Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Фарисейдикинде түшкү тамакта

Фарисейдикинде түшкү тамакта

76-бөлүм

Фарисейдикинде түшкү тамакта

ЫЙСА аны сындагандарга дудук кишини кайсы күч менен айыктырганын түшүндүргөндөн кийин, бир фарисей аны түшкү тамакка чакырат. Фарисейлердин тамак ичердин алдында колду чыканакка чейин жуумай салты бар. Алар тамак ичип бүткөндөн кийин да жана берилип жаткан тамактардын аралыгында да ошентишет. Бул салт Кудайдын жазылган мыйзамын бузбаса да, Кудайдын тазалыкка карата койгон талаптарынан аша чаап кеткендикке жатат.

Үй ээси Ыйсанын бул салтка карманбаганын көрүп абдан таң калат, бирок унчукпайт. Ыйса болсо анын таңыркаганын байкап мындай дейт: «Силер, фарисейлер, чөйчөктүн жана табактын сыртын тазалайсыңар, бирок ичиңер уурулук менен жамандыкка толгон. Акылсыздар! Сыртын ким жаратса, ичин да ошол жараткан эмеспи?»

Ыйса колду жуу салтын аткарышып, бирок жүрөктөрүндөгү жамандыкты «жуубай» жаткан фарисейлердин эки жүздүүлүгүн ашкерелеп жатат. Ал аларга: «Ичиңерде эмне болсо, ошондон кайыр бергиле, ошондо калган жагыңардын баары таза болот»,— деп кеңеш айтат. Бир нерсе берүүгө башкаларга таасир калтырууну каалаган жасалма адилдик эмес, а сүйүүгө толгон жүрөк түрткү бериши керек.

«Бирок кайгы силерге, фарисейлер,— деп Ыйса сөзүн улайт,— анткени жалбыздын, рутанын жана бакча өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүсүнөн ондон бир бөлүгүн бергениңер менен, адилеттүүлүктү жана Кудайга болгон сүйүүнү барк албай жатасыңар! Муну кылууга милдеттүү болчусуңар, бирок башкасын да калтырбоо керек». Кудайдын Израилге берген мыйзамы боюнча, талаадан чогултулган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн төлөө талап кылынган. Жалбыз менен рута — татымал катары колдонулуучу чөптөр. Фарисейлер ушундай майда-чүйдө чөптөргө чейин ондон бир бөлүгүн так төлөшөт, бирок Ыйса алардын мындан да маанилүү талаптарды, мисалы, сүйүү көрсөтүүнү, боорукерликти жана жөнөкөйлүктү капарына албай жаткандары үчүн аларды айыптап жатат.

Ыйса аларды айыптаганын улантып: «Кайгы силерге, фарисейлер, анткени синагогалардагы алдыңкы орундарды жана базар аянттарындагы учурашууларды жакшы көрөсүңөр! Кайгы силерге, анткени силер билинбей калган эстелүүчү мүрзөлөргө окшошсуңар, адамдар алардын үстү менен басып жүрө беришет, бирок байкашпайт!» — деп айтат. Фарисейлердин арамдыгы бир караганда байкалбайт. Алар кылган нерселеринин баарын элге көрүнүү үчүн эле кылышат, чын-чынына келгенде, алардын дининин эч кандай баалуулугу жок! Ал дин эки жүздүүлүккө негизделген.

Бир мыйзамчы (мындай адамдар Кудайдын Мыйзамын жакшы билишет) бул айыптоолорду угуп: «Устат, буларды айтуу менен сен бизди да кемсинтип жатасың»,— деп нааразычылыгын билдирет.

Ыйса мыйзамчыларды да күнөөлүү деп эсептегендиктен: «Силерге да кайгы, Мыйзамды жакшы билгендер, анткени адамдарга көтөрө алгыс жүктү артып жатасыңар, а өзүңөр болсо ага сөөмөйүңөрдү да тийгизип койбойсуңар! Кайгы силерге, анткени аталарыңар өлтүргөн пайгамбарларга эстелүүчү мүрзөлөрдү тургузуп жатасыңар!» — деп жооп берет.

Ыйса айтып жаткан жүк — бул ооз эки каада-салттар; бирок мыйзамчылар элдин түйшүгүн жеңилдетүү үчүн, мындай салттардын жадагалса эң жөнөкөйүн да өзгөртпөйт болчу. Баарынан да Ыйса аларга пайгамбарларды өлтүрүүнү колдоп жатышканын көрсөтөт жана: «„Дүйнө негизделгенден бери төгүлгөн бардык пайгамбарлардын каны ушул муундан талап кылынат: Авелдин канынан тартып курмандык жай менен Кудайдын үйүнүн ортосунда өлтүрүлгөн Захариянын канына чейин талап кылынат“. Ооба, силерге айтамын: ал кан ушул муундан талап кылынат»,— деп эскертет.

Дүйнө, атап айтканда, кунга муктаж болгон адамзат Адам менен Овонун балдары төрөлө баштаганда негизделген. Демек, Абыл «дүйнө негизделе» баштаган убакта жашаган. Захарияны мыкаачылык менен өлтүрүшкөндөн кийин, Иуда падышалыгы Сирия аскери аркылуу талкаланган болчу. Бирок Ыйса өзүнүн убагындагы өтө ыймансыз муундун андан да коркунучтуу кыйроого учураарын алдын ала айтып жатат. Бул кыйратуу 38 жылдан кийин, башкача айтканда, 70-жылы болгон.

Ыйса айыптаганын улантып: «Кайгы силерге, мыйзамчылар, анткени силер билимдин ачкычын алып алдыңар; өзүңөр да кирген жоксуңар жана кирип жаткардарга да тоскоолдук кылдыңар!» — дейт. Мыйзамчылар Кудайдын Сөзүн элге түшүндүрүп берүүгө милдеттүү эле, башкача айтканда, аны ачып бериши керек болчу. Алар муну кылышпаганы аз келгенсип, элди Кудайдын Сөзүн билүүгө болгон ар бир мүмкүнчүлүктөн да ажыратып жатышат.

Ыйсанын ашкерелөөсүн уккан фарисейлер менен мыйзамчылардын каары кайнап чыгат. Ыйса үйдөн чыкканда, алар суроолорду жаадырып, аны менен катуу талашууга өтүшөт. Алардын максаты — эптеп эле Ыйсага аны камакка алганга себеп болгудай кылып сөз айттыруу. Лука 11:37—54; 5 Муса 14:22; Михей 6:8; 2 Тарых 24:20—25.

▪ Фарисейлер менен мыйзамчыларды Ыйса эмне үчүн айыптайт?

▪ Мыйзамчылар элге кандай жүктөрдү артып жатышат?

▪ Дүйнө качан «негизделген»?