Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Фарисейлер көшөрүп ишенишпейт

Фарисейлер көшөрүп ишенишпейт

71-бөлүм

Фарисейлер көшөрүп ишенишпейт

МУРУН сокур болуп жүргөн кайырчынын ата-энеси фарисейлерге коркуп барат. Себеби кабыл алынган чечимге ылайык, Ыйсага ишенген ар ким синагогадан четтетилерин алар билишет. Элден чыгып калуу, өзгөчө жакыр үй-бүлө үчүн, адатта чоң кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Ошондуктан алар өтө сактык менен мамиле кылышат.

— Сокур болуп төрөлгөн деп айтып жаткан уулуңар ушулбу? — деп сурашат фарисейлер.— Эми ал кандайча көрүп калды?

— Бул уулубуз экенин жана анын сокур болуп төрөлгөнүн билебиз. Бирок эми кандайча көрүп калганын билбейбиз же анын көздөрүн ким ачканын да билбейбиз,— деп жооп берет ата-энеси. Албетте, уулу аларга болуп өткөндүн баарын айтып берген, бирок алар акырын:

— Өзүнөн сурагыла. Ал кемелине келип калды. Өзү үчүн өзү жооп бериши керек,— дешет.

Фарисейлер кайрадан тиги кишини чакыртышат. Бул жолкусунда алар Ыйсага каршы көптөгөн далилдер бар дегенчелик кылып, ал кишини коркутканга аракет кылышат:

— Кудайга даңк айт; биз бул адамдын күнөөкөр экенин билебиз.

— Ал күнөөкөрбү, мен билбейм,— дейт киши алардын айыптоолорун четке какпастан.— Бирок бир нерсени билем: мурун сокур болчумун, азыр болсо көрүп калдым,— деп кошумчалайт.

Кыйкым тапканга аракет кылышып, фарисейлер кайрадан андан:

— Ал сага эмне кылды? Көздөрүңдү кантип ачты? — деп сурашат.

— Мен силерге жана эле айткам, бирок укпай койгонсуңар. Эмне үчүн муну кайрадан уккуңар келип атат? — деп нааразы боло жооп берет тиги киши, анан аларды какшыктап: — Же силер да анын шакирттери болоюн деп жатасыңарбы? — деп суроо берет.

— Өзүң ошонун шакиртисиң,— деп фарисейлер арданат,— а биз Мусанын шакирттерибиз. Муса менен Кудай сүйлөшкөнүн биз билебиз, ал эми бул адамдын каяктан келгенин билбейбиз.

— Анын каяктан экенин билбегениңер таң калыштуу, ал болсо менин көздөрүмдү ачты,— деп таң кала жооп берет момун кайырчы. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Кайырчы бардыгына белгилүү болгон төгүндөлгүс чындыкты келтирет:

— Күнөөкөрлөрдү Кудай укпаарын билебиз, бирок ким Кудайдан корксо жана анын эркин аткарса, ал аны угат. Кимдир бирөө тубаса сокурдун көздөрүн ачканын буга чейин дегеле угуп көргөн эмеспиз,— эми жыйынтыгы айкын болду: — Эгерде бул адам Кудайдан эмес болсо, анда эч нерсе кыла албайт болчу.

Мындай логикага фарисейлер ым дей албай калышат, бирок макул да эмес. Ошондуктан алар кишини тилдеп киришет: «Сен бүт бойдон күнөөлүү болуп туулгансың, анан бизди үйрөткүң барбы?» Ушундан кийин аны кууп жиберишет, сыягы, синагогадан да чыгарышат.

Ыйса бул тууралуу уккандан кийин, ал кишини таап:

— Адам Уулуна ишенесиңби? — дейт.

— Мырза, мен ага ишене тургандай, ал ким? — дейт көзү айыккан кайырчы.

— Ал сени менен сүйлөшүп турат.

— Ишенем, Эге,— деп киши дароо жооп берет да, Ыйсанын алдына чөгөлөйт.

Андан кийин Ыйса: «Көзү көрбөгөндөр көрүп, көргөндөр сокур болуп калышына өкүм чыгаруу үчүн мен бул дүйнөгө келгем»,— дейт.

Муну уккандан кийин фарисейлер: «Анда биз да сокурбузбу?» — деп сурашат. Эгерде алар рухий жактан сокур экенин моюнга алышса, анда алардын Ыйсаны кабыл алуудан баш тартканын кечирүүгө болмок. Ошондуктан Ыйса: «Эгерде силер сокур болсоңор, анда күнөөсүз болмоксуңар»,— деп жооп берет. Бирок тигилер кежирленип, сокур эмеспиз жана рухий жактан агартылуунун бизге кереги жок деп билдиришет. Андыктан Ыйса: «Силер: „Биз көрүп турабыз“,— деп жатасыңар. Күнөөңөр өзүңөрдө кала берет»,— деп сөзүн аяктайт. Иоанн 9:19—41.

▪ Эмне үчүн көзү ачылган адамдын ата-энеси фарисейлерге коркуп барат жана алардын кылдат мамиле кылгандары эмнеден байкалып турат?

▪ Фарисейлер көзү ачылган кишини коркутууга кандайча аракет кылышат?

▪ Кишинин логикага жаткан кайсы далилдери фарисейлерди кыжырлантат?

▪ Эмне үчүн фарисейлердин Ыйсаны кабыл алуудан баш тартканын кечирүү мүмкүн эмес?