Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кирип келиши

Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кирип келиши

102-бөлүм

Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кирип келиши

ЭРТЕСИ күнү эртең менен, жекшембиде, 9-нисанда, Ыйса окуучулары менен Вифаниядан Иерусалимге Зайтун тоосу аркылуу жөнөйт. Алар Зайтун тоосунда жайгашкан Виффагияга тез эле жетип келишет. Анан Ыйса эки окуучусуна буйрук кылып:

«Алдыңардагы кыштакка баргыла, барар замат ал жерден жанында кодиги бар байланып турган ургаачы эшекти табасыңар; аларды чечип, мага алып келгиле. Эгерде силерге бирөө бирдеме десе: „Булар Эгеге керек“,— деп айткыла. Ошондо ал ошо замат аларды жиберет»,— дейт.

Адегенде окуучулары Ыйсанын буйругу пайгамбарлыктын аткарылышы менен байланыштуу экенин түшүнө беришпейт, кийинчерээк гана түшүнүшөт. Захария пайгамбар Кудай убадалаган Падышанын Иерусалимге «жаш эшекке, унаа эшегинин кодигине, минип» келерин алдын ала айткан болчу. Сулайман падыша да падышалыкка майланууга кодик минип барган.

Ыйсанын окуучулары Виффагиядан эшек менен кодикти алып жатышканда, ал жерде тургандардын айрымдары: «Силер эмне кылып жатасыңар»,— деп сурашат. Бирок алар эшек менен кодиктин Эге үчүн керек экенин угушуп, аларды алып кетүүгө уруксат беришет. Шакирттер чапандарын чечип, эшек менен кодиктин жонуна салышат, бирок Ыйса кодикке минет.

Ыйса Иерусалимге бет алат, ал жерден аны калың эл тосуп чыгат. Чогулган адамдардын көбү жолго өздөрүнүн чапандарын, башкалары болсо терек бутактарын төшөшөт. Анан: «Иегованын атынан Падыша катары келаткан бактылуу! Асманда тынчтык жана көктө даңк!» — деп шаттанышат.

Элдин арасында фарисейлер да бар. Адамдардын шаттанганына кыжырлары кайнагандыктан алар Ыйсадан: «Устат, шакирттериңди тый»,— деп талап кылышат. Бирок ал: «Силерге айтамын: эгерде алар унчукпай калса, анда таштар үн чыгарышат»,— деп жооп берет.

Ыйса Иерусалимге кире берип шаарды карап ыйлай баштайт: «Эгерде сен тынчтыкка эмне алып барарын ушул күнү өзүң баамдай билгениңде... бирок эми бул сенин көздөрүңөн жашырылган». Кежирлик менен баш ийбей жатканы үчүн Иерусалимди өч алуу күнү күтүп турат, ал тууралуу Ыйса алдын ала мындай дейт:

«Душмандарың [генерал Титтин жетекчилиги алдындагы римдиктер], айланаңа учтуу устундар менен коргон куруп, сени курчайт жана ар тарабыңан кысымга алат, ошондой эле өзүңдү жана сендеги балдарыңды жер менен жексен кылып, таш-талканыңды чыгарат». Ыйсанын Иерусалимдин талкаланышы жөнүндө айткан бул пайгамбарлыгы 37 жылдан кийин, тактап айтканда, 70-жылы аткарылат.

Тосуп чыккан адамдардын көбү бир нече эле жума мурун Ыйсанын Лазарды кандайча тирилткенин көрүшкөн болчу. Азыр болсо ошол адамдар ал керемет тууралуу башкаларга айтып жүрүшөт. Ошондуктан Ыйса Иерусалимге кирип келгенде, шаар ичи бүт толкуп турган. Адамдар: «Бул ким?» — деп билгиси келишет. Эл болсо: «Бул — Галилеядагы Назареттен чыккан Ыйса пайгамбар!» — деп жооп кайтарат. Булардын баарын байкап турган фарисейлер эчтеке кылалбай жатышканына катуу кыжырланышат, анткени «дүйнө анын артынан ээрчип бараткан» эле.

Ыйса Иерусалимге келгенде, адаттагысындай, окутуу үчүн ийбадатканага барат. Ал жерге сокурлар, аксактар келишет. Ыйса алардын баарын айыктырат! Диний жетекчилер менен китепчилер Ыйсанын жасап жаткан кереметтерин көрүшүп жана жаш балдардын ийбадатканада: «Тиленебиз, Дөөттүн Уулун сактай көр!» — деп үндөрүн катуу чыгарып айтып жатышканын угушуп, ачуулары келет. «Мобулардын эмне деп атканын угуп жатасыңбы?» — деп сурашат алар.

«Ооба,— дейт Ыйса.— Силер: „Наристелердин жана эмчектеги балдардын оозу менен мактадың“ — дегенди эч качан окуган жок белеңер?»

Ыйса адамдарды окутуу менен бирге ийбадаткананын ичиндегилердин баарын карап чыгат. Аңгыча кеч да кирет. Ошондуктан ал он эки расулу менен бирге кайрадан Вифанияга жөнөйт. Жекшембиден дүйшөмбү күнгө караган түндү Ыйса, сыягы, досу Лазардын үйүндө өткөрөт. Матфей 21:1—11, 14—17; Марк 11:1—11; Лука 19:29—44; Иоанн 12:12—19; Захария 9:9.

▪ Качан жана кантип Ыйса Иерусалимге Падыша катары кирип келет?

▪ Элдин Ыйсаны даңктап жатканы канчалык маанилүү?

▪ Ыйса Иерусалимди карап эмнени сезет жана ал кайсы пайгамбарлыкты айтат?

▪ Ыйса ийбадатканага баратканда эмне болот?