Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төрөлгөнгө чейин эле ага урмат көрсөтүлөт

Төрөлгөнгө чейин эле ага урмат көрсөтүлөт

2-бөлүм

Төрөлгөнгө чейин эле ага урмат көрсөтүлөт

ЖЕБИРЕЙИЛ периште жаш Мариамга анын түбөлүккө Падыша боло турган уул төрөөрүн кабарлагандан кийин, Мариам: «Мен эркекке жакындап көрбөсөм, ал кандайча болот?» — деп сурайт.

«Сенин үстүңө ыйык рух конот жана Эң Жогоркунун кудурети сени каптайт,— деп түшүндүрөт Жебирейил.— Ошондуктан төрөлө турганды ыйык, Кудайдын Уулу деп аташат».

Мариамды буга ишендирүү үчүн, Жебирейил сөзүн минтип улантат: «Мына, сенин тууганыңдын, төрөбөс аталган Елисаветанын да, картайганда боюна бала бүттү, ага азыр алтынчы ай, анткени Кудай үчүн мүмкүн эмес болгон эч нерсе жок».

Мариам Жебирейилдин айтканын кабыл алат. Эми Жебирейилге ал кандай жооп кайтарат? «Мына мен Иегованын күңүмүн! — дейт ал.— Мага сенин айтканыңдай болсун».

Жебирейил кеткенден көп өтпөй, Мариам Иудеянын тоолуу аймагында күйөөсү Захария менен жашаган Елисаветаныкына жөнөйт. Назареттен алардын үйүнө чейин Мариам үч-төрт күндүк узак жол жүрөт.

Акыры Мариам Захарияныкына жетип, үйүнө кирип Елисаветага учурашат. Ошол замат Елисавета ыйык рухка толуп, Мариамга: «Аялдар арасында сен бактылуусуң, сенин жатыныңдагы түйүлдүк да бактылуу! Теңиримдин энеси мага келгидей, эмнем үчүн мага мындай урмат көрсөтүлдү? Анткени сенин учурашууңду кулагым укканда, жатынымдагы бала кубанганынан туйлап жиберди»,— деп айтат.

Мариам буларды уккандан кийин: «Менин жаным Иегованы улуктайт жана Кудайыма, менин Куткаруучума, жан дүйнөм кубангандыктан карманалбай турат, себеби ал [Кудай] эч нерсеге татыбаган күңүнө назарын салды. Мындан ары бардык тукумдар мени бактылуу деп аташат, анткени Кудуреттүү мага улуу иш жасады»,— деп чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын билдирип, жооп кайтарат. Чоң урмат көрсөтүлгөнүнө карабастан, Мариам бардык атак-даңкты Кудайга ыйгарат. «Анын ысмы ыйык,— дейт Мариам,— жана муундан-муунга анын ырайымы андан корккондорго тиет».

Кудайды даңктоосун Мариам мындай пайгамбарлык ыр менен улантат: «Ал өз колунун кудуреттүү күчүн көрсөттү, жүрөгүндөгү ниети менен текебер болгондорду чачыратып жиберди. Бийлиги барларды тактыларынан түшүрүп, атаксыздарды көтөрдү; ачкаларды жыргалга карк кылып, байыгандарды куру кол кетирди. Ырайымдуулугун эстетип, өз кызматчысы Израилге жардамга келди. Ата-бабаларыбызга — Ибрайымга жана анын тукумуна ал айткандай, ырайымы түбөлүк улана берет».

Елисаветаныкында Мариам үч айча калат. Төрөөрүнө акыркы жумалар калган Елисавета үчүн анын көрсөткөн жардамы, албетте, абдан баалуу болгон. Кудайдын жардамы менен кош бойлуу болгон ушул эки такыбаа аялдын жашоолорундагы эң бактылуу күндөрүн чогуу өткөрүшү кандай гана сонун!

Төрөлгөнгө чейин эле Ыйсага кандай урмат көрсөтүлгөнүн байкадыңбы? Елисавета аны «Теңирим» деп атаса, ал эми анын жатынындагы баласы, Мариам кирип келгенде, кубанганынан туйлап жиберди. Кийинчерээк адамдар, биз көрө тургандай, Мариамга жана анын уулуна анча сый мамиле кылышпайт. Лука 1:26—56.

▪ Мариамдын кандайча кош бойлуу болорун түшүндүрүш үчүн, Жебирейил ага эмне деп айтат?

▪ Төрөлгөнгө чейин эле Ыйсага кандайча урмат көрсөтүлөт?

▪ Мариам пайгамбарлык ыр менен Кудайды эмне деп даңктайт?

▪ Елисаветаныкында Мариам канча убакыт калат жана анын ошончо убакыт бою Елисаветаныкында жүрүшү эмне үчүн туура болгон?