Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Устундагы азап чегүү

Устундагы азап чегүү

125-бөлүм

Устундагы азап чегүү

ӨЛҮМ жазасы орундатылчу жерге Ыйсага кошуп эки каракчыны да алып барышат. Чогулган эл жүрүп олтуруп шаардын четкерээгиндеги Голгофа (же Баш сөөк) деген жерге токтошот.

Жазага тартылчуларды чечиндирип, шарап менен жыпар жыттуу чайырлардын аралашмасын беришет. Ал шарапты Иерусалимдин аялдары жасайт шекилдүү, римдиктер болсо жарааттардын ооруганын көп сездирбейт деп эсептелген андай ичимдикти устунга кадала тургандарга берүүгө тыюу салышпаган. А бирок Ыйса шарапты татып көрүп, ичпей коёт. Эмнеге? Ишеними ушунчалык олуттуу сыналып жаткан маалда Ыйса өзүнүн акыл-эс, денелик жөндөмдүүлүктөрүн тунук, толук сактап калгысы келсе керек.

Ыйсаны колун жогору көтөртүп, устунга керишет да, аскерлер анын колу-бутуна чоң мыктарды кагышат. Мык эти менен тарамыштарынан өткөндө, ооруганынан Ыйса алдас урат. Устунду өйдө көтөрүшкөндө, дененин оордугунан мык кагылган жердин жарааттары жырылып, ого бетер жаны сыздайт. Ошентсе да Ыйса Рим аскерлерин коркутпайт, кайра алар үчүн: «Ата! Буларды кечире көр, анткени эмне кылып атышканын өздөрү билишкен жок»,— деп тиленет.

Пилат устунга «Назареттик Ыйса, иудейлердин Падышасы» деп жазылган тактаны кошо кадап коёт. Ал муну, сыягы, Ыйсаны сыйлагандыктан гана эмес, Ыйсага өлүм өкүмүн чыгарууга мажбур кылган иудей дин кызматчыларын жек көргөндүктөн кылат. Жазууну баары окуй алсын деп, үч тилде: еврейче, расмий латын тилинде жана жалпы грек тилинде жаздырат.

Каиафа, Анна жана башка диний жетекчилердин каары кайнайт. Мындай чечкиндүү жазуу алардын кыбасын кандырууга жолтоо болгондуктан: «Иудейлердин Падышасы деп жазба, өзү айткандай, „Мен иудейлердин Падышасымын“ деп жаз»,— деп каршы чыгышат. Дин кызматчылардын алдында так теке болуп калгандыгына кыжырланган Пилат: «Эмне деп жазсам, ошо деп жаздым»,— деп кесе жооп берет.

Жаза орундатылчу жерге дин кызматчылар менен кошо көп эл чогулат. Дин кызматчылар тактада жазылып турганды төгүнгө чыгаруунун жан алакетинде Синедриондогу териштирүү маалында айтылган жалган маалыматтарды кайра таратып киришет. Ошондуктан ары-бери өткөндөр баштарын чайкап: «Эй, ийбадаткананы талкалап, кайра үч күндө тургузуп жиберчү неме, куткарып көр эми өзүңдү! Кудайдын Уулу экенсиң, түш кыйноо мамысынан!» — деп, Ыйсаны шылдың кыла башташат.

«Башкаларды куткарат да, өзүн куткарганга алы жок! — деп диний жетекчилер менен алардын жактоочулары кошулат,— Израилдин падышасы экен, кыйноо мамысынан түшсүн кана, биз анан ага ишенип калалы. Кудайга таянып жүрдү беле, эми Ага керек болсо, сактап калсын, өзүн „Кудайдын Уулумун“ деп жүрчү эле го».

Жалпынын таасири менен аскерлер да Ыйсаны келекелей башташат. Алар ачыган шарапты, кыязы, анын кургаган эриндерине жакын алып келип, ага беримиш болуп мазакташат да: «Эгер иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарып ал»,— дешет. Ал түгүл Ыйсанын эки жагында: бири — оң, бири сол тарабында кадалган каракчылар да аны келекелешет. Ойлоп көрчү, Иегова менен чогуу бардыгын жаратууга катышкан эң улуу инсан ушундай шылдыңдын баарын сабырдуулук менен көтөрүп жатат!

Аскерлер Ыйсанын үстүнкү кийимин төрткө бөлүп, кимге кайсы бөлүгү тиер экен деп, таш өкчөшөт. Ички көйнөгү тигүүсү жок сапаты мыкты көйнөк болгондуктан, аскерлер өз ара: «Муну айрыбай эле коёлу, таш өкчөп көрөлү — кимге тиер экен»,— деп макулдашып алышат. Алар ошентип өзүлөрү да билбестен: «Сырт кийимимди өз ара бөлүп алышты, кийимим үчүн таш өкчөп жатышты»,— деген пайгамбарлыкты аткарышат.

Арадан бир канча убакыт өткөн соң, алиги эки каракчынын бири Ыйсанын чын эле падыша болорун түшүнөт. Ошондуктан ал жолдошун: «Буга чыгарылган өкүм өзүңө деле чыгарылган соң, деги сен Кудайдан такыр коркпойсуңбу? Биз го адилеттүү жазаландык, анткени кылган ишибизге жараша жаза тартып жатабыз, мына бул адам болсо эч жаман иш кылганы жок»,— деп жемелейт. Анан Ыйсага: «Падышалыгыңа келгенде мени эстей көр»,— деп кайрылат.

«Мен сага бүгүн чынын айтып жатам: сен мени менен бейиште болосуң»,— деп жооп берет ага Ыйса. Анын бул убадасы ал асмандан Падыша катары бийлик кылган маалда, тобо келтирген ошол каракчыны жердеги Бейиштеги жашоого тирилткенде аткарылат. Жерди көрктөндүрүп, Бейишке айландырууга Армагеддондон аман өткөндөр жана башка да адамдар катышат. Матфей 27:33—44; Марк 15:22—32; Лука 23:27, 32—43; Иоанн 19:17—24.

▪ Эмне үчүн Ыйса жыпар жыттуу чайыр кошулган шарапты ичпей коёт?

▪ Ыйса кадалган устунга жазуусу бар такта, кыязы, эмне себептен кагылат жана ошондон улам Пилат менен диний жетекчилердин ортосунда кандай талаш чыгат?

▪ Устунда кадалып турган Ыйсаны дагы кантип кордошот, буга эмне себеп болот?

▪ Ыйсанын кийими жөнүндөгү пайгамбарлык кандайча аткарылат?

▪ Каракчылардын биринин ою кандайча өзгөрөт жана Ыйса анын суранычын кантип аткарат?