Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төрт окуучусунун чакырылышы

Төрт окуучусунун чакырылышы

22-бөлүм

Төрт окуучусунун чакырылышы

ӨСҮП-ЧОҢОЙГОН шаары Назареттен кол салууга кабылгандан кийин, Ыйса Галилея деңизинин боюндагы Капернаум шаарына кетет. Ушунун аркасында Исаиянын дагы бир пайгамбарлыгы аткарылат, ал пайгамбарлыкта деңиз жээгинде жашаган галилеялыктардын улуу жарыкты көрөрү айтылган.

Бул жерден Ыйса Падышалыкты — элге жарык жеткирүүнү — кабарлоону улантып жүрүп, өзүнүн төрт окуучусун табат. Алар башында Ыйсаны коштоп жүрүшчү, бирок Иудеядан кайтып келишкенден кийин кайрадан балык уулоочулулук менен алек болуп калышкан. Ыйса эми окуучуларын атайын издеп чыгат, кыязы, өзү кеткенден кийин анын ишин улантып кеткенге үйрөтүш үчүн, дайыма жанында жүрүүчү жардамчылар керек болгон.

Ыйса жээк менен кетип баратып торлорун жууп жатышкан Симон Пётрду жана анын жолдошторун көрөт. Ыйса Пётрдун кайыгына түшүп, андан жээктен бир аз арыраак сүзүүсүн өтүнөт. Анан кайыкка отуруп, жээкке чогулган элди окутат.

Андан кийин ал Пётрга:

— Тереңирээк жерине сүз да, торлоруңарды ошол жакка салгыла,— дейт.

— Устат, биз түнү бою аракет кылдык, бирок эч нерсе кармай алган жокпуз, эми сен айтып аткан соң, торлорду салып көрөйүн,— деп жооп берет Пётр.

Түшкөн балыктын ушунчалык көптүгүнөн торлору айрыла баштайт. Ошондо алар анча алыс эмес жерде жүргөн башка кайыктагы жолдошторун жардамга чакырышат. Эки кайык тең тез эле балыкка толуп, чөгө баштайт. Муну көргөн Пётр Ыйсанын алдына чөгөлөйт да: «Менден кетчи, Эге, анткени мен күнөөлүү адаммын»,— деп айтат.

«Коркконуңду токтот, мындан ары тирүү адамдарды кармайсың»,— деп жооп берет Ыйса.

Ыйса Пётрдун бир тууганы Андрейди да чакырат. «Мени ээрчигиле,— дейт Ыйса аларга,— мен силерди адам кармоочу кылам». Булардан тышкары, Зеведейдин алар менен бирге балык уулоочулук кылышкан Иоанн менен Жакып деген уулдары да чакырылышат. Алар да эч токтолбостон макул болушат. Ошентип, төртөө тең балыкчылык ишин таштап, Ыйсанын биринчи туруктуу жолдоочуларынан болуп калышат. Лука 5:1—11; Матфей 4:13—22; Марк 1:16—20; Исаия 9:1, 2.

▪ Эмне себептен Ыйса окуучуларын аны ээрчигенге чакырат жана ал окуучулары кимдер эле?

▪ Пётрду кайсы керемет коркутат?

▪ Ыйса окуучуларын уулоочулуктун кайсы түрүнө катышканга чакырат?