Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

84-бөлүм

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

ЫЙСА, кыязы, Синедриондун мүчөсү болгон атактуу фарисейдин үйүнөн чыгып, Иерусалимге карай жолун улантат. Аны көп адамдар ээрчип алган. Ыйсаны ээрчигенге аларга эмне түрткү берди болду экен? Деги эле, Ыйсанын чыныгы жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

Жолдо баратып Ыйса элге кайрылып: «Эгерде кимде-ким мага келип, бирок атасын, энесин, аялын, балдарын, ага-инилерин жана эже-карындаштарын, атүгүл өз жанын жек көрбөсө, анда ал менин шакиртим боло албайт»,— дейт. Сыягы, анын сөздөрү элди абдан таң калтырат.

Ыйса муну менен эмне айткысы келген? Ал өзүнүн жолдоочуларына бир туугандарын түз мааниде жек көргүлө деген эмес. «Жек көргүлө» деген сөз окуучулары бир туугандарын Ыйсадан да артык сүйбөшү керектигин түшүндүрүү үчүн колдонулган. Мисалы, Ыйсанын чоң аталарынан болгон Жакыптын Лияны «жек көрүп», Рахилди сүйгөндүгү тууралуу айтылат, бул болсо Жакып Лияны анын сиңдиси Рахилге караганда азыраак сүйгөндүгүн билдирет.

Ошондой эле, Ыйсанын сөзү боюнча, анын окуучусу «өз жанын» да жек көрүшү керек дегенге көңүл буруп көрсөң. Муну айтуу менен Ыйса чыныгы окуучу аны өзүнүн жанынан да артык сүйүшү керек экенин көрсөткүсү келип жатат. Ошентип, Ыйса анын шакирти болуу чоң жоопкерчилик экенин баса көрсөтүүдө. Мындай кадамды жасоонун алдында терең ойлонуу абдан зарыл.

Ыйсанын окуучусу болуу деген кыйынчылыктарга жана куугунтуктоолорго чыдоо дегенди билдирет. Муну Ыйсанын төмөндөгү сөздөрүнөн байкасак болот: «Ким өзүнүн кыйноо мамысын көтөрбөсө жана мени ээрчибесе, менин шакиртим боло албайт». Демек, Ыйса кандай кордолуп, кандай азап тартса, чыныгы окуучу да ошондой кыйынчылыктарга даяр болушу керек, атүгүл зарыл болгон учурда — жакында Ыйсанын өмүрү кыйыла тургандай — Кудайдын душмандарынын колунан өлгөнгө чейин даяр болуш керек.

Ошондуктан Ыйсаны ээрчип бараткандар анын окуучусу болуу эмнени билдирери жөнүндө аябай жакшылап ойлонушу керек. Ыйса мунун зарылдыгын көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен түшүндүрөт. Ал: «Мисалы, араңардан кимиңер мунара кургусу келсе, аны куруп бүтүүгө каражатынын жетер-жетпесин аныктоо үчүн, адегенде отуруп алып чыгашаларды эсептеп чыкпайт? Антпесе, пайдубалын салып коюп, бирок аягына чыгалбай калса, байкап жүргөндөрдүн баары: „Бул киши баштаарын баштап, бирок бүтүрө алган жок“,— деп шылдыңдашат»,— дейт.

Мына ушундайча, Ыйса аны ээрчип келаткан адамдарга анын окуучусу болууну каалагандар, мунара курууну чечкен киши адегенде каражатынын жетер-жетпесин текшерип чыкканга окшоп, окуучулукка байланыштуу бардык нерселерди аткара алышына бекем ишенгендей болушу керек экенин түшүндүрүп берди. Андан кийин ал дагы бир көрсөтмөлүү мисал келтирет:

«Же кайсы падыша башка бир падышага каршы согушууга аттанып жатып, аны көздөй келаткан жыйырма миң аскерге өзүнүн он миң аскери менен туруштук берүүгө күчү жетер-жетпесин аныкташ үчүн, адегенде отуруп алып кеңешпейт? Эгер чынында эле күчү жетпей турган болсо, анда тиги али алыста экенинде өкүлдөрүн жибере коюп тынчтык тууралуу өтүнөт».

Ыйса бул көрсөтмөлүү мисалдардын негизги ойлорун баса белгилеп мындай дейт: «Ошентип, араңардан ким болбосун колунда болгон нерселеринин баарынан ажырабаса, менин шакиртим боло албай турганына толук ишенгиле». Буга Ыйсаны ээрчип бараткан адамдар да жана ал жөнүндө чындыкты уккандар да даяр болууга тийиш. Эгерде адам Ыйсанын окуучуларынын катарына кошулса, ал колунда болгондун бардыгын — бардык мүлкүн, атүгүл өз өмүрүн да — курмандыкка берүүгө даяр болушу керек. Сен ушуга даярсыңбы?

«Туз, албетте, жакшы нерсе»,— деп сөзүн улайт Ыйса. Ал Тоодогу насаатында окуучуларын «жердин тузу» деп айткан, башкача айтканда, туз бир нерсени бузулуп кетүүдөн сактоо үчүн колдонулуучу зат болгондой эле, шакирттер да адамдарга алар сакталып калгыдай таасир тийгизе алышат. «Бирок туз күчүн жоготсо, аны даамына кантип келтиресиң? Ал топуракка да, жер семирткичке да жарабай калат,— дейт Ыйса сөзүнүн аягында.— Аны адамдар ыргытып салышат. Кимдин уга турган кулагы болсо, уксун».

Бир нече убакыттан бери Ыйсанын окуучусу болуп келаткандар да аягына чейин туруктуулугун сактоого болгон чечкиндүүлүгүнөн жазбашы керек экенин Ыйса мына ушундайча көрсөттү. Антпесе алар пайдасыз болуп калышат: бул дүйнөдөгүлөргө шылдың болуп, Кудайдын көз алдында жараксыз болуп калышат, ооба, Кудайга уят болушат. Күчүн жоготкон жана эч нерсеге жарабай калган туздай болуп, алар сыртка ыргытылат же жок кылынат. Лука 14:25—35; 1 Муса 29:30—33; Матфей 5:13.

▪ Бир туугандарын жана өзүн «жек көрүү» дегенди кандайча түшүнсө болот?

▪ Ыйса кандай эки көрсөтмөлүү мисал келтирет жана алардын мааниси эмнени билдирет?

▪ Ыйсанын туз тууралуу айткан акыркы сөздөрүнүн негизги мааниси эмнеде?