Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын Иерихондо окутушу

Ыйсанын Иерихондо окутушу

99-бөлүм

Ыйсанын Иерихондо окутушу

АРАДАН көп өтпөй Ыйса жана аны менен бирге бараткандар Иерихонго, Иерусалимден бери бир күндүк жолдо жайгашкан шаарга, келип токтошот. Иерихон, сыягы, эки бөлүктөн турган шаар: иудейлердин эски шаары римдиктердин жаңы шаарынан болжол менен бир жарым чакырым алыстыкта жайгашкан. Калың эл эски шаардан чыгып, жаңысына жакындап калганда, алардын дабышына эки сокур кайырчынын көңүлү бурулат. Сокурлардын биринин аты — Вартимей.

Вартимей менен берки жолдошу өтүп бараткандардын арасында Ыйса да бар экенин угар замат катуу кыйкыра башташат: «Эге, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!» Адамдар аларды тыйганга аракет кылышат, бирок алаур: «Эге, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!» — деп ого бетер катуу кыйкырышат.

Ыйса кыйкырыктарды угуп токтойт да, жанындагылардан кыйкырып жаткандарды алып келүүнү өтүнөт. Жиберилген адамдар сокур кайырчыларга барып, алардын бирине: «Тартынба, өйдө тур, ал сени чакырып атат»,— дейт. Катуу толкунданган сокур үстүндөгү чапанын силкип салат да, ордунан туруп, Ыйсага барат.

— Менин силерге эмне кылышымды каалайсыңар? — деп сурайт Ыйса.

— Эге, көздөрүбүз ачылсынчы,— дешет сокурлар.

Ыйсанын боору ооруп алардын көздөрүнө колун тийгизет. Марктын жазганына караганда, Ыйса алардын бирине: «Бар, сени ишенимиң сакайтты»,— дейт. Сокур кайырчылардын көздөрү ошо замат ачылат жана албетте, Кудайды даңктап киришет. Болуп өткөндөрдү көрүп, эл да Кудайды даңктайт. Вартимей менен анын жолдошу ошо замат Ыйсаны ээрчип жөнөйт.

Ыйса Иерихон аркылуу өтүп баратканда, көп адамдар чогулат. Алардын ар биринин көрөйүн дегени эле — сокурларды айыктырган киши. Эл Ыйсаны бардык жагынан курчап алгандыктан, айрым адамдарга аны көрүү абдан кыйын эле. Алардын бири — Закхей. Ал Иерихондогу жана андагы аймактардагы салык жыйноочулардын башкаруучусу. Закхей кичине бойлуу болгондуктан, болуп жаткандарды көрүү ага оңойго турбайт.

Ошондуктан ал алдыга чуркап барып, Ыйса өтө турган жолдун боюндагы бакка чыгат. Бактын башынан ага баары алаканга салгандай көрүнөт. Адамдар бактын жанына келгенде, Ыйса: «Закхей, тезирээк түш, анткени мен бүгүн сенин үйүңө токтошум керек»,— деп чакырат. Закхей бактан түшөт да, мындай өзгөчө конокту тосконго бардыгын даярдаш үчүн, кубанган бойдон үйүнө жөнөйт.

Бирок мунун баарын байкап турган адамдар наалып киришет. Алардын ою боюнча, Ыйса мындай адамдын үйүнө барбашы керек эле. Анткени Закхей — салык жыйноодо элден опузалап алган акчанын аркасы менен байыган адам.

Ыйсаны көп адамдар ээрчип алышкан. Ыйса Закхейдикине киргенде, алар: «Ал күнөөлүү адамдын үйүнө токтогону кирди»,— деп нааразы болушат. Бирок Закхейдин өкүнөрүнө Ыйсанын көзү жетип турат. Ооба, Ыйса ойлогондой болду. Анткени Закхей ордунан туруп: «Мына, мал-мүлкүмдүн жарымын, Эге, жакырларга таратып берем, ал эми кимдир бирөөнүн бирдемесин жалган айыптар менен доолап алган болсом, аларга төрт эселеп кайтарып берейин»,— деп жарыялайт.

Закхей чын ыкласы менен өкүнгөндүгүн мүлкүнүн жарымын жакырларга, ал эми жарымын мурун алдап алган адамдарына ордун тургузуу үчүн таратып бере турганы менен далилдеп жатат. Кыязы, анда чогултулган салыктардын тизмеси бар, демек, ал алдап алган адамдарына канча беришти эсептей алат. Закхей бардыгын төрт эсе кылып төлөп бергенге сөз берди. Анткени, Кудайдын мыйзамында айтылгандай, ким бирөөнүн коюн уурдап алса, ал үчүн төрт кой төлөп бериши керек.

Закхейдин өз мүлкүнө байланыштуу берген убадасына Ыйса ыраазы болот. Бул анын төмөндөгү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди, себеби бул адам да Ибрайымдын уулу. Анткени адам Уулу жоголгонду издөөгө жана куткарууга келген».

Жакында эле Ыйса адашкан уул жөнүндөгү аңгемесинде «жоголгондордун» абалын сүрөттөп берген болчу. Эми болсо бизде адам кандайча жоголуп, кайра табылгандыгын көрсөтүп турган турмуштан алынган мисал бар. Закхейдей болгон адамдарга көңүл бургандыгы үчүн, Ыйсага диний жетекчилер менен алардын жактоочулары нааразы болуп наалышса да, Ыйса Ибрайымдын жоголгон уулдарын издеп, аларды туура жолго багыттаганын улантып жатат. Матфей 20:29—34; Марк 10:46—52; Лука 18:35—19:10; 2 Муса 22:1.

▪ Ыйса сокур кайырчыларды, сыягы, каяктан жолуктурат жана аларга эмне кылат?

▪ Закхей деген ким жана ал эмне үчүн бакка чыгат?

▪ Закхей өкүнгөнүн кандайча далилдейт?

▪ Ыйсанын Закхейге кылган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот?