Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсадан орозо тууралуу сурашат

Ыйсадан орозо тууралуу сурашат

28-бөлүм

Ыйсадан орозо тууралуу сурашат

ЫЙСА 30-жылы Пасах майрамын белгилегенден бери бир жылдай өтүп кетти. Чөмүлдүрүүчү Иоанндын камакта жатканына бир нече айдын жүзү болду. Ал өз окуучуларынын Ыйсаны жолдошун каалаган, бирок окуучуларынын баары эле Ыйсаны жолдоп кеткен жок.

Алардын айрымдары Ыйсага келип: «Эмне үчүн биз жана фарисейлер орозо кармап атсак, сенин окуучуларың кармабайт?» — деп суроо беришет. Фарисейлер орозону диний салт катары жумасына эки жолу тутушчу. Кыязы, ошондой салтты Иоанндын окуучулары да кармашкан. Алардын орозо кармагандыгынын дагы бир себеби Иоанндын камакка алынгандыгына капалангандыктан болуш керек. Ошондуктан Иоанндын окуучулары Ыйсанын окуучуларынын аларга кошулуп кайгырбагандыктары үчүн таң калууда.

«Азырынча күйөө турганда анын досторунун кайгырышына эч себеп жок, чынбы? Бирок күйөө алардан алына турган күндөр келет, орозону ошондо кармашат» — деп жооп берет Ыйса аларга.

Иоанндын өзү Ыйсаны Күйөө деп атагандыгын окуучулары билиши керек эле. Андыктан Иоанн да, ошондой эле Ыйсанын окуучулары да Ыйса азырынча алардын жанында турганда орозо кармашса туура эмес болуп калмак. Кийинчерээк, Ыйса өлгөндө, окуучулары кайгы тартып орозо кармашат. Бирок Ыйса тирилтилип, асманга алынгандан кийин, капаланууга да, орозо кармоого да себеп жок болот.

Андан кийин Ыйса сөзүн көрсөтмөлүү мисалдар менен түшүндүрөт: «Эч ким эскирген сырткы кийимине жаңы кездемеден жамаачы салбайт, анткени ал катуу күч менен сырткы кийимден жулунганда, жыртыгы мурункудан да жаман болот. Ошондой эле жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт, эгерде куйса, чаначтар айрылат да, шарап төгүлөт, а чаначтар болсо жараксыз болуп калат. Бирок жаңы шарапты жаңы чаначтарга куят». Бул мисалдардын орозо менен кандай байланышы бар?

Ыйса өзүнүн жолдоочуларынан байыркы иудаизмдин үрп-адаттарын, мисалы, орозону, кармашын күтпөө керек экенин Чөмүлдүрүүчү Иоанндын окуучуларына түшүндүргүсү келген. Ошондой эле Ыйса өзүнүн ролун аткарып бүтүп, кыйроо алдында турган сыйынуунун эски түзүлүшүнүн «жашоосун» «жамаачы салып» узартуу үчүн келген эмес. Ыйсанын жолдоочулары адамдык салттардан келип чыккан ал убактагы иудаизм менен аралашпашы жана эски кийимге салынган жамаачыдай же эски чаначтагы жаңы шараптай болуп калбашы керек эле. Матфей 9:14—17; Марк 2:18—22; Лука 5:33—39; Иоанн 3:27—29.

▪ Орозону кимдер кармашкан жана эмне себептен?

▪ Ыйса азырынча жерде жүргөндө, окуучулары эмне үчүн орозо кармашпайт жана кийинчерээк орозо кармоонун себеби кандайча жок болот?

▪ Ыйса кайсы көрсөтмөлүү мисалдарды келтирет жана аны менен эмне айткысы келген?