Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын акыркы келүүлөрү жана 33-жылдагы Эгин оруп-жыйноо майрамы

Ыйсанын акыркы келүүлөрү жана 33-жылдагы Эгин оруп-жыйноо майрамы

131-бөлүм

Ыйсанын акыркы келүүлөрү жана 33-жылдагы Эгин оруп-жыйноо майрамы

БИР күнү Ыйса он бир расулу менен Галилеянын тоосунан жолугат. Ал жолугушуу тууралуу башка окуучуларга да айтылса керек, анткени ал жерге 500дөн ашуун адам чогулат. Ыйсанын келип, окута баштаганын көрүшкөндө алардын баары кандай гана кубанышкан!

Чогулган окуучуларын окутуп жатканда, Ыйса Кудай ага асмандагы жана жердеги бардык бийликти бергенин айтат. «Ошондуктан баргыла, бардык элдерден окуучуларды даярдагыла, аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атына чөмүлдүрүп, силерге буюрганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деп чакырат.

Элестетсең! Окуучуларды даярдоо иши баарына: эркектерге, аялдарга, атүгүл балдарга тапшырылат. Душмандар алардын кабар айтуу жана элдерди окутуу ишин токтотууга аракет кылышмак, бирок Ыйса аларды: «Мына, ушул түзүлүштүн акырына чейин ар күнү мен силер менен болом»,— деп жубатат. Ыйса, окуучуларынын ошол кызматты аткарышына жардам бериш үчүн, ыйык рух аркылуу алар менен чогуу болот.

Ыйса тирилгенден кийин 40 күнгө чейин окуучуларына келип турат. Аларды Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкка үйрөткөн жана аларга, анын окуучулары болушкандыктан, кандай милдеттер артыларын баса көрсөткөн. Буга чейин ага ишенбеген энелеш иниси Жакыпка да келип, өзүнүн чынында эле Машайык экенине ишендирет.

Расулдар дагы эле Галилеяда жүрүшкөндүктөн, Ыйса аларга Иерусалимге кайтып барууну буюрат шекилдүү. Ошол жактан жолугуп, аларга: «Иерусалимден кетпей, Атамдын мен силерге айткан убадасын күткүлө, анткени Иоанн сууга чөмүлдүргөн, силер болсо бир нече күндөн кийин ыйык рухка чөмүлтүлөсүңөр»,— дейт.

Арадан бир аз убакыт өткөн соң, Ыйса окуучулары менен кайрадан жолугат. Ал аларды шаардан Зайтун тоосунун боорунда жайгашкан Вифания кыштагына алып барат. Ыйса жакын арада асманга кетерин расулдарына нечен ирет айткан эле. Ошого карабастан, алардын Ыйсанын Падышалыгы жерге орнотулат деп алигиче ойлошкону таң калтырат. «Эге, Израилге падышалыкты ушул убакта кайра орнотпойсуңбу?» — деп алардын сурашынын себеби ошо.

Окуучуларынын натуура түшүнүгүн кайра оңдоого аракеттенбестен, Ыйса тек гана: «Атабыз өз бийлиги менен белгилеп койгон убакыттар менен мөөнөттөрдү билүүнүн силерге зарылдыгы жок»,— деп жооп берет. Анан: «Силерге ыйык рух түшкөндө күч аласыңар да, Иерусалимде, бүткүл Иудеяда жана Самарияда, ошондой эле жердин булуң-бурчуна чейин мага күбө болосуңар» — деп, алардын кайсы ишти аткарууга тийиш экенин кайрадан баса көрсөтөт.

Ыйса асманга көтөрүлө баштаганда, расулдары аны дагы эле карап турушкан, анан аны булут жаап, көрүнбөй калат. Ыйса адамдык денесин таштап, рухий жаратуу катары асманга кетет. Расулдар болсо асманды тигиле карап турушканда, алардын жанында ак кийимчен эки эркек пайда болот. Алар адам денесин кийишкен периштелер эле. «Галилея эркектери, эмнеге асманды карап турасыңар? Силерден асманга алынып кеткен алиги Ыйса, силер көргөндөй, асманга кандайча кетсе, кайра дал ошондойчо келет»,— дейт алар.

Ыйса жаңы эле жерден жалпыга жар салбастан, акырын гана кетти. Муну анын ишенимдүү жолдоочулары гана көрүштү. Демек, ал дал ошентип келет, башкача айтканда, жалпыга жар салбай келет. Анын кайтып келип, падышалык бийлигинде катыша баштаганын ишенимдүү жолдоочулары гана түшүнүшөт.

Расулдар Зайтун тоосунан түшүп, Кедрон өрөөнү аркылуу Иерусалимге кайтып келишет. Ыйсанын буйругун аткарып, алар шаарда калышат. Арадан он күн өткөн соң, иудейлердин Эгин оруп-жыйноо майрамында, Иерусалимде, экинчи кабатта 120дай окуучу чогулуп олтурушканда, күтүлбөгөн жерден үй катуу шамалдын үнүндөй болгон үнгө толот. От тилчелер көрүнүп, ошол жердегилердин ар биринин үстүнө конот. Анан окуучулардын баары ар кыл тилде сүйлөй баштайт. Бул Ыйса убада кылган ыйык рухтун берилиши эле! Матфей 28:16—20; Лука 24:49—52; 1 Коринфтиктер 15:5—7; Расул 1:3—15; 2:1—4.

▪ Галилеядагы тоодон Ыйса акыркы жолу кимдерге тапшырма берет жана ал кандай тапшырма?

▪ Ыйса окуучуларын эмне деп жубатат жана ал кандайча алар менен чогуу болот?

▪ Ыйса тирилгенден кийин окуучуларына канча убакыт бою келет жана аларга эмнелерди үйрөтөт?

▪ Тирилгенден кийин Ыйса мурун өзүнүн окуучусу болбогон кайсы адамга келет?

▪ Акыркы эки жолу Ыйса расулдарына кантип жолугат жана ошондо эмне болот?

▪ Ыйса кандайча кетсе, дал ошондойчо келет дегенди кантип түшүнүүгө болот?

▪ 33-жылы Эгин оруп-жыйноо майрамында эмне болот?