Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын Иерусалимге жашыруун барышы

Ыйсанын Иерусалимге жашыруун барышы

65-бөлүм

Ыйсанын Иерусалимге жашыруун барышы

ОТУЗ ЭКИНЧИ жылдын күз мезгили. Алачыктар майрамы жакындап калды. 31-жылдын Пасах майрамында иудейлер Ыйсаны өлтүргөнгө аракет кылышкандан кийин, ал көбүнчө Галилеяда кызмат кылууну чечкен. Ошондон бери Ыйса Иерусалимге иудейлердин жылына болуучу үч майрамына эле барган окшойт.

Азыр болсо Ыйсанын инилери андан: «Бул жерден чыгып, Иудеяга бар»,— деп талап кылышат. Иерусалим — Иудеянын баш калаасы жана өлкөнүн диний борбору. Инилеринин ою боюнча: «Эч ким, атактуу болууга умтулуп жатып, бир нерсени жашыруун кылбайт».

Жакып, Симон, Иосий жана Жүйүттөр агасы Ыйсанын Мессия экенине ишенишпегени менен, анын майрамга барып, ал жакка келгендердин баарына өзүнүн керемет күчүн көргөзүшүн каалашат. Бирок Ыйса мунун кооптуу экенин билет. «Силерди дүйнө жек көргүдөй эч себеп жок,— дейт ал,— а мени жек көрөт, анткени мен анын иштери жаман экенин күбөлөндүрүп жатам». Андан кийин Ыйса инилерине: «Силер майрамга бара бергиле, а мен азырынча бул майрамга барбайм»,— деп айтат.

Алачыктар майрамы жети күнгө созулат. Ал эми сегизинчи күнү майрамдын соңку шаан-шөкөттөрү өткөрүлөт. Жерди иштетүү жылынын аякташын белгилеген бул майрам өзгөчө кубанычты жана ыраазычылыкты көрсөтө турган убак болуп саналат. Инилери топ элге кошулуп жолго чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин, Ыйса окуучулары менен майрамга жашыруун жөнөйт. Элдин көбү Иерусалимге Иорданды бойлоп барышса, Ыйса башка жол менен — Самария аркылуу — барат.

Ыйса окуучулары менен Самариядагы айылга токтош керек болгондуктан, ал зарыл нерселерди даярдап туруу үчүн алдыга кабарчыларды жиберет. Бирок самариялыктар Ыйсанын Иерусалимге баратканын билишкенде аны кабыл алуудан баш тартышат. Ошондо Жакып менен Иоанн ачууланып: «Эге, асмандан от түшүп, аларды жок кылсын деп айтышыбызды каалайсыңбы?» — дешет. Бирок Ыйса аларды тыйып коёт жана башка айылга карай бет алышат.

Жолдо баратышканда Ыйсага бир китепчи кайрылып: «Устат, сен кайда барбагының, мен сени ээрчийм»,— дейт.

Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн — ийиндери, асмандагы куштардын түнөгү бар, ал эми адам Уулунун баш калкалаар жери жок»,— деп жооп берет. Бул сөздөрү менен Ыйса китепчиге эгер ал шакирт боло турган болсо, анда ар кандай кыйынчылыктар менен кагылыша тургандыгын түшүндүрүп жатат. Бирок китепчи өтө эле текебер болгон окшойт, ошондуктан мындайга баруу ал үчүн кыйын.

Дагы башка бир кишиге Ыйса: «Мени ээрчи»,— дейт. Тиги болсо: «Адегенде барып атамдын сөөгүн коюп келүүгө уруксат бер»,— деп жооп берет.

«Өлүктөрүнүн сөөгүн өлүктөр койсун,— дейт Ыйса,— сен болсо барып, бардык жерде Кудайдын падышалыгын кабарла». Бул кишинин атасы азырынча тирүү эле болсо керек, эгер өлгөн болсо, баласы бул жерде Ыйсанын айткандарын угуп отурбайт болчу. Сыягы, ал атасы өлгөнгө чейин күтө турайын деп уруксат сураса керек. Демек, Кудайдын Падышалыгын жашоосунда биринчи орунга коюуга ал даяр эмес.

Ыйса окуучулары менен Иерусалимге кетип баратканда, ага дагы бир киши: «Мен сени ээрчийм, Эге, бирок адегенде үйүмдөгүлөр менен коштошуп келгенге уруксат бер»,— деп кайрылат.

Ыйса ага жооп кылып: «Соко айдап баратып, артында калган нерселерге бурулуп карай берген эч бир адам Кудайдын падышалыгына жарабайт»,— дейт. Ыйсанын окуучусу болгусу келген адам Падышалыктын ишинен көзүн албашы керек. Эгерде сокочу алдын түз карабаса, салган борозу кыйшык болуп калат. Ушу сыяктуу эле, ким артка, бул эски түзүлүшкө, кылчактай берсе, түбөлүк өмүргө алып баруучу жолдон оңой эле тайып кетиши мүмкүн. Иоанн 7:2—10; Лука 9:51—62; Матфей 8:19—22.

▪ Ыйсанын инилери кимдер жана алар Ыйса тууралуу кандай ойдо?

▪ Самариялыктар Ыйсага эмне үчүн орой мамиле кылышат жана Жакып менен Иоанн эмне кылууну каалашат?

▪ Жолдо баратканда Ыйса үч жолу эмне тууралуу аңгемелешет жана кызмат кылууда өз кызыкчылыгынан баш тартуу зарыл экенин ал кандайча баса белгилейт?