени-издеген. Акыры андай учур да келип жетти.

Ирод 32-жылдын Пасах майрамынын алдында туулган күнүн белгилеп, чоң той өткөрөт. Ал тойго бийлик башындагылардын баары, аскер башчылары жана Галилеянын атактуу адамдары чакырылган болчу. Той учурунда Саломияны — Иродиаданын мурунку күйөөсү Филипптен калган жаш кызын — меймандардын алдында бийлеп берүүгө чыгарышат. Анын бийлегени келген эркектердин баарын суктандырат.

Саломияга Ирод да аябай ыраазы болот. «Менден каалаган нерсеңди сура, беремин»,— деп жарыялайт падыша. Атүгүл ал: «Менден эмне сурабагының, беремин, ал турсун падышалыгымдын жарымын болсо да»,— деп ант берет.

Жооп берерден мурун Саломия энеси менен кеңешип келүү үчүн чыгып кетет да, ага барып: «Эмне сурайын?» — дейт.

Акыры көктөн издегени жерден табылды! Иродиада эч токтолбостон: «Чөмүлдүрүүчү Иоанндын башын»,— деп жооп берет.

Саломия тезинен Иродго барып: «Чөмүлдүрүүчү Иоанндын башын жайпак табакка салып, мага азыр беришиңди каалайм»,— деп айтат.

Иродго бул жооп таштай тиет. Бирок ал бүт меймандарынын алдында сөз берип койгон да. Ошондуктан жазыксыз адамдын өмүрүн кыюу менен болсо да, берген убадасын аткарууга туура келет. Дене-бойду дүркүрөткөн буйрукту аткаруу үчүн түрмөгө тезинен баш кесер жөнөтүлөт. Көп өтпөй ал Иоанндын башын табакка салып келип, Саломияга берет. Саломия болсо аны энесине алпарат. Муну Иоанндын окуучулары угушуп, анын сөөгүн коюш үчүн алып кеткени келишет. Андан кийин Ыйсага барышып, болгон окуяны айтып беришет.

Кийинчерээк Ирод Ыйсанын адамдарды айыктырып, жин-перилерди кууп чыгарып жатканын укканда абдан коркот. Ал Ыйсаны чынында эле тирилген Иоанн болуш керек деп ойлойт. Ошондуктан Ирод Ыйсаны сөзсүз көрүүнү каалайт, бирок анын сөзүн угуш үчүн эмес, а коркуп жатканынын негизи бары-жогун текшериш үчүн. Матфей 10:1—5; 11:1; 14:1—12; Марк 6:14—29; Лука 9:7—9.

▪ Иоаннды эмне себептен түрмөгө камашты эле жана Ирод эмне үчүн анын өлүмүн каалабайт?

▪ Акыры Иоаннды өлтүрткөнгө Иродиадада кандай мүмкүнчүлүк болот?

▪ Эмне үчүн Ирод Иоанн өлгөндөн кийин Ыйсаны көрүүнү каалайт?