Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Фарисейдикинде конокто

Фарисейдикинде конокто

83-бөлүм

Фарисейдикинде конокто

ЫЙСА дагы эле атактуу фарисейдин үйүндө олтурат. Анын сары суу оорусу менен жабыр тарткан кишини айыктырганына аз эле болду. Ыйса келген коноктордун үстөлдөн сыйлуу орундарды тандап жатышканын байкап, аларга момундукка карата сабак берет.

«Кимдир бирөө сени үйлөнүү тоюна чакырып калса,— дейт Ыйса,— төргө отурууга умтулба. Мүмкүн, ошол эле учурда сенден да сыйлуураак бирөө чакырылгандыр, анан экөөңөрдү тең чакырган киши келип сага: „Бул орунду буга бошотуп бер“ — деп жүрбөсүн. Ошондо уятыңан барып, эң төмөнкү орунга отурууга аргасыз болосуң».

Ошондуктан Ыйса: «Бирок конокко чакырылганыңда, сени чакырган киши келип: „Досум, жогорураак өт“ — деп айтсын үчүн, эң төмөнкү орунга барып отур. Ошондо сени менен келген бардык коноктордун алдында сага урмат көрсөтүлөт»,— деп кеңеш айтат. Аягында Ыйса: «Анткени өзүн-өзү көтөргөн ар ким басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт»,— дейт.

Андан кийин Ыйса аны чакырган фарисейге кайрылып, Кудай чындап баалай турган түшкү же кечки тамакты кандайча бериш керек экенин айтат. «Түшкү же кечки тамакка чакырганыңда досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар да жооп катарында кайсы бир күнү сени чакырып калып, көрсөткөн сыйыңды кайрып берип коюшу мүмкүн. Бирок той өткөргөнүңдө жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр; ошондо сен бактылуу болосуң, анткени алардын сага кайрып бергидей эчтекеси жок».

Бактысыз адамдарды чакыруу менен үй ээси бактылуу болот, анткени, Ыйса аны чакырган фарисейге айткандай, ага «такыбаалардын тирилүүсүндө кайрылып берилет». Ыйсанын тамак берүүнүн кайсынысы баалуу экенин айтып бергени меймандардын бирине тамак берүүнүн башка түрүн эске салат. «Кудайдын падышалыгында нан жеген бактылуу»,— дейт ал мейман. Бирок, Ыйсанын кийинки көрсөтмөлүү мисалынан көрүнүп тургандай, бардыгы эле бул кереметтүү үмүттү баалай беришпейт.

«Бир киши кечкиге тамак даярдап, көптөрдү чакырат. Кечки тамактын убагы келгенде, ал чакырылгандарга кулун жиберип: „Келгиле, баары даяр болуп калды“,— деп айттырат. Бирок алар, сүйлөшүп алгансып, баары тең шылтоолорун айта башташат. Биринчиси ага мындай дейт: „Мен жер сатып алдым эле, ошону барып көрүшүм керек; суранам сенден, айтып койчу, мени кечирип койсун“. Башкасы болсо: „Мен беш түгөй өгүз сатып алдым эле, ошолорду барып сынап көрөйүн деп атам; суранам сенден, айтып койчу, мени кечирип койсун“,— дейт. Үчүнчүсү муну айтат: „Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм“».

Кандай гана курулай шылтоолор! Адатта жерди сатып алардан мурда көрүп, өгүздү сатып ала электе сынайт эмеспи, ошондуктан аларды сатып алгандан кийин кароонун анча деле зарылдыгы жок болчу. Ошондой эле үйлөнүү да өтө маанилүү чакырыкты кабыл алууга жолтоо болбошу керек. Ошондуктан мырзасы алардын мындай шылтоолорду айтып, кечирим сурагандарын укканда ачууланып, кулуна мындай дейт:

«Тезинен шаардын башкы көчөлөрүнө жана чолок көчөлөрүнө бар да, жакырларды, мунжуларды, сокурларды жана аксактарды бул жерге алып кел“. Бир аз убакыттан кийин кулу: „Мырза, сенин буйругуң аткарылды жана дагы орун бар“ — дейт. Анда мырзасы кулуна мындай дейт: „Менин үйүм толсун үчүн, жолдорго жана тегерете тосулган жерлерге барып адамдарды келгенге көндүр... Мурун чакырылгандардан эч кимиси кечки тамагыман даам татпайт“».

Бул көрсөтмөлүү мисал эмнени билдирип турат? Кечки тамак берген «мырза» — Иегова Кудайдын өзүн, конокторду чакырган «кул» — Ыйса Машайыкты, ал эми «кечки тамак» асман Падышалыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Падышалыкка кирүүгө эң биринчи жолу чакырылгандар Ыйсанын убагында жашаган иудей диний жетекчилери болгон. Бирок алар чакырыкты кабыл алышкан эмес. Ошондуктан кийинчерээк, өзгөчө 33-жылдын Эгин оруп-жыюу майрамында, жек көрүндү болгон жөнөкөй иудейлерге карата экинчи чакырык жарыяланган. Бирок чакырылгандар Кудайдын асман Падышалыгында 144000 орундун баарын ээлегидей жетиштүү болгон эмес. Ошо себептен үч жарым жылдан кийин, 36-жылы, сүннөткө отургузулбаган иудей эместерге карата үчүнчү жана акыркы чакырык жарыяланган. Ошол топту чогултуу биздин күндөргө чейин улантылып келүүдө. Лука 14:1—24.

▪ Ыйса момундукка карата кандай сабак берет?

▪ Кудай чындап баалай турган кечки тамакка үй ээси кимдерди чакырышы керек жана эмне үчүн ал ошондо бактылуу болот?

▪ Чакырылгандардын айткандарын эмне үчүн курулай шылтоо деп айта алабыз?

▪ Ыйсанын «кечки тамак» жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалы эмнени билдирет?