Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Убадаланган бала

Убадаланган бала

6-бөлүм

Убадаланган бала

НАЗАРЕТКЕ кайткандын ордуна Жусуп менен Мариам Вифлеемде калышат. Алар, Кудайдын Муса аркылуу берген мыйзамына ылайык, Ыйсаны төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузушат. Кыязы, Израилде баланы сүннөткө отургузган күнү ага ат коюу салт болгон. Жебирейил периштенин айтканы боюнча, Жусуп менен Мариам ымыркайынын атын Ыйса деп коюшат.

Бир айдан көбүрөөк убакыт өттү. Ыйсанын төрөлгөнүнө 40 күндүн жүзү болду. Эми ата-энеси аны каякка алып барат? Алар жашаган үйдөн бир аз эле чакырым алыстыкта жайгашкан Иерусалимдеги ийбадатканага. Анткени, Мусанын мыйзамы боюнча, эркек бала төрөлгөндөн 40 күн өткөндөн кийин, энеси тазалануу үчүн зарыл болгон курмандыктарды ийбадатканага алып келиши керек.

Мариам так ошондой кылат. Курмандыкка ал эки канаттууну алып келет. Биз ушундан Жусуп менен Мариамдын материалдык абалы кандай болгонун билип турабыз. Мыйзам боюнча, канаттуулардан бир топ кымбат турган козу алынып келиниши керек эле. Эгерде энесинин буга каражаты жетпесе, анда эки бактек же эки көгүчкөн жетиштүү болчу.

Ийбадатканадан Ыйсаны Симеон аттуу карыя колуна алат. Ага Иегова убадаланган Христосту же Мессияны көрмөйүн өлбөсүн ачып берген. Симеон ушул күнү ийбадатканага келгенде, аны ыйык рух Жусуп менен Мариам көтөрүп келген ымыркайга алып келет.

Симеон Ыйсаны колуна алган калыбында Кудайды даңктап мындай дейт: «Эгедер Теңир, айткан сөзүң боюнча, эми кулуңду тынчтык менен коё бересиң; анткени менин көздөрүм сенин куткарууңду көрдү, аны бардык элдердин көзүнчө даярдап бердиң, элдердин үстүндөгү чүмбөттү ачуучу жарыкты жана израиль элиңдин даңкын [көрдүм]».

Жусуп менен Мариам бул сөздөрдү угуп таң калышты. Симеон аларга батасын берип, Мариамга уулу тууралуу «Израилде көптөрдү кулатуучу жана тургузуучу коюлганын» жана анын [Мариамдын] жанын кайгы кылычтай саярын айтат.

Ошол учурда ийбадатканада 84 жаштагы пайгамбар аял Анна да бар болчу. Ал ийбадаткананы эч калтырчу эмес. Мынакей, ал келип, Кудайды даңктап, уккандардын баары менен Ыйса тууралуу сүйлөшүп жатат.

Ийбадатканадагы бул окуялар Жусуп менен Мариамды кандай гана кубандырган! Мунун бардыгы баланын чынында эле Кудайдан Убадаланган экенин төгүндөлгүс түрдө тастыктап турат. Лука 2:21—38; 3 Муса 12:1—8.

▪ Кыязы, Израилдин салты боюнча, балага качан ат коюлчу?

▪ Израиль элинен болгон эне уулунун төрөлүшүнөн 40 күн өткөндөн кийин эмне кылышы керек эле жана Мариамдын буга карата кылган иш аракетинен анын материалдык абалы тууралуу эмнени билип турабыз?

▪ Ымыркайдын Христос экени кимдерге ачылып берилген жана буга алар кандай жооп кайтарышкан?