Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын азгырыктарга каршы турганынан сабак алуу

Ыйсанын азгырыктарга каршы турганынан сабак алуу

13-бөлүм

Ыйсанын азгырыктарга каршы турганынан сабак алуу

ЫЙСА чөмүлтүлөрү менен, Кудайдын руху аны Иудеянын чөлүнө алып барды. Эми Ыйсага көп нерселер жөнүндө ойлонуу керек, анткени чөмүлтүлүп жатканда ага «асман ачылып», ошондон улам асманга байланыштуу нерселерди жакшы түшүнө баштайт. Ооба, чындыгында, ойлоно турган нерселери көп!

Ыйса чөлдө 40 күн, 40 түн болот жана ошончо убакыт бою оозуна бир да даам албайт. Акырында Ыйса аябай ачка болгонун сезет. Ушул учурдан пайдаланып, Ибилис аны азгыра баштайт. Ал: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, бу ташка нанга айланышына буйрук берчи»,— деди. Бирок Ыйса керемет көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуу туура эмес экенин билгендиктен, Ибилистин азгырыгын четке кагат.

Бирок Шайтан ушуну менен эле тим болбой, башка ыкмага өттү. Эми ал, Кудайдын периштелери сактап каларын айтып, Ыйсаны ийбадаткананын дубалынан боюн таштоого чакырды. Ыйса болсо мындай оюн-зоок көрсөтүүдөн баш тартат. Тескерисинче, ал Жазмаларга таянуу менен Кудайды мындайча сыноо туура эмес экенин көрсөтөт.

Үчүнчү азгырыгында Ибилис Ыйсага дүйнөнүн бардык падышалыктарын керемет жолу менен көрсөтөт да: «Эгерде чөгөлөп, мага табынсаң, мунун баарын сага берем»,— дейт. Бирок Ыйса Кудайга берилген бойдон калууну каалап, бул жолу да азгырыкка алдырбады.

Ыйсанын мындай азгырыктарга кабылгандыгынан көп нерселерге үйрөнө аларыбыз шексиз. Мисалы, бул окуялар, көп адамдар ойлоп келгендей, Ибилис адамдарда болуучу жөн эле жамандык эмес, а көзгө көрүнбөгөн анык бар жаратуу экенине айкын далил боло алат. Мындан тышкары, Ыйса дуушар болгон үчүнчү азгырыктан жер бетиндеги бардык бийликтер чынында эле Ибилистин кол алдында экени ачык көрүнүп турат, болбосо Шайтандын «дүйнөнүн бардык падышалыктарын» сунуш кылганы Ыйсага кандайча азгырык болуп саналмак эле?

Ошондой эле Ибилистин, эгерде Ыйса бир эле жолу табынып койсо, ага сыйлык тартуулоону, атүгүл дүйнөнүн бардык падышалыктарын берүүнү убада кылганы жөнүндө да ойлонуу зарыл. Анткени ушундай эле ыкманы Ибилис бизди азгырыш үчүн да колдонушу толук ыктымал. Мисалы, ал бизге дүйнө байлыгына, бийликке же жогорку кызмат абалына ээ болуунун азгырма жолдорун көрсөтүшү мүмкүн. Бирок, азгырыктын кайсы гана түрү болбосун, Ыйсанын үлгүсү боюнча иш кылып, Кудайга берилген бойдон калуу кандай гана акылдуулук болот! Матфей 3:16; 4:1—11; Марк 1:12, 13; Лука 4:1—13.

▪ Ыйса 40 күн чөлдө жүргөндө, кыязы, эмнелер жөнүндө ойлонот?

▪ Ыйсаны азгырыш үчүн Ибилис кандай ыкмаларды колдонду?

▪ Ыйса туш болгон азгырыктардан эмнелерге үйрөнө алабыз?