Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын бала чагы

Ыйсанын бала чагы

9-бөлүм

Ыйсанын бала чагы

ЫЙСА өсүп чоңойгон Назарет — анча белгилүү эмес чакан шаар. Ал кооз Изреель өрөөнүнө жакын Галилея деп аталган адырлуу жерде жайгашкан.

Жусуп менен Мариам Египеттен бул жерге келгенде, эки жаштардагы Ыйса Мариамдын жалгыз уулу болчу. Бирок бул көпкө созулган жок, анткени убакыттын өтүшү менен Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт төрөлөт. Андан тышкары, Жусуп менен Мариам кыздардын да ата-энеси болушат. Баш-аягы Ыйсанын, жок эле дегенде, алты бир тууганы болгон.

Ыйсанын дагы башка жакын туугандары да бар. Анын алыскы Иудеяда турган, өзүнөн улуураак келген Иоанн аттуу тууганы жөнүндө билип калдык. Ал эми Иудеяга караганда бир топ жакын жерде, Галилеяда, Саломия жашайт. Сыягы, ал Мариамдын эжеси болгон. Саломия — Зеведейдин аялы. Демек, алардын уулдары Жакып менен Иоанн — Ыйсанын бөлөлөрү. Алар менен Ыйса бала чагында көп убакыт өткөргөн-өткөрбөгөнү бизге белгисиз, бирок кийин ал экөө Ыйсанын жакын кызматташтарынан болушат.

Үй-бүлөсү чоңойгон сайын, аларды камсыз кылуу үчүн, Жусупка көпкө эмгектенүүгө туура келет. Ал жыгач уста болгон жана Ыйсаны өз баласындай көрүп тарбиялагандыктан, эл Ыйсаны «жыгач устанын баласы» деп атачу. Жусуп Ыйсаны да устачылыкка үйрөтөт, Ыйса болсо жакшы уста болуп чыгат. Ошондуктан адамдар кийинчерээк Ыйса тууралуу: «Ал жыгач уста»,— деп да айтышкан.

Жусуптун үй-бүлөсүндө Иегова Кудайга болгон сыйынуу башкы орунду ээлеген. Ал Мариам экөө балдарына «үйдө отурганда да, жолдо бара жатканда да, жатарда да, турганда да» Кудайдын Мыйзамына ылайык насаат айтып, рухий тарбия беришчү. Ошондой эле Назаретте синагога болгон, албетте, ал жакка да Жусуп үй-бүлөсү менен дайыма барып турган. Ал эми Иегованын Иерусалимдеги ийбадатканасына жыл сайын барып туруу аларга баарынан чоң кубаныч алып келчү. Матфей 13:55, 56; 27:56; Марк 15:40; 6:3; 5 Муса 6:6—9.

▪ Ыйсанын баш-аягы канча бир тууганы болгон жана алардын айрымдарынын аттары ким?

▪ Ыйсанын белгилүү болгон жакын туугандарынын үчөөсүн атап бер?

▪ Ыйса кандай өнөргө үйрөнөт жана эмне себептен?

▪ Жусуп үй-бүлөсүнө маанилүү кандай тарбия берет?